Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Көчмө өнүгүү борбору»

04.02.2015

С.А.Копытко: Баарлашуу балага тамак сыяктуу эле зарыл

Бала менен баарлашуу

 

Светлана Анатольевна Копытко, "Дар" жеке мектебинин директору

 

 

 

Баарлашуу балага тамак сыяктуу эле зарыл экени азыр талашсыз акыйкат болуп калды. Толук баалуу тамак-ашты жана мыкты медициналык багууну алган, бирок чоң киши менен туруктуу карым-катышы болбогон наристе психикалык жактан гана эмес, ошондой эле денебой жактан начар өнүгөт: анын бою өспөйт, арыктайт, жашоого кызыгуусун жоготот.

 

«Көйгөйлүү», «тартипсиз», «тил укпаган» жана «тажаткыр» балдар, «тартынчакак», «түнт» же «бактысыз» балдар сыяктуу эле – дайыма үй-бүлөдө туура эмес түзүлгөн мамилелердин натыйжасы.

 

Балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык жардамдын дүйнөлүк практикасы, эгерде үй-бүлөдө баарлашуунун жагымдуу стилин калыбына келтирүүгө мүмкүн болсо, кала берсе тарбиялоонун өтө татаал көйгөйлөрүн чечүүгө боло тургандыгын көрсөттү.

 

Адистер ата-эненин өз ара аракеттеринин стили баланын акыл-эсине өзүнөн өзү «жазылып» (элестеп) калат деген тыянакка келген. Бул өтө эрте, али мектепке чейинки куракта жана, эреже катары, түшүнүп-түшүнбөстөн болуп өтөт.

 

Чоң киши болгондо, адам аны боло турган катары кайра кайталайт. Ошентип, баарлашуунун стилин социалдык мурастоо муундан муунга өтөт: ата-энелердин көпчүлүгү алардын өздөрүн бала чагында кандай тарбиялаган болсо, өз балдарын ошондой тарбиялайт.

 

«Мени эч ким эркелеткен эмес, бирок эчтеке эмес, чоңойдум», – дейт атасы дал өзү зарыл деп эсептебеген адам болуп өсүп-чоңойгонун жана баласын тарбиялаганды, ага мээрим төгүү менен мамиле кылганды билбегенин байкабай.

 

Ата-энелердин башка бир бөлүгү туура тарбиялоо эмнеде турганын аздыр-көптүр аңдап түшүнөт, бирок иш жүзүнө келгенде эмне кылышты билбейт.

 

Ата-энелер төмөнкүдөй бир принципти карманууга тийиш, аны сактамайынча бала менен мамиле түзүүнүн бардык аракеттери ийгиликсиз болуп чыгат. Ал биз үчүн таяныч чекит болуп саналат. Бул принцип – сөзсүз кабыл алуу. Бул эмнени билдирет?

 

Баланы сөзсүз кабыл алуу – ал татынакай, акылдуу, жөндөмдүү, отличник, жардамчы болгондугу жана башкалар үчүн эмес, жөн гана ал бар турганы үчүн аны жакшы көрүү дегендикти билдирет.

 

Көп учурда ата-энеден балага же кызга карата төмөнкүдөй сөздөрдү угууга болот: «Эгерде сен жакшы бала (кыз) болсоң, анда мен сени жакшы көрөм». Же: «Сен ... (жалкоолукту, мушташканды, оройлукту) токтотуп, ... (жакшы окуп, үйгө жардам берип, айткан тилди угуп) баштамайынча, мени эркелетет деп күтпө)».

 

Назар салып көрөлүчү: бул фразаларда балага аны шарттуу түрдө кабыл алаарын, «эгерде ал тилди укса гана...» жакшы көрөм (же жакшы көрүп калам) деп тикелей билдиришет. Адамга карата шарттуу, баалап мамиле кылуу биздин маданиятка мүнөздүү. Мындай мамиле адамдардын аң-сезимине да кыттай куюлат.

 

Төмөнкүдөй мыйзам ченемдүүлүктү ким билбейт: баланы канчалык көп урушса, ал ошончолук жаман болуп калат. Эмне үчүн мындай болот? Анткени баланы тарбиялоо – бул дегеле машыктыруу эмес. Ата-энелер балдардын шарттуу рефлекстерин иштеп чыгуу үчүн гана жашабайт.

 

Мээримге, кимдир-бирөөнө таандык болууга, башкача айтканда, башка бирөөнө керектүү болууга муктаждык адамдык фундаменталдуу муктаждыктардын бири экенин психологдор далилдеп чыккан. Аны канааттандыруу – баланын ойдогудай өнүгүшүнүн зарыл шарты. Бул муктаждык сиз балага ал сиз үчүн кымбат, керектүү, маанилүү экенин, ал жөн гана жакшы киши экенин билдиргенде канааттандырылат. Мындай билдирүүлөр мээрим төгүп кароодо, эркелетип сылап-сыйпоодо, төмөнкүдөй тике айтылган сөздөрдө турат: «Сен бул дүйнөгө жаралганыңдын өзү эле кандай жакшы», «Мен сени көргөнүмө кубанычтамын», «Мен сени жакшы көрөм», «Мен сенин үйдө жүргөнүңдү жакшы көрөм», «Биз баарыбыз чогуу болгонубуз мага жагат...».

 

Ата-эне балага канчалык ачууланса, аны урушса, обу жок сындаса, ал «Мени жаман көрүшөт» деген тыянакка ошончолук тез келет. Ата-эненин «Мен сен жөнүндө камкордук көрүп жатпаймбы» же «Сенин эле жыргалчылыгың үчүн» деген сыяктуу далилдерин бала кулактын сыртынан кетирет. Тагыраак айтканда, алар сөздөрдүн маанисин эмес, сөздөрдүн өзүн гана угат. Алардын өзүнүн эмоциялык кабылдоосу бар. Үндүн чыгышы сөзгө караганда маанилүү жана ал канчалык катуу, ачууланып же жөн гана сүрдүү чыкса, анда келип чыккан тыянак дайыма бир жактуу: «Мени жаман көрүшөт, мени кабылдагысы келбейт». Кээде бул бала үчүн сөз бойдон гана калбастан, ал өзүн жаман, «ойдогудай эмес», бактысыз деп сезишине алып келиши мүмкүн.

 

 

КӨП УЧУРДА АТА-ЭНЕЛЕР МЫНДАЙ ДЕП СУРАЙТ:

 

«Эгерде мен баланы кабыл алсам, бул мен ага эч качан ачууланууга тийиш эмесмин дегендикти билдиреби?»

 

Жооп берем. Жок, андай эмес. Эч бир учурда ачууңду жашырууга, анын үстүнө топтоп жүрө берүүгө болбойт. Аларды айтуу керек, бирок өзгөчө түрдө айтуу керек. Бул жөнүндө биз кийинчерээк сөз кылабыз. Ал эми азырынча сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкүдөй эрежелерге бурмакчымын:

 

Бүтүндөй алганда, баланын өзүнө эмес, баланын айрым аракеттерине өз «нааразычылыгыңызды» билдирүүгө болот.

 

Баланын сезимдери канчалык ойдогудай эмес же «жол берилгис» болгонуна карабастан, аларды эмес, баланын кылык-жоругун айыптоого болот.

 

Баланын кылык-жоругуна дайыма эле нааразылык көрсөтө берүүгө болбойт, антпесе ал баланы кабалдабай калууга алып келет.

 

Бир нече практикалык кеңештер:

 

1. Карап көрүңүз, сиз баланы канчалык кабылдай аласыз. Бул үчүн бир күндүн (ал эми эң жакшысы эки-үч күндүн) ичинде сиз балаңызга канча жолу эмоциялык жактан оң сөздөр (кубанычтуу саламдашуу, кубаттоо, колдоо) жана канча терс сөздөр (жемелөө, сын-пикир айтуу) менен кайрылганыңызды эсептөөгө аракет кылыңыз. Эгерде оң сөздөрдүн саны терс сөздөрдүн санына барабар же андан ашык болсо, анда сизде баарлашуу жагынан бардыгы эле ордунда эмес.

 

2. Көзүңүздү бир мүнөткө жумуңуз да, өзүңүздүн мыкты досуңузду жолуктуруп жатам деп элестетиңиз. Сиз ага кубанычта экениңизди, сиз үчүн ал кымбат жана жакын экенин кантип көрсөтөсүз? Эми болсо бул өз балаңыз деп элестетиңиз: мына ал мектептен үйгө кайтып келди жана сиз аны көргөнүңө кубанычта экениңизди көрсөтөсүз. Элестеттиңизби? Эми сизге муну иш жүзүндө жасоо жеңил болот, эч кандай башка сөздүн жана суроолордун кереги жок. Эгерде сиз жолугушууну бир нече мүнөт бою ушул эле калыпта уланта алсаңыз, дурус. Ушул мүнөттөрдүн ичинде аны «бузуп алам» коркпоңуз, анын таптакыр кажети жок.

 

3. Балаңызды күнүнө бери болгондо төрт жолу кучактаңыз (демейки эртең мененки саламдашуу жана уктаар алдында бетинен өөп коюу эсепке кирбейт).

 

Эскертүү: Ушул эле нерселерди үй-бүлөнүн эрезеге жеткен мүчөлөрүнө карата жасоо жаман болбойт.

 

Акыркы жаңылыктар

23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
22.04.2018

Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы

20-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр ...
19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык ...
19.04.2018

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып ...
18.04.2018

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.   Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР ...
18.04.2018

Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

Урматтуу мекендештер! «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, ...
17.04.2018

VI Билим фестивалында күтөбүз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясыжана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен алтынчы Билим фестивалын өткөрүп жатат. Быйылкы жылы Фестивалдын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» болуп калды.
16.04.2018

Кыргызстандын элдери: Немецтер

2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.   Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

ФЕСТИВАЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»