Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Гений» радиоберүүсү

27.02.2017

Асылбек Жоодонбеков: «Балдарды тарбиялоодо эксперимент жүргүзө албайбыз»

Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасында чыр-чатактар көп катталып, арасында бычак жеп көз жумгандары да болду. Эмне үчүн мектеп окуучулары бири-бирине орой жана сабырсыз мамиле жасашат? Жаштардын агрессивдүү болушуна эмнелер түрткү берүүдө? Үрөй учурган окуялардын себебин талдап, баланын өнүгүп-өсүүсүндө ата-эненин, коомдун тийзизген таасири, атанын үй-бүлөдөгү орду тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү” борборлорунун координатору Асылбек Жоодонбеков менен маек курдук.

 

Акыркы учурда окуучулар арасында чыр-чатактар көп катталып, бычак жеп, атүгүл көз жумгандары да болду арасында. Бул көрүнүштөр эмнеден кабар берип жатат деп ойлойсуз?

 

Окуучулар арасында чыр-чатактардын чыкканы өтө өкүнүчтүү окуя. Бирок эң оболу биз чыр-чатактар эмнеден улам келип чыгып жатат, ошону талдашыбыз керек. Мындай жагдайларды өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү башынан өткөргөн. Японияда өткөн кылымдын 60-жылдары жаштар абдан агрессивдүү болгон экен. “Сони” корпорациясынын негиздөөчүсү, “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китептин автору Масара Ибука “Жаштардын агрессивдүү болушуна эмне себеп болууда?” деген суроону коюп, бул көрүнүштү изилдөөгө алган. Алгач студенттер менен жолугушуп, андан кийин мектептерди кыдырып, бала-бакчаларга чейин барганда, ал жакта да окуучулардын бири-бирине корс мамиле кылгандыктары байкалган. Анан ал үй-бүлөнүн деңгээлине түшкөн. Жыйынтыгында балдардын агрессивдүүлүгүнүн очогу ата-энеде, баланын чөйрөсүндө экендиги ачыкка чыккан. Демек бүгүнкү күндө коомдо өспүрүмдөр арасында бири-бирине орой, сабырсыз мамиленин орун алышы коомдун, ата-эненин бири-бирине карата орой мамиленин чагылышы десек болот. Улуу муундун өкүлдөрүндө, коомдун башка мүчөлөрүндө агрессивдүүлүк бар деп айтсак болот. Дагы бир маанилүү нерсе, коомдо каралардын, кылмыштуу элементтердин, “сырты жалтырак, ичи калтырактардын” жүрүм-туруму, кыймыл-аракети, жаргондор менен сүйлөгөнү жаштардын арасында мода катары кабыл алынгандыгы, аларды туурагандыгы абдан өкүндүрөт. Дагы бир маанилүү жагдай, ата-энелер, педагогдор, коомчулук өзүбүздүн милдеттерибизди так аткарбай жатабыз. Мен өзгөчө ата-энелерге токтолгум келет. Рамис Рыскуловдун “Атам менен апамдын жыргалынан жаралгам” деп айтканы бар. Балдарды биологиялык ата-эне катары жаратып коюш абдан жеңил. Ал эми бүгүнкү күндө кыргыз ата-энелери “ата-эне” болууну үйрөнбөй жатабыз. Жаңы бир өнөрдү үйрөнгөн сыяктуу эле татыктуу ата-эне болууну, балдарыбыз менен дос катары мамиле кыла билүүнү үйрөнүшүбүз керек. “Кантип үйрөнөбүз?” деген суроо жаралса керек. Эң алгач өрнөктүү ата-энелерден үлгү алабыз. Андан кийин адистерден кеңеш сурайбыз. Үчүнчүсү ата-эне болуу багытында китептерди өздөштүрөбүз. Мисалы, ата-энелер үчүн “Мудрость о воспитании” деген мыкты орус тилиндеги китеп бар. Мында ата-энелер үчүн дүйнөлүк баалуулуктар камтылган маалыматтарды таба аласыздар. Же болбосо элементардык педагогика сыяктуу китептерге үңүлүп койсок, тарбиянын кандай түрлөрү бар, анын негизги максаттары эмне деген сыяктуу жөнөкөй, ошол эле учурда маанилүү суроолорго жоопторду таба алабыз.

 

Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда жыл башынан бери болжол менен 20 окуучу жанын кыйды. Алгач коомчулукта пайда болгон опурталдуу оюнга байланыштырып атышты, бирок факт түрүндө азыр далилдене элек… Окуучунун өлүмүн оюнга шылтоолоп койгонубуз туурабы?

 

Өзүңүздөр байкагандай, өзгөчө быйылкы жылдын эки айында эле жаш балдар арасында суицидге баруу фактылары көп катталды. Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстанда ар жылы жүздүн айланасындагы мектеп окуучусу өз жанын кыйган фактылар катталууда. Суицидге чалдыккандарды талдай турган болсок, эки түрлүү жагдайлар ортого чыгууда. Биринчиси — “ачуу кыйкырык”, башкача айтканда жардамга муктаж болгондор. Алар “мени угуп койгулачы, мени түшүнүп койгулачы” деп аргасыздыктан бул жолго баргандар. Тилекке каршы, Кыргызстанда ата-эне менен баланын, педагог менен окуучунун жана жаштардын ортосунда түшүнбөстүктөр оголе көп болгондуктан суициддин ушул түрүнө кабылгандар абдан көп. Экинчи түрүнө суицидалдык адамдар кирет. Бирок булардын саны өтө эле аз.

 

Туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган балдар да жок эмес. Практика көрсөткөндөй, аталган балдар мигранттардын балдары болуп чыгууда. Балдардын саламаттыгы, жаркын келечеги, татыктуу билим алуусу үчүн миграциянын таасири канчалык?

 

Кыргызстанда балдардын тарбиясына, өнүгүп-өсүшүнө миграциянын таасири чоң. Биздин замандаштарыбыз ар кандай себептер менен чет өлкөгө кетип жатышат. Мен мекендештериме кайрылып кетет элем. Эгерде же мигрант болуш керек, же болбосо Кыргызстанда үч баланы багыш керек деген маселе болсо, экинчисин тандоого чакырат элем. Россияга барсаңыз, бир аз болсо да көбүрөөк акча табаарсыз, үй-бүлөнү дурусураак багаарсыз, бирок эгерде сиз кетип калсаңыз, балдарыңыз ата-энеге муктаж болгон мээримди учурунда албай калат. Окумуштуулар мээнин калыптануу процессинде аксон менен дендриттердин бири-бирине кол берүүсү сегиз жашка чейин калыптана тургандыгын далилдешти. Демек сегиз жашка чейин мээнин 80 %ы толугу менен калыптанып бүтөт. Эгерде ушул куракта ата-эне балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, аларга жетиштүү көңүл бурбаган болсо, кийинки мектеп жашындагы же мектептен кийинки курактагы аракеттерибиз биз күткөндөй натыйжа бербейт. Ошондуктан ата-эне балага кенже курактан тартып канчалык көбүрөөк убакыт бөлүп алектенсе, ошончолук баланын толук кандуу өнүгүп-өсүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан эки-үч жыл мурун Баткенге барганда мындай көрүнүшкө күбө болдум. Жашы жетимиш бешке барып калган апа мектеп жашка чейинки беш небересин карайт экен. Албетте, чоң апа болгондон кийин неберелеринин үстүнөн үзүлүп түшүп карайт. Бирок азыркы заманда аялзаты бир баласын чоңойтуу үчүн декретке чыгат. Болгон убактысын бир баласы менен өткөрөт. Ал эми жашы улгайып калган апанын беш баланы багуусу — бул физикалык жактан мүмкүн эмес. Бул учурда балдарга толук кандуу көңүл бурулбай калат. Алардын өнүгүүсү толук кандуу болбойт. Ошон үчүн кандай гана тандоо болбосун, биринчи орунда балдарыбыз турса дейм. Улут катарында дагы, ата-эне катарында дагы, адам катарында дагы өзүбүздүн мүдөөбүздү толук кандуу аткарган болот элек.

 

Жаш куракта балдарга өзгөчө көңүл буруу керектигин билебиз. Бирок иш жүзүнө келгенде аларга туура мамиле жасап, туура багыт берип жатабызбы?

 

Психологияда курактык психология деген багыт бар. Өзгөчө балдарды таанып-билгиси келген ата-энелер үчүн абдан маанилүү. Айрым ата-энелер ушул багытта интернетти барактап болсо да балдарды жакындан тааныганга аракет кылышса. Балдар өзү кандай болот? Көпчүлүк ата-энелер баланын табиятын таанып-билбестен, балдарга эксперимент кылган учурлар көп кездешет. Биз буюмдарга эксперимент жасашыбыз мүмкүн, бирок балдарды тарбиялоодо эксперимент жүргүзө албайбыз. Мында ата-бабаларыбыз, илим-билим, башка бир элдер тарабынан тастыкталган, далилденген эрежелерге таянуу менен иш кылышыбыз керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Балалуу болууда ата-энелик өнөрдү, ата-энелик маданиятты үйрөнүшүбүз керек. Бизди эң аксатып аткан нерсе, ушул. Жакында статистикалык маалымат агенттиги мурунку жылдарга караганда ажырашкан жубайлардын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалымат таратты. Ушул учурда оор жагдайлар ортого келип чыгат. Мисалы, бала апасы менен калган учурда аны атасына көрсөтпөй, же ажырашкан жубайлардын кийин бири-бири менен начар мамиле жасаганы балдарды психологиялык жактан жабыркатып, коомдо агрессивдүү өспүрүмдөрдүн пайда болушуна себеп болууда. Өзгөчө шаар жерлеринде жаш ата-энелер кечке дейре жумушта болушат. Ата-эне жумушта болгондон кийин балдар көбүрөөк убакытты өз алдынча гаджеттер менен өткөрүшөт. Эгерде бала убактысынын дээрлик көпчүлүгүн жалаң гана компьютер, уюлдук телефон, телевизордун алдында өткөрүп калса, ал да кооптуу. Жаш куракта балдар маалыматты ылгай алышпайт. Баланын убактысын туура пландап берүү биздин милдетибиз. Аларды алмаштыра турган ишмердүүлүктү сунуштап, колубуздан келсе, чогуу, бирдикте аткарышыбыз зарыл.

 

Атанын үй-бүлөдөгү орду канчалык? Бүгүнкү күндө аталар өз милдеттерин канчалык деңгээлде аткарып атышат?

 

Ата катары аталарга сын да, кеңеш да айтып кетсем болот. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көп түйшүктү энелердин мойнуна жүктөп койдук. Алтымышынчы жылдардан тартып Кыргызстанда шаарлашуу процесси абдан тездик менен жүргөн. Мурун эркектер эртеден-кечке талаада же кырманда жүрүп, аңчылык кылып, натуралдык чарба менен алектенип келген болсо, азыркы күндө конторго барып-келүү менен гана чектелип калдык. Балдарды сөз менен эле эмес, көбүрөөк өрнөк болуу менен тарбиялоого өтүшүбүз мезгил талабы. Жубайыңыз тамак жасап жатса, баланы сиз карап туруңуз. Балаңызга китеп окуп бериңиз, балаңыз менен ойноңуз. Мурун аталар авторитети менен балдарга таасирдүү болуп келген биз азыр акылыбыз, өрнөгүбүз менен балдарга үлгү бололу.

 

“Жайлоодогу өнүгүү” борборлорунда кандай иштер жасалууда жана алдыда дагы кандай пландарыңар бар?

 

Кыргызстан боюнча жүз стационардык бала бакчаларды тандоо процессиндебиз. Ушуларды өнүктүрүү борборлоруна айландыруу планыбызда бар. Бир гана жайлоодо эмес, айылда дагы педагогдор, ата-энелер үчүн семинар, тренингдерди өтүүнү максат кылуудабыз. Ал эми ушул эле бала бакчалар мүмкүнчүлүк болсо, жайында жайлоого чыгып борбордун ишин улантышса болот. Анткени Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан өзгөчө бийик тоолуу аймактарда жашаган балдарды камкордукка алышыбыз керек. Себеби ушул региондордо ата-энелер турмуш шартына, маалыматтын аздыгына байланыштуу балдарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурууга мүмкүнчүлүгү жетпей калат. Бул жерде биздин дагы бир максатыбыз -балдарды гана эмес, ата-энелерди да өнүктүрүү. Ата-энелер үчүн китептерди даярдоо, тренингдерди өтүү багытында иш алып барабыз. Ушул ишибизди уланта берсек, мындан беш-он жылдан кийин балдардын деңгээли азыркыдан алда канча жогору болот деп ишенем.

 

Элвира Акимова
Де-факто

Акыркы жаңылыктар

24.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү

Бүгүн, 24-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү. Бул күнү да адаттагыдай эле кызыктуу программалар көрүүчүлөрдү тосуп алды. Музейдин кино залында ата-энелер үчүн “Балдар адабияты аркылуу өз өлкөбүздү кантип таанытабыз” деген темада адабиятчы Рахат Орозова лекция окуп берди. Т.Океев атындагы Кыргызфильмдин анимациялык ...
24.04.2019

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы жолугушуу университеттин табигый илимдер ...
23.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Иран Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Бүгүн, 23-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Иран өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара Бишкектеги Иран мектебинин окуучуларынын аткаруусундагы Иран Ыслам Республикасынын гимнин ырдоо менен башталды. Расмий ачылышында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева сөз сүйлөп, ал “Жибек жолу” көргөзмөсү ...
22.04.2019

Бишкектеги конуштардын арасында Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиада өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын салтанаттуу ачылышы “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн!” деген ураан менен ачылды. Спартакиаданын ачылышында ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку ...
21.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 21-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара индия бийлерин бийлөө менен башталды. Расмий ачылышында Эл аралык Медицина Жогорку Мектебинин ректору С.М. Ахунбаев, «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту , “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова сөз сүйлөштү. Р.Кайыкова ...
20.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 20-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара кыргыз, урду, англис, орус тилдериндеги саламдашуулар жана улуттук ырлар, бийлер менен башталды. Пакистан элинин улуттук кийимдери көрсөтүлдү. Расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев, Пакистан өлкөсүнүн Кыргыз ...
19.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Афганистан Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүнүн 19-апрелдеги күнү Афганистанга арналды.   Иш чаранын расмий бөлүгү «Афганистан» деген даректүү фильм менен башталды. Андан соң ушул күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Афганистан Ыслам Республикасынын Тышкы Иштер министри Салахуддин Раббани Көргөзмөгө да өзүнүн делегациясы менен келип катышып, куттуктоо сөзүн ...
18.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 18-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде жүрүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан өлкөсүнүн күн болуп өттү.   Иш чара керней, сурнайлардын шаңдуу үнү менен коштолгон концерттик программа менен башталды. Расмий ачылыш салтанатында КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым ...
17.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 17-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдик Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү.   Иш чара түркмөн элинин ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева Түркмөнстандын башкы бренди акалтекин тукумундагы жылкылар, экинчиси көз жоосун ...
16.04.2019

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү
16.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө «Экологиялык билимдер күнү» болуп өттү

Бүгүн, 16-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде өтүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүу Көргөзмөсүнүн алкагында Экологиялык билимдер күнү болуп өттү. Иш чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлук уюму (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, “Германиянын жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин (NABU) Кыргызстандагы филиалы, “Үч чака”, “Кыргызстандын агрардык платформасы”, ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»