Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы

16.02.2015

Баткен облусуна ишсапар болуп өттү

Ишсапарга КР ЖК депутаты Орозова Карамат, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түштүк регион боюнча өкүлү С. Айдаров, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Т.Т. Мамырбаева, Эл аралык коомдук фонддун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору А. Жооданбеков, Эл аралык коомдук фонддун адиси Данияр Сүйүндүк уулу катышты.   Ишсапардын жүрүшүндө 5-6-февралда Баткен облусунда Газ айылындагы Газ атындагы орто мектепке жана «Бүчүр» ...
31.01.2015

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Чүй облусунун активи менен жолугушуусу болуп өттү

26-январда Роза Исаковна Отунбаеванын Чүй облусунун Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов райондорунун жана Токмок шаарынын активи менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууга 200дөн ашык адам катышты, төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   1. Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун оң тажрыйбасын презентециялоо менен мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин ...
30.01.2015

Талас облусунун Бакай-Ата районунда мектеп тамак-ашын уюштуруудагы оң тажрыйба

2015-жылдын 19-январынан тартып 23-январына чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте турмушка ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында региондорго – Талас, Жалал-Абад жана Ош ...
27.01.2015

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын Ош шаарына визити болду

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Ош шаарына жумушчу визити болуп өттү.   Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуулар өттү, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мектеп окуучуларынын таза жана сарамжалдуу тамак-ашынын идеяларын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын тармагын өнүктүрүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү;   - 2015-жылдын ...
22.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады

Бүгүн КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады.   Иш сапардын жүрүшүндө көптөгөн жолугушуулар болду, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - сапаттуу мектеп тамак-ашын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камтууну арттыруу;   - Кыргызстан ...
21.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Талас облусунун региондоруна жумушчу визити болуп өттү

Бул иш-чаранын максаты мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча долбоорду турмушка ашыруу менен таанышуу, Мектеп тамак-ашы улуттук программасынын концепциясы жөнүндө маалымдар болууну жакшыртуу болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле ата-энелер, мугалимдер, окуучулар менен жолугушуулар болуп өттү.   Иш сапар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана ...
15.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын региондорго – Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарына иш сапары болот

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте турмушка ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында 2015-жылдын 18-январынан тартып 5-февралына чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын региондорго – Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен ...
20.12.2014

Бишкекте «Төө буурчак жана Ашкабак» темасы боюнча ачык мастер-класс өттү

2014-жылдын 18-декабрында Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду төө буурчактан жана ашкабактан тамак жасоо боюнча биринчи жолу «Төө буурчак жана Ашкабак» темасы боюнча ачык мастер-классты өткөрдү. Мастер-класс БУУнун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен жана Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети жана «Тюбетейка» ресто-клубу менен өнөктөштүктө ...
10.12.2014

«Кыргызстанда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоорунун алкагында «Төө буурчак жана ашкабак» мастер-классы өтөт

Балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мыкты жана туура тамактануу идеясын алга илгерилетүү максатында 2014-жылдын 18-декабрында пайдалуу жана жеткиликтүү азыктардан – ашкабактан жана төө буурчактан тамак жасоо боюнча мастер-класс уюштурулат. Долбоордун катышуучулары өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүнө салым кошкон Кыргызстандын белгилүү аялдары, КР ЖК депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун ...
04.07.2014

Ош жана Нарын облустарындамектеп тамак-ашы саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты жигердештирүү үчүн тренингдер өткөрүлдү

2014-жылдын 21-июнунда Нарын облусунун К.Акназароватындагы мектебинде жана 30-июнунда Ош облусунун Найман айылындагы орто мектепте мектеп тамак-ашы саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты жигердештирүү максатында ата-энелер комитеттиринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мектептердин администрацияларынын, өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү.   Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар региондордун деңгээлинде ...
03.07.2014

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фондусу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым Укуктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу аркылуу тажрыйба алмашуу визити менен тегерек стол өткөрдү

Бул иш -чаранын алкагында « Сузак жана Базар-Коргон райондорунун мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча тажрыйбалары» деген темада пилоттук долбоорго кирген жана долбоорго кирбеген мектептердин иштери менен таанышышты. 1.Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы эч кандай проектиге кирбеген мектептин иши менен таанышуу болду 2. БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын долбооруна кирген Сузак районундагы Таш-Булак ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»