Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Көчмө өнүгүү борбору»

10.04.2014

Балдарыңарды кантип акылдуураак кылуу керек: илим ырастаган 10 кадам

Балдарыңарды кантип акылдуураак кылуу керек: илим ырастаган 10 кадам

("The Week", АКШ)

 

 

Иш башы үчүн аларга китеп окуп бербестен, алар менен бирге китеп окугула

Эрик Баркер (Eric Barker)

 

 

 

Мен балдарга эмне бакыт тартуулайт, ата-эненин кандай мамилеси алда канча натыйжалуу жана эмненин аркасында үй-бүлөлөр ыраазы болуп жашайт деген илимий изилдөөлөрдү жана далилдерди иликтедим.

 

Бирок эмчектеги баладан тартып 10 жашка чейинки курактагы балдарды эмне акылдуураак кылат? Илимдин пикири боюнча, мында жардам берген 10 нерсе булар.

 

1. Музыка сабагы

 

Бардыгы айкын жана жөнөкөй. Музыка сабактары балдарды акылдуурак кылаарын изилдөөлөр көрсөтүп турат.

 

Контролдук тобундагы балдарга салыштырганда, музыкалык топтордогу балдар акыл-эстин өнүгүү коэффициенти зор өскөнүн көрсөткөн. Музыканын таасири өтө зор эмес болгон, бирок талдоо акыл-эстин өнүгүшүнүн көп сандаган кошумча критерийлери боюнча, ар кандай индекстердин көрсөткүчтөрү боюнча жана окуудагы жетишкендиктердин стандарттык критерийлери боюнча жүргүзүлгөн.

 

Иш жүзүндө, музыкалык сабактар бардыгына, жаштарга, ошондой эле карыларга жардам берет. Улам көп сандаган изилдөөлөр музыкалык билим мектеп окуучуларына мектептеги сабактарда бир катар артыкчылыктарды бере тургандыгын көрсөтүп турат. Ал эми Түндүк-Батыш университет өзүнүн изилдөөлөрүндө музыкалык сабактар чоң энелерге да пайда берип, каруу процессинин айрым зыяндуу кесепеттерин басаңдатаарын аныктаган.

 

2. Билеги чоң бирди жыгат...

 

Билеги чоңдун билеги чоң, анткени ал көп убактысын китепканада эмес, спортзалда өткөрөт. Бирок сиздин балдарыңыз тигинисине да, мунусуна да жетишкидей кылсаңыз кандай болот? Эгерде сенин дениң сак болсо, таанып-билүү кудуретиң да жогорулайт.

 

Немец илимпоздору адамдар сабакка чейинкиге караганда 2007-жылы дене бойду машыктыруудан кийин сөздүктөн жаңы сөздөрдү 20%га тезирээк жаттай тургандыгы айкындаган. Эстеп калуу темптери мээнин нейротрофикалык факторлоруна түздөн-түз тиешелүү.

 

Үч ай бою денеге дайыма күч келтирип туруу мээнин эстеп калуу жана таанып-билүү үчүн жооп берген бөлүгүнө кандын келишин 30%га көбөйтөт.

 

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жүрүшүндө волонтерлор тобуна үч ай бою спорт менен машыгуу режими белгиленген, андан кийин илимпоздор алардын мээсин сүрөткө тарткан. Алар эстеп калуу участкасындагы гиппокампта капиллярлардын көлөмү 30%га чоңойгонун көргөн, бул чынында эле мыкты өзгөрүү.

 

3. Өз балдарыңарга китеп окуп бербестен, алар менен бирге окугула

 

Силерде окуганды үйрөнүп жаткан кичинекей бала барбы? Ага силер китеп окуп жатканда китептеги сүрөттөрдү карап жалдырап олтура беришине жол бербегиле. Анын көңүлүн сөздөргө бургула. Ага окуп берип тим болбостон, аны менен бирге окугула. Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, бул анын китеп окуу жөндөмдөрүн арттырат.

 

Китепти бирге окуу баланын китеп окууга жөндөмүн өнүктүрүүгө кунт коюп көңүл буруу менен коштолгондо, китепти ушундай биргелешип окуу жагымдуу шарттары болбогон балдар үчүн да эрте сабаттуу болуунун натыйжалуу шайманына айланат.

 

 

4. Уйкунун жетишсиздиги балдарды акылсызыраак кылат

 

Алтынчы класста окуган, бир саат кем уктаган баланын мээси төртүнчү класстагы баланын мээсине айланат. «Уйкунун бир саатын жоготуу таанып-билүү жактан калыптануунун жана өнүгүүнүн эки жылын жоготууга эквиваленттүү», -деп түшүндүрөт изилдөөчү Садех.

 

Сабакка жетишүү менен уйкунун узактыгынын ортосунда айрым катыш бар.

 

Отличниктердин арасындагы өспүрүмдөр төрткө окугандарга караганда орточо 15 мүнөткө көп уктайт, ал эми төрткө окугандар үчкө окугандарга караганда орточо 15 мүнөткө көп уктайт жана ушул сыяктуу. Бул алда канча мурдагы, ошондой эле соңку изилдөөлөрдүн маалыматтары менен ырасталат. Албетте, орточо маалыматтар, бирок ар кандай изилдөөлөрдүн натыйжаларынын дал келиши таң калтырат. Ар бир чейрек саат маанилүү.

 

5. Өзүн тартипке салуу болмоюнча акыл-эстин өнүгүшүнүн коэффициенти эч нерсеге арзыбайт

 

Өзүн тартипке салуу турмушта ким зор ийгиликтерге жетише тургандыгы жөнүндө болжолдоо үчүн акыл-эс кудуретинин көрсөткүчтөрүнөн маанилүү. Чарльз Дахигг (Charles Duhigg) өзүнүн мыкты китебинде мындай деп жазат:

Ондогон изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, эрктин күчтүүлүгү жеке ийгиликти камсыз кылган эң маанилүү адат... Эрки өтө күчтүү окуучулар сабактардан эң жогорку бааларды алат жана сынагы алда канча катуу болгон ЖОЖдого тапшырышат. Алар сабактарга чанда гана келбей калат, телевизорду азыраак тиктеп жана үй тапшырмаларына көбүрөөк убакыт жумшайт. «Өзүн тартипке салуу деңгээли жогору болгон өспүрүмдөр окуудагы бардык көрсөткүчтөр боюнча өздөрүнүн алда канча импульсивдүү теңтуштарынан алга озуп кеткен», - деп жазат изилдөөчүлөр. - Өзүн тартипке салуу акыл-эс жактан өнүгүү коэффициентине караганда, окуудагы көрсөткүчтөр үчүн маанилүү. Өзүн тартипке салуу ошондой эле кайсы окуучулар окуу жылынын мезгилинин ичинде өзүнүн жетишкендиктерин жакшыртаарын, ошол эле учурда акыл-эс жактан өнүгүү коэффициенти муну жасай албастыгын көрсөтүп турат... Өзүн тартипке салуу интеллектиге караганда, окуунун натыйжаларына көбүрөөк таасир этет».

 

Баа берүү бул жалаң интеллектиге караганда, көбүрөөк даражада ак ниеттүүлүктүн жана аракетчилдиктин натыйжасы.

 

Ак ниеттүүлүк – бул көбүрөөк даражада иштеги ийгиликке кепилдик берген өзгөчөлүк. Ак ниеттүүлүк адамдын жумуш ордундагы гана келечектеги ийгиликтерин көрсөтүп тим болбогондугу өзгөчө кызыктуу. Ак ниеттүү адамдар мектепте жана колледжде алда канча жогорку бааларды алат; алар кылмышты аз жасайт; жана алар өзүнүн никесин көбүрөөк сактайт. Анын үстүнө алар көбүрөөк жашайт – бул тамекини аз чегип жана ичимдикти аз ичкендиктен гана ушундай эмес. Аларда инсульт сейрек кездешет, алардын кан басымы төмөн жана Альцгеймер илдетине сейрек чалдыгат.

 

Ошентип, турмушта ким алда канча көп ийгиликтерге жетишет? Өжөр жана чаалыкпаган балдар.

 

Изилдөөчүлөр аныктагандай, таанып-билүү да, денебой да мүнөзү болбогон өжөрлүк сыяктуу белги ийгиликтин мыкты болжолдоочу фактору болуп саналат. Өжөрлүк чаалыкпагандык жана алдыга коюлган узак мөөнөттүү максаттарга жетишүүгө умтулуу катары аныкталат.

 

6. Таанып-билүү – бул активдүү процесс

 

Өнүктүрүүчү оюнчуктардан жана мээни машыктырган оюндардан эч майнап жок. Иш жүзүндө алардан улам балдар акылсыз болуп калат деп эсептөөгө негиздер бар.

 

Бул нерселер 17 айдан 24 айга чейинки курактагы балдардын сөз байлыгына оң таасир этпейт. Ал эми айрымдары ачыктан-ачык зыян келтирет. Балдарга арналган айрым DVD жана видеону көрүп олтуруп өткөргөн бир сааттын ичинде балдар экранды тиктеп олтурган балдарга караганда орточо алты-сегиз сөздү азыраак жаттайт.

 

Ушул таанып-билүү – бул пассивдүү эмес, активдүү процесс. «The Talent Code» (Таланттын коду) китебинин автору Дэн Койл (Dan Coyle) эмнени сунуш кылат? Ал: жөн гана окуганды токтоткула да, өзүңөрдү текшергиле дейт.

 

Биздин мээбиз биз кандайдыр-бир нерселерди угуп жатканда эмес, аларды жасап жатканда өнүгөт. Ошондуктан көпчүлүк жөндөмдөр жана билимдер боюнча убакыттын үчтөн эки бөлүгүн текстти жөнөкөй окуу менен эмес, өзүңдү текшерүү менен өткөрүү дурус. Үчтөн эки деген эреже бар. Мисалы, эгерде сиз кандайдыр-бир үзүндүнү жаттагыңыз келсе, аны окууга убакыттын 30%ын коротуп, ал эми калган 70%ын алынган билимдерди текшерүүгө жумшаган ийги.

 

 

7. Тамак бул жакшы – бирок керектүү учурда

 

Бүтүндөй алганда, балдар дайыма таза тамак ичкени жакшы. Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, тамак-аш балдардын жетишүүсүнө таасир этет.

 

Маанилүү экзамен күнүндө эртең мененки тамакты жакшы ичүү керектигин бардыгы билет. Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, көмүр кычкылды жана жай сиңе турган клетчатканы көп камтыган тамак баарынан жакшы. Бирок сиз буга чейин бир жума мурда эмне жегениңиз да маанилүү. 16 студентти кунт коюп көңүл буруусу жана ой жүгүртүүсүнүн тездиги жагынан сынаган, андан соң аларды беш күн бою көмүр кычкылынын курамы аз болгон майлуу тамакка катуу тойгузган, ал тамакта эт, жумуртка, быштак жана каймак көп болгон. Аларды кайрадан текшергенде көрсөткүчтөр төмөндөп калган.

 

Бардык учурда эрежеден тышкаркы нерселер болот. Бир да бала дайыма таза тамак иче бербейт. Бирок жаман жери: балдар көп учурда ыңгайсыз жагдайда «жаман» тамакты жейт. Изилдөөлөр кофеин менен кант мээнин иштешин күчөтө ала тургандыгын көрсөттү.

 

Кофеин менен глюкоза таанып-билүү жөндөмдөрүнө жагымдуу таасир этет... Изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөтүп тургандай, кофеин менен глюкоза өздөрүнүн айкалышында адамдын кунт коюп көңүл буруусун күчөтө алат.

 

Ошондой эле балдарга абдан жаккан өтө күчтүү кубаттоолор бар. Андыктан, эгерде балага момпосуй же стакан лимонад бергиңиз келсе, анда муну ал эс алып жатканда эмес, окуп жатканда берген дурус.

 

8. Бактылуу бала – ийгиликтүү бала

 

Бактылуу жана ыраазы балдар башкаларга караганда көп учурда ийгиликтүү, тарбиялуу жана жакшы билимдүү болот.

 

Бакыт – бул дүйнөдөгү эбегейсиз зор артыкчылык, ал эң башына ийгиликти коет. Бүтүндөй алганда, бактылуу адамдар бактысыздарга караганда иште да, сүйүүдө да ийгиликтүү. Алар өзүнүн иши жөнүндө мыкты мактоолорду, алда канча артыкчылыктуу кызмат орундарын жана алда канча жогорку эмгек акыны алат. Алардын никеге турууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк жана алар никеден көбүрөөк канагаттануу алат.

 

Баланы бактылуу кылуу үчүн биринчи кадам кандай болууга тийиш? Бактылуу ата-эне болуу.

 

9. Теңтуштар бул маанилүү

 

Сиздин генетикалык мурасыңыз жана сиздин өнөгүңүздүн генетикасы сиздин балдарыңызга эбегейсиз зор таасир этет. Ал эми сиз аларды кандай тарбиялап жатканыңызчы? Алда канча аз.

 

Бул жагынан Малькольм Глэдвелл (Malcolm Gladwell) мындай деп жазат:

«Интеллектуалдык жөндөм сыяктуу нерселер жана мүнөздүн айрым белгилери жагынан биологиялык балдар өз ата-энелерине окшош. Ал эми асырап алган балдар жагынан натыйжалар өтө эле таң калычтуу көрүнөт. Алардын көрсөткүчтөрү асырап алган ата-энелерге таптакыр окшобойт. Бул балдар өзүнүн мүнөзү жана интеллекти боюнча 16 жыл бою аларды тарбиялаган, кийиндирип-ичиндирген, окуткан жана мээримин төккөн адамдарга, көчөдөн капилет алынган экиден ашпаган чоң кишиге окшош».

 

Дегеле силердин балдарыңардын жүрүш-турушуна жана жосундарына эмне эң көп таасир этет? Алардын теңтуштары. Демейде биз теңтуштардын таасири жөнүндө бул таасир терс болгон учурда айтабыз, бирок ал көп учурда оң мүнөздө болот. Мыкты аймакта жашоо, балдарды кадырлуу мектепте окутуу, ошондой эле алар жакшы балдар менен баарлашкыдай кылуу маанилүү. ЖОЖдун студенти жетишүүсүн алга илгерилетиши канткенде жеңил болот? Бөлмө боюнча акылдуу коңшуну тандоо керек.

 

Дартмут колледжинин студенттеринин катышуусу менен кандайдыр-бир изилдөөлөрдү жүргүзгөн экономист Брюс Сейсердоут (Bruce Sacerdote) ушундай таасир канчалык күчтүү экенине ынанган. Ал баалары начар болгон студенттер мыкты жетишкен студент жашаган бөлмөгө көчкөн учурда алардын жетишүүсү да орточо жогорулагандыгын тапкан. Изилдөөчүнүн айтымы боюнча, бул студенттер «кандайдыр бири-бирине окуудагы жакшы жана жаман адаттарын жугузгандыктан, жакшы жетишип окуп жаткан студент бөлмө боюнча өзүнүн жетише албай жаткан коңшусун өйдө карай тартат».

 

10. Аларга ишенгиле

 

Сиздин балаңыз көптөгөн башка балдардан акылдуу экенине ишенүү өтө маанилүү. Мугалимдерге айрым балдарды акылдуурак деп айтканда, кала берсе алар жөнүндө мындай сөз болжолдоп айтылган күндө да, бул балдар жакшы окуй баштайт.

 

Розенталь жана Ленор Джекобсон 1968-жылы мектепте изилдөө жүргүзгөн. Алар башталгыч мектептин мугалимдерине алардын классында «жетишүүдө кескин прогрессти көрсөтүүгө» кудуреттүү айрым окуучулар бар деп айткан. Иш жүзүнө келгенде, бул окуучуларды болжоп тандаган. Бул балдарды бөлүп көрсөтүү үчүн илимпоздор демейдегиден башка эч нерсе жасаган эмес. Ошого карабастан, окуу жылынын аягына карата ушул болжоп тандап алынган окуучулардын 30%ы өзүнүн акыл-эсинин өнүгүшүнүн коэффициентин орточо 22 баллга жогорулаткан жана дээрлик бардыгы аны бери болгондо 10 баллга көтөргөн.

 

Дагы бир эскертүү. Интеллект бул бардыгын эле камтый бербейт. Адеп-ахлак жана боор ооруганды билүү болмоюнча акылдуу адамдар коркунучтуу адам болушу мүмкүн.

 

Бир жолу П. O’Рурк айткандай, «акылдуу адамдар барларда сейрек гана мушташат. Бирок макоо адамдар водороддук бомбаларды сейрек гана түзөт».

 

Бул маалымат сизге өз балаңызды мыкты кылууга жардам берет деп үмүттөнөм.

 

Макаланын түп нускасы: How to make your kids smarter: 10 steps backed by science You can start by reading with them, not to them

 

Акыркы жаңылыктар

23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
22.04.2018

Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы

20-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр ...
19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык ...
19.04.2018

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып ...
18.04.2018

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.   Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР ...
18.04.2018

Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

Урматтуу мекендештер! «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, ...
17.04.2018

VI Билим фестивалында күтөбүз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясыжана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен алтынчы Билим фестивалын өткөрүп жатат. Быйылкы жылы Фестивалдын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» болуп калды.
16.04.2018

Кыргызстандын элдери: Немецтер

2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.   Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

ФЕСТИВАЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»