Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Ачык китеп»

12.11.2015

«АБР ар кандай тармактарда»: Кыргыз тили боюнча ачык билим берүү ресурстары

Кымбаттуу достор! Бүгүн биз силерди кыргыз тили боюнча ачык билим берүү ресурстары менен тааныштырабыз.

 

http://www.mamtil.kg

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайты ар кандай класстардын кыргыз тил мугалимдери үчүн колдонмолорду, газеталарды жана башка маалыматты камтыйт.

 

http://edu.gov.kg/электронные-учебники/

КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайты бардык каалагандарга кыргыз тилин үйрөнүү үчүн электрондук китептер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Бетте мектеп адабияты берилген.

 

http://www.mekendeshter.org/columns/

«Мекендештер» форумунун сайтында балдар үчүн, ошондой эле чоң кишилер үчүн окуу китептери, маалымдамалар, сөздүк жана сүйлөшмө жарыяланган.

 

http://tili.kg

Бул сайттан силер кыргыз тилин үйрөнүү боюнча ресурстар менен тааныша аласыңар: онлайн-сөздүк, макалалар, китептер, видео- жана аудиоматериалдар. Сайт ошондой эле кыргыз тилинин онлайн-курсунан өтүүгө мүмкүндүк берет.

 

http://tamgasoft.kg/dict/

Кыргыз тилинин мультитил онлайн-сөздүгү. «Сөздүктөрдүн тизмеси» бөлүмүнөн кыргызча-англисче, кыргызча-түркчө сөздүктөрдү, ошондой эле Юдахиндин жана Асановдун сөздүктөрүн табууга болот.

 

http://www.bizdin.kg/en/books

«Электрондук китепкана» долбоору кыргыз тилиндеги китептердин жеткиликтүүлүгүн арттырууну башкы максат деп эсептейт. Балдар үчүн жомоктор, эпостор, энциклопедиялар – булар сайтта жарыяланган ресурстардын айрымдары гана. Каалагандар сайтка кыргыз тилиндеги материалды жүктөп, өз салымын кошо алат.

 

http://el-sozduk.kg/project/

“Эл-Сөздүк” – кыргыз тилинин ири мультитил онлайн сөздүгү. Долбоордун максаты – котормочуларды ыкчам жана жеңил которуу үчүн кыргыз тилиндеги электрондук сөздүктөр менен камсыз кылуу. Сайт кыргыз тилинин онлайн сөздүгүн, түшүндүрмө сөздүгүн, математикалык терминдердин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүн, кыргызча-орусча-англисче сүйлөшмөнү жана башкаларды камтыйт.

 

http://www.etextlib.ru/Book/Details/53906

“Кыргыз тилин өз алдынча үйрөткүч” китебинин электрондук версиясы, автор Хван Орузбаевден.

 

http://sahifa.tj/russko_kyrgyzskij_razgovornik.aspx

Орусча-кыргызча сүйлөшмөнүн Интернет-порталы. Сүйлөшмө 42 темадан жана 200дөн ашык сүйлөмдөн турат.

 

http://kyrgyzinfo.ru/kyrgyz-tilin-ujronuuchulorgo/kyrgyz-tilin-ujronobuz-izuchaem-kyrgyzskij-yazyk.html

Сайт силердин көңүлүңөргө кыргыз тилинде эбегейсиз көп сандагы макалаларды: жомокторду, аңгемелерди, ырларды жана башкаларды сунуш кылат. Ошондой эле силер кыргыз тилинин эрежелери жөнүндө китептерди таба аласыңар.

 

http://www.bilimkeni.kg/about-us

Бул сайт “Steps to Success” НПОго таандык. Сайтта кыргыз тилиндеги билим берүү ресурстары 700+ видео сабак жайгаштырылган. Сайт Кыргызстандын мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн билим берүүчү портал жана баарлашуу аянтчасы болуп саналат. 

Акыркы жаңылыктар

19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...
19.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучулар үчүн биринчи жолу түзүлүп жаткан альтернативалык онлайн-олимпиада жөнүндө маек курдук. Окуучулар онлайн-олимпиадага ушул жылдын декабрь айынан тарта классына, мектебине карабастан катышып өз күчүн, билимин сыноого болот. Альтернативалык онлайн-олимпиаданын максаты жана ага катышуу жолдору ...
14.11.2019

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү ...
13.11.2019

«Үчтөн кийин кеч»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелерге арналган наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтык салым кошууга арналган социалдык тармактарда «Үчтөн кийин кеч» баракчалары ачылды. Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта өстүрүү, ата-эненин коомдогу орду жана озуйпасы, ...
06.11.2019

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү

Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук ...
04.11.2019

«МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» педагогикалык өнөрканасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөрүлгөн 7-Билим фестивалынын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат, фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 25 миңден ашык адам барган. 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын ...
03.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло ...
02.11.2019

Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.   Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ...
02.11.2019

Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди   Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын ...
31.10.2019

КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.   Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен ...
22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»