Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Көчмө өнүгүү борбору»

11.04.2014

Юлия Гиппенрейтерден балдар жана чоң кишилер үчүн баарлашуу принциптери



Эксперт жөнүндө:

Юлия Гиппенрейтер, психологиялык илимдердин доктору, М. В. Ломоносов атындагы МГУнун профессору, ондогон макалалардын, анын ичинде балдар менен баарлашуунун эрежелери жөнүндө «Бала менен баарлашуу. Кантип?» жана «Бала менен баарлашууну улантабыз. Ушундайбы?» деген бестселлер китептердин автору (АСТ, Астрель, 2011).

 

№ 1 баарлашуу принциби: баланы сөзсүз кабыл алгыла.

 

Аны сулуу, акылдуу, жөндөмдүү, отличник, жардамчы болгондугу үчүн эмес, жөн гана, ал бар тургандыгы үчүн эле жакшы көргүлө. «Эгерде сен жакшы бала/кыз болсоң, мен сени жакшы көрөм» же «Оройлугуңду, мушташканыңды, жалкоолугуңду токтотмоюнча, менден жакшы мамилени күтпө...» деген сөздөрдү ата-энелерден көп угууга болот. Бул сөздөрдө балага аны «эгерде» деп шарт коюу менен кабылдап жатканын түз билдиришет. Мээримге, таандык болууга, башкача айтканда, башка бирөөнө керектүү болууга муктаждык – адамдын фундаменталдуу муктаждыктарынын бири. Ал сизге канчалык кымбат, керектүү, маанилүү экенин, ал жөн гана жакшы экенин сиз ага маалымдаганда ал канааттанат. Мындай маалымдоо мээрим төккөн көз карашта, сылап-сыйпоодо, «Сени тапканыбызга биз абдан сүйүнөбүз», «Мен сени көргөнүмө кубанычтамын», «Мен сени жакшы көрөм», «Сенин үйдө болгонуң мага жагат», «Биз баарыбыз үйдө болгонубуз мага жагат» деген сөздөрдө камтылган. Белгилүү үй-бүлөлүк терапевт Вирджиния Сатир баланы тез-тез кучакка кысып турууну сунуш кылып, төрт жолу кучактоо жөн гана жашоо үчүн зарыл, ал эми өзүн жакшы сезүү үчүн күнүнө кеминде сегиз жолу кучактоо зарыл деп айтат. Бул балага гана эмес, ошондой эле чоң кишиге да маанилүү. Бирок эгерде мен баланы кабыл алсам, бул мен ага эч качан ачууланууга тийиш эмесмин дегендикти билдиреби? Жок, билдирбейт. Өзүңдүн жаман сезимдериңди жашырууга, анын үстүнө топтоп жүрө берүүгө таптакыр болбойт. Бүтүндөй алганда баланын өзүнө эмес, анын айрым аракеттерине нааразычылык билдирүүгө болот. Баланын аракеттерин айыптоого болот, бирок анын сезимдери канчалык жагымсыз же жол берилгис болсо да, аларды айыптоого болбойт. Эгерде анда ушулар пайда болсо, демек, бул үчүн негиздер бар. Баланын аракеттерине нааразылыкты тынымсыз айта берүүгө болбойт, антпесе ал сынды кабылдабай калат. 

 

№ 2 баарлашуу принциби: эгерде бала жардам сурабаса, анын жасап жаткан ишине кийлигишпегиле

  

Өзүңөрдүн кийлигишпей коюшуңар менен ага: «Сеники баары ойдогудай!», «Албетте, бул сенин колуңан келет!» деп айткан болосуңар. Эгерде ал өзүнүн колунан келбей турган олуттуу оорчулукка кабылса, анда иш башка. Анда кийлигишпей коюуга болбойт, бул зыян гана алып келиши мүмкүн. Эгерде балага кыйын болсо жана ал силердин жардамыңарды алууга даяр болсо, ага сөзсүз жардам бергиле. «Кел, бирге жасап көрөлү!» деген сөздөр менен баштоо эң жакшы. Бул сыйкырдуу сөздөр балага жаңы жөндөмдөрдүн, билимдердин жана кызыгуулардын эшигин ачат. Бала өнүгүшүнө жараша ал өз алдынча аткара баштаган иштердин чөйрөсү ал чоң кишилер менен бирге мурда аткарган нерселердин эсебинен кеңейет.

 

№ 3 баарлашуу принциби: өз балаңардын жеке иштери үчүн камкордукту жана жоопкерчиликти бара-бара, бирок кыйшаюусуз түрдө өзүңөрдөн алып салгыла жана аларды балага өткөрүп бергиле.

 

Чоң кишилердин айласын кетирген демейки көйгөйдөн баштайлы: көпчүлүк милдеттүү иштерди бала толук өздөштүрдү, ал оюнчуктарды жыйнаганды, төшөк салганды же кечтен баштап портфелин даярдаганды билет. Бирок ушунун баарын ал атайылап жасабайт! Көп учурда тескери мамиленин жана аткаруудан баш тартуунун тамыры – терс тынчсызданууларда. Бул баланын өзүнүн көйгөйү болушу мүмкүн, бирок көп учурда ал силер менен балдардын ортоңордо, силердин аны менен өз ара мамилелериңерде келип чыгат. Эгерде силердин бала менен мамилелериңер эчак эле бузулган болсо, кандайдыр-бир ыкманы колдонуу жетиштүү, ошондо эле бардыгы бир заматта ордуна келип калат деп ойлоого болбойт. Мээримдүү мамиле болмоюнча, жакшы жагдай келип чыкпайт. Мындай жагдай – ийгиликтин эң башкы шарты. Силер балага кандай мамиле кылаарыңарды жакшылап ойлонуп көргүлө. «Жетектөөчү көрсөтмөлөр», кыязы, кээ бир учурда керек, бирок бала менен биргелешкен иштерде анын кажети жок. Алар качан пайда болсо, чогуу жасап жаткан иш дароо токтойт. Анткени чогуу жасап жатсаңар – демек, бир катардасыңар. Балдарга карата үстөмдүк кылган позицияны ээлөөгө болбой, балдар аны дароо сезет жана ага болгон күч-аракети менен каршы турат. Ошондо алар зарыл нерселерге каршы туруп, айкын нерсеге кошулбай, талашпай турган нерсени талаша баштайт.

 

Чыр-чатактардын көп кездешкен кийинки себеби – өз балдары үчүн балдардын өзү каалаган нерседен көптү каалаган ашкере камкор ата-энелер. Өз балдары үчүн сабакты даярдаган же аны менен бирге ЖОЖго, англис же музыкалык мектепке тапшырган ата-энелер. Баласы үчүн өтө көп нерсени каалагандар, эреже катары, өздөрү эптеп жашайт. Алардын жеке кызыкчылыктарына жана жеке турмушуна күчү да, убактысы да калбайт. Алар дайыма колдон келбей турган нерсеге умтулушат.

 

Баланын иштери үчүн жоопкерчиликти ага өткөрүп берүү процесси жеңил эмес. Аны майдадан баштоо керек. Бирок кала берсе ушул майдабараттар жагынан да ата-энелер өтө тынчсызданат. Муну түшүнүүгө болот: анткени өз балаңдын убактылуу жайлуулугу жагынан тобокелдик кылууга туура келет. Мындай деп каршылык көрсөтүшөт: «Эгерде мен аны ойготпосом, ал мектепке кечигип калат», «Эгерде аны сабак окууга мажбурлабасам, анын эки деген баадан башы чыкпай калат»... Бул канчалык карама-каршылыктуу угулбасын, бирок эгерде терс тажрыйба, албетте, балаңардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбесе, ал ушундай тажрыйбага муктаж. Балага өзүнүн аракеттеринин (же өзүнүн аракетсиздигинин) кесепеттерин башынан өткөрүүгө мүмкүндүк бергиле. Ошондо гана ал токтолуп жана акыл-эс кире баштайт.

 

Урматтоо – Юлия Гиппенрейтер баяндаган баарлашуунун бардык принциптерин бириктирип турган нерсе, кыязы, ушул.

  

№ 4 баарлашуу принциби: баланы активдүү уккула.

 

Башкача айтканда, маектешип жатканда ал силерге айткандарга аны «кайра кайрып келгиле». Баланын ачуусу келген, таарынган, жол болбой калган бардык учурларда, ага кыйын, уят, коркунучтуу болгон учурда, ага орой мамиле кылынганда жана кала берсе ал абдан чарчап турганда адегенде эмне кылуу керек – мында анын тынчсыздануулары (же абалы) силерге маалым экенин, силер ага көңүл буруп жатканыңарды түшүндүрүү. Мисал. Апасы паркта отургучта олтурат, ага көзүнүн жашы көлдөгөн үч жаштагы наристе чуркап келип: «Ал менин машинамды тартып алды!» дейт. Демейки жооп: «Эч нерсе болбойт, ойноп туруп, анан кайра берет». Активдүү угуу: «Сен катуу таарынып жана ага ачууң келип калыптыр». Экинчи учур. Уулу мектептен кайтып келет, ачуусу менен портфелди полго ыргытып: «Экинчи ал жакка барбайм» дейт. Демейки жооп: «Барбайм дегениң кандай?!» Активдүү угуу: «Сен экинчи мектепке баргың келбей калдыбы». Демейки жооптор менен биз баланын тынчсызданууларын укпастан, кулактын сыртынан кетиребиз. Анын тынчсыздануусу куру, ал эске алынбай тургандыгын ага билдиребиз. Активдүү угуу ыкмасы боюнча жооп ата-эне баланын ички толгонууларын түшүнгөнүн, ал жөнүндө укканын, аны кабылдаганын көрсөтүп турат. Ата-эненин ушундай ортоктош болуусу балага өзгөчө таасир этет. Активдүү угуу ыкмасы боюнча маектешүү биздин маданиятыбызга таптакыр көнүмүш эмес жана аны үйрөнүү оңойго турбайт. Бирок бул ыкма силер натыйжаны көрөр замат силерди өзүнө тартып алат. Алар бери болгондо үчөө. Биринчиси: баланын түйшүктөнүүсү жоголот же кыйла азаят. Экинчиси: өзүн чоң киши угууга даяр экенине ынанган соң, бала өзү жөнүндө улам көбүрөөк айта баштайт. Кээде бир маектешүүдө капысынан көйгөйлөрдүн жана капалануунун бүтүндөй түйүнү чечилет. Үчүнчүсү: бала өз көйгөйлөрүн чечүүдө өзү алга илгерилейт.

 

 

№ 5 баарлашуу принциби: шашылып жооп берүүдөн абайлагыла. 

 

Активдүү угууну үйрөнүүгө аракет кылган ата-энелер ири оорчулуктарга даттанат: мээге демейдеги жооптор келет. 


Буйруктар, командалар: «Болду, токтот», «Жыйна», «Тез укта», «Унчукпа». Мындай сөздөр балада укуксуздук сезимин, ал эми кээде эч ким карабай жалгыз калдым деген сезимдерди пайда кылат. Алар жооп иретинде каршылык көрсөтөт, күңгүрөнөт, таарынат, моюн толгойт.

 

Эскертүүлөр, сак болтуруу, коркутуп-үркүтүү: «Эгерде сен ыйлаганыңды токтотпосоң, мен кетип калам», «Дагы бир жолу айтып коеюн, мен кур менен сабайм». Булар тез-тез кайталай бергенде ага балдар көнүп жана аларга маани бербей калгандыгы менен да жаман.

 

Адеп-ахлакка чакыруу, акыл үйрөтүү, насаат айтуу: «Ар бир адам эмгектенүүгө тийиш», «Сен чоң кишилерди урматтоого тийишсиң». Демейде бул сөздөрдөн балдар жаңы эч нерсени үйрөнбөйт. Алар муну «жүз биринчи жолу» угуп жатканынан эч нерсе өзгөрбөйт.

 

Кеңештер, даяр чечимдер: «Сен болсо мындай деп эле айтып сал...», «Мен сенин ордуңда болгондо катыгын колуна бермекмин». Эреже катары, биз ушундай кеңештерди бергенден тажабайбыз. Ал гана эмес, аларды балдарга берүүнү өз милдетибиз деп эсептейбиз. Көп учурда өзүбүздү мисал келтиребиз. Ата-энелердин мындай позициясы – жогортон түшүрүлгөн позиция – балдардын кыжырын келтирет, эң башкысы, алар өзүнүн көйгөйлөрү жөнүндө мындан кийин айткысы да келбей калат.

 

Далилдер, логикалык тыянактар, насыят, «кеңештер»: «Тамак ичээр алдында кол жууш керек экенин билгидей эле болуп калдың го», «Тынбай эле кайсалактай бересиң, анан ката кетиресиң да». Демейде балдар: «Болдучу» деп жооп кайтарат да, бизди уккусу келбей калат.

 

Сын, урушуу, айыптоо: «Муну эмне деп түшүнсө болот?», «Дайыма эле сен...», «Бекер эле сага ишенипмин». Мындай сөздөр балдарда активдүү коргонууну, тилин тартпай жооп кайтарууну, танууну, жинденүүнү, манайы чөгүүнү, басмырланууну, өзүнө жана ата-эне менен мамилелерге ишенбей калууну пайда кылат. Ушул айтылган сөздөрдү балдар ушунун бардыгын угуп келаткан күндөрдүн, жумалардын, жылдардын санына көбөйткүлө. Өзү жөнүндө терс, анын үстүнө эң жакын адамдардан да алынган, таасирлердин эбегейсиз зор жүгү келип чыгат. Бул жүктү кандайдыр-бир жеңилдетүү үчүн балдар өздөрү бир нерсеге арзый тургандыгын өзүнө жана ата-энелерине далилдешине туура келет. Эң биринчи жана оңой ыкма – ата-эненин өздөрүнүн талаптарын сынга алуу. Кырдаалдан кантип чыгуу керек? Баланын жүрүш-турушунун терс жактарына гана эмес, ошондой эле оң жактарына да көңүл буруу керек. Мактап койсо бузулуп кетет деп коркпогула. «Мага жардам бергениңе ыракмат», «Убада берген учурда келгениң жакшы болду». «Сени менен бирге жасаган мага жагат». Кээде ата-энелер жакшы көрөөрүңдү бала ансыз да билет, андыктан ага жакшы көрөөрүңдү сөзсүз эле айтып олтуруунун кажети жок деп ойлойт. Бул таптакыр андай эмес.

 

Мактоодо дайыма баа берүүнүн элементи бар. Баланын ийгиликтерине же туура жүрүш-турушуна кандай мамиле кылуу керек? Ага жөн гана өз оюңдагыны айтып койгон дурус. «Сен» дегендин ордуна «мен», «мага» деген ат атоочторду пайдалангыла. «Кандай гана азаматсың» дегендин ордуна «Мен кубанычтамын», «Мага жагат» деп айткыла.

 

Божомолдор, интерпретациялар: «Мен билем, ушунун бардыгы ... айынан», «Дагы мушташа кеткенсиң го». Ушул сөздөрдөн кийин коргонуу, чыр-чатактан качуу ниети гана пайда болушу мүмкүн.

 

Сурамжылап билүү, иликтөө: «Жок, сен деги айтчы», «Эмне унчукпайсың». Суроолуу сунуштарды ырастаган сунуштарга алмаштырууга аракет кылгыла. «Сен эмне ачууланып жатасың?» дегендин ордуна «Сен ачууланып жатканыңды сезип турам» де айткыла, ошондо сөз башка нукка бурулат. Кеп мында: суроо – кайдыгер кызыгуу, ал эми ырастаган сөздөр түшүнүү жана жан тартуу катары угулат.

 

Оозеки боор ооруу, көндүрүү, насаат айтуу: «Тынчтан», «Көңүл бурбай эле кой», «Өтүп кетет». Бала мындан анын көйгөйлөрүн этибарга албагандыкты, анын кайгы-капасын танууну же кичирейтип көрсөтүүнү угат.

 

Тамашага чалуу, сөздөн качуу. Жалаң гана тамаша чалуу баланын көйгөйлөрүн чечпейт.

 

№ 6 баарлашуу принциби: эгерде бала өзүнүн жүрүш-турушу менен сизде тынчсызданууну пайда кылса, бул жөнүндө ага билдириңиз.

 

Сиз өзүңүздүн сезимдериңиз жөнүндө айтканда, биринчи жактын атынан айтканда, ал жөнүндө эмес, анын жүрүш-турушу жөнүндө эмес, өзүңүз жөнүндө, өзүңүздүн ой-толгоолоруңуз жөнүндө билдириңиз. «Мен жүдөп жүргөндү жаман көрөм, коңшулардын алдында уялам», «Мен музыканын үнү катуу чыкканда чарчап кетем», «Алдыман бирөөлөр нары-бери басып, бутка чалына берсе, ишке даярдануу мага кыйынчылыкка турат». Ушундай сөздөр «Мен-билдирүүлөр» деп аталат. Алардын бир топ артыкчылыктары бар. Алар сизге өзүңүздүн ич күптүңүздү бала таарынбайт турган ыңгайда айтууга мүмкүндүк берет. Балдарга бизди, ата-энелерин, жакындан билүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Биз өзүбүздүн оюбуздагыны чын дилибизден, ачык айтсак, балдар да өз ойлорун ачык айта баштайт. Буйрук бербестен же урушпастан өз оюбузду айтуу менен, биз балдарга өзү чечим кабыл алышына мүмкүнчүлүк беребиз. Ошондо алар биздин каалоолорубузду жана тынчсыздануубузду эске ала баштайт.

 

Елена Шевченко

Журнал "Психология"

Акыркы жаңылыктар

23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
22.04.2018

Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы

20-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр ...
19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык ...
19.04.2018

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып ...
18.04.2018

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.   Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР ...
18.04.2018

Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

Урматтуу мекендештер! «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, ...
17.04.2018

VI Билим фестивалында күтөбүз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясыжана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен алтынчы Билим фестивалын өткөрүп жатат. Быйылкы жылы Фестивалдын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» болуп калды.
16.04.2018

Кыргызстандын элдери: Немецтер

2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.   Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

ФЕСТИВАЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»