Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы

27.12.2016

Нарын областынын Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда мобилизациялык жолугушуулар болуп өттү

2016-жылдын 12-декабрынан 24-декабрына чейин Нарын областынын Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда мектеп тамак-ашынын мамлекеттик программасы, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча программасын турмушка ашыруу; мектеп тамак-ашын өнүктүрүүгө жамааттардын (ата-энелердин, ЖӨБОнун) салымын жогорулатуу, ошондой эле мектеп тамак-ашын өнүктүрүү боюнча пландаштырууга жана аткарууга жамааттардын катышуусу жөнүндө жергиликтүү жамааттардын (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) маалымдар болушун жогорулатуу боюнча мобилизациялык жолугушуулар болуп өттү.

 

Мобилизациялык жолугушуулардын жүрүшүндө:

 

1. Жамааттар мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча программанын жүрүшү жана натыйжалары, пилоттук мектептерде мектеп тамак-ашынын жаңы моделдерин киргизүүнүн оң тажрыйбасы, мектеп тамак-ашын уюштурууга жамааттардын жана ЖӨБОнун катышуусунун тажрыйбасы жөнүндө маалымдар кылынды.

 

2. Мектеп тамак-ашын уюштурууга жамааттардын катышуусунун формалары талкууланды.

 

3. Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун 39 мектебинде мектеп тамак-ашын уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн планы иштелип чыкты жана ар бир мектепте иш-чараларды аткаруунун максаттары, милдеттери, планы, күтүлгөн натыйжалар, ар бир катышуучунун ролу жана жоопкерчилиги, тамак-аштын сапатын контролдоо механизмдерин аткаруу мөөнөттөрү так аныкталды. Мектептерде тамак-аштын сапатын контролдоо механизмдери талкууланды жана кабыл алынды.

 

4. Мектептерде тамак-ашты жакшыртуу үчүн сунуштамалар иштелип чыкты жана ар бир мектеп үчүн мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн кол коюлган планында бекемделди.

 

 

Акыркы жаңылыктар

10.10.2017

Тогузунчу «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясы

7-октябрда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) кызматкерлери, № 94 лицейдин өкүлдөрү жана № 39 гимназия-мектебинин окуучулары "ТазаБИШ" (таза Бишкек) эко-акциясына катышты.   Экологиялык ишембиликти өткөрүү орду бекеринен тандап алынган жок. Ботаникалык бакча – шаардыктардын жана борбордун меймандарынын ...
06.10.2017

«Поэзия кечеси» долбоорунун алкагында жолугушуулардын жаңы сериясы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ борбордун тургундарына жана меймандарына ушунчалык жагып калган «Поэзия кечелерин» уюштурууну жана өткөрүүнү быйылкы жылы улантат.      2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын майына чейин бардык каалагандарды төмөнкүдөй сүйүктүү акындар жана жаш авторлор менен жолугушуулар күтөт:   26-октябрь – Токтосун Самудинов ноябрь - ВячеславШаповаловдун мааракелик кечеси 15-декабрь – ЖеңишкүлӨзүбекова жана ...
06.10.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: 3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда Кайда: Бишкек шаарынын № 2, 8, 68, 13, 40, 42, 44, 47 жана 50 мектептери «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун «Жаш ...
04.10.2017

Күзгү «ТазаБИШ» эко-акциясы

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкектин экологиясына көңүлкош болбогон бардык жарандарды, волонтерлорду жана ыктыярдууларды шаардын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясына катышууга чакырат.   Акция 7-октябрда саат 10:00дө Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн ...
04.10.2017

Мугалим күнү менен!

Урматтуу педагогдор! Мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалим күнү кайрадан эшикти каккылап жатат! Мугалим бардык мезгилдерде аны аздектөө үчүн үлгү, интеллигенттүүлүктүн, бийик адептик сапаттардын үлгүсү болгон. Силердин эмгегиңерге эң бийик талаптар коюлат, ал эми азыркы дүйнөдө силердин ролуңарга баа бербей коюуга болбойт. Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана көрүнөөрүндө турат, ал эми ...
03.10.2017

Р.Отунбаева «РухЭштин» тушоосун кести

2017-жылдын 1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында болуп өткөн “РухЭш” сайтынын жана Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебинин бет ачаарында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева аталган сайттын тушоосун кесип, “РухЭштин “ коомдогу маданий агартуучулук ролуна токтолду, анын ишмердигин карды жарып чыккан эдельвейс гүлүнө салыштырды. ...
28.09.2017

Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.   «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы ...
25.09.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Жайлоо өнүгүү борборлору - 2017» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу

Урматтуу “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” күйөрмандары ошентип 2017-жылында аймактардагы «Жайлооөнүгүү борболорлорунун ишмердүүлүгү аяктады. Бул жылы Республика боюнча токсон сегиз “Жайлоо өнүгүү борборлору” иш алып барды. Жайлоо өнүгүү борборуна камтылган балдардын жалпы саны - 3054. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы балдардын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу максатында “Жайлоо бала бакчалары” долбоору 2014-жылы ишке киргенден бери төрт жылдын ичинде 9000 ден ...
21.09.2017

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз! Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат. Сайттын бир ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»