Келечек муунга инвестициялоо Билим фестивалы Маалымат

23.05.2018

2018-алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнүнүн жыйынтыктары

Өткөн ишембиде, 19-майда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасында шаардын эң жаркын жана күтүлгөн окуялардын бири – «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына 2018 – алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнү аяктады.

 

Фестивалды дароо ар башка улуттардын 5 алып баруучусу Урмат Борченов, Пазылджан Илимов, Вячеслав Мантусов, Максим Ли жана Владимир Садырбаев ачты, алар биздин маданий көп түрдүүлүгүбүздү айкын көрсөттү.

 

Фестивалдын меймандарына жана катышуучуларына саламдашуу сөздөрү менен КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Отунбаева Роза Исаковна, КР Вице-премьер-министри Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна, Бишкек шаарынын Вице-мэри Рыскулова Айгүл Маратбековна, Кристенсен Фондунун Кыргыз Республикасындагы программасынын координатору Доолбекова Жылдыз Бекболотовна кайрылды.

 

Ошондой эле ачылышта меймандар белгилүү ырчылар жана рэперлер Айыма Айылчиеванын, Бегиштин жана Баястандын аткаруусунда 6-Фестивалдын темасына атайын жазылган ырды укту.

 

Бул күнү Билим фестивалынын бүткүл аймагы балдарга жана алардын ата-энелерине, шаардыктарга жана меймандарга, билим берүүчү жана чыгармачыл жамааттарга берилди. Бардык жерлерде ар түрдүү көргөзмөлөрү бар чатырлар жана оюн-зоок көрсөтүү үчүн сахналар, оюн аянтчалары жайгаштырылды. Ачык тийген күн майрамдын көркүнө көрк кошуп гана турду.

 

Фестивалдын аймагы 14 интерактивдүү аянтчага – «класстарга» бөлүндү, аларда эртеден кечке чейин таанып-билүү көргөзмөлөрү, мастер-класстар, викториналар, конкурстар, концерт жана башка көптөгөн нерселер өттү. Шаардыктар бүт үй-бүлөсү менен төмөнкүдөй класстарга бара алды: «Концерттик», «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы», «Дүйнөнүн маданияттары (АНК)», «Китеп текчеси», «Билимбектин лабораториясы», «Дүйнөнүн ашканалары», БУУнун агенттиктеринен «Туруктуу өнүгүү максаттары» боюнча аянтча, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы, «Балдар» аянтчасы, «Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча медициналык аянтча», «Спорттук класс», «Бий классы», «Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү» жана «Гүл ярмаркасы», кечки «Музыкалык Эркиндик».

 

Башкы сахнада эртеден кечке чейин балдар жана жаштар чыгармачыл жамааттарынын, Юлия Руцкая, Чолпон Талипбек, Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Курмангазы Азыкбаев жана анын "Энесай" жамааты сыяктуу КРнын белгилүү ата-мекендик артисттеринин, кубалык Black Kings тобунун концерти, ошондой эле Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын (ККА) коомдук бирикмелеринин оюн-зооктору өттү.

 

Фестивалдын аймагы боюнча ККАнын коомдук бирикмелеринен көргөзмөлөрү бар чатырлар жайгаштырылды, ал жерде Кыргызстандын маданиятын жана этносторун билдирген ачык жана өз алдынчалуу улуттук костюмдарды кийген диаспоралардын өкүлдөрүн көрүүгө мүмкүн болду.

 

Кыргыз бурчу бак-дарактардын көлөкөсүнө ыңгайлуу жайгашты, ал жерде кыргыз элинин элечекти ороо боюнча жана кыргыз ашканасы боюнча улуттук өнөрдү алып жүрүүчүлөрүнөн мастер-класстар өттү. Мындан тышкары, БУУнын аянтчасында меймандар менен бирге боз үй чогултулду, ал жерде андан соң Фестивалдын жаш меймандары үчүн жомок окулду. Боз үйдүн катарында балдарга улуттук оюндарды үйрөтүштү жана туура тамактануу жөнүндө айтып беришти.

 

Фестивалдын меймандары «Дүйнө элдеринин ашканалары» аянтчасында мастер-класстарга катышып жана ар түрдүү тамактардан даам сыза алды, ага 11 ресторан, кафе жана кулинардык студия катышты.

 

Жаштар аллеясын бойлото балдар чыгармачылыгынын шаардык жана республикалык борборлорунан жана башка билим берүү борборлорунан чатырлар жайгашты. Ар бир чакан стол ушул ийримдерге катышкан окуучулардын колу менен жасалган өз буюмдары, сүрөттөрү, оюнчуктары, майда буюмдары менен меймандардын назарын өзүнө буруп турду. Алардын ичинен авиамоделдерди, ракеталардын жана танкалардын моделдерин, токулган оюнчуктарды, мончоктон жасалган, мончокту тизүү техникасы боюнча аткарылган портреттерди жана гүлдөрдү, кагаз үйлөрдү, оригамини (KRJC), граттаж техникасындагы миниатюраларды, ишин жаңыдан баштап жаткан сүрөтчүлөрдүн иштерин – живописти жана башкаларды көрүүгө мүмкүн болду. Каалаган ар бир адам даяр иштерди көрүп гана тим болбостон, ошондой эле мастер-класстарга, анын ичинде интеллектуалдык оюндарга катышып жана кандайдыр-бир нерселерди өз колдору менен жасап көрө алды.

 

Фестивалда маңызы жана масштабдары боюнча кайталангыс «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы (акы төлөнүүчү жана акысыз)» иштеди, анда Бишкектин 17 жогорку окуу жайы (ЖОЖ) жана колледжи, 4 кесиптик лицейи, борбордун 15 тил борбору жана 8 уюм катышты, алар чет өлкөлөрдө окуу жана ишке орношуу боюнча консультацияларды берди. Ярмаркага ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү жана өнүктүрүү кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү төмөнкүдөй уюмдар катышты: «Менталдык арифметика», «Робот техникасы», «Жекече өсүш» жана көптөгөн башкалар.

 

Ошол эле учурда «Шанс» китеп дүкөнүндө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү, анын алкагында белгилүү инсандар – «Жарайт Сити» скетч-шоусунда ролдорду аткаруучу Нурсултан Курсанали уулу, ырчы Юлия Руцкая жана алып баруучу Урмат Борченов эртеден кечке чейин өспүрүмдөр менен жолугушуп, алар менен бирге китеп окушту, андан соң алардын суроолоруна жооп беришти.

 

Фестивалдын аймагында ошондой эле «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү» темасына асфальттагы сүрөттөрдүн конкурсу өткөрүлдү. Конкурска шаардык мектептерден 62 команда катышты, анын финалында жеңүүчүлөр аныкталды жана сыйланды.

 

«Бий» аянтчасында Жан Воиновдун Movement Dance Academy борборунан бий батлдары жана мастер-класстар өттү.

 

«Балдар» аянтчасында бой менен тең көрктүү куурчактар, бийлер, конкурстар жана көңүлдүү оюндар балдарды кубандырды. Мындан тышкары, КЭУнун жыйын залында кенже класстардагы мектеп окуучулары «Эней» театрынан «Маша, Айпери и мыльные пузыри» (орус тилинде) жана «Рабаят» куурчак театрынан «Ким күчтүү» (кыргыз тилинде) деген кызыктуу жана таанып-билүү спектаклдерин көрдү.

 

«Спорт» аянтчасында Фестивалдын ар бир мейманы батутта секирип, шаарыбыздын ар түрдүү спорттук мекемелери жөнүндө билип жана ар кыл спорттук оюндарга жана мастер-класстарга катыша алды.

 

Башкы сахнада өткөн, бүйүрдү кызыткан концерт «Кара-жорго» боюнча мастер-класс менен аяктады, ал жерде эң жигердүү меймандар белгилүү манасчы Жусупа Мамайдын чөбөрөсү – Тургуналы Жусуп Мамай менен жана Кайрат Примбердиевдин ырдоосу астында бийди үйрөндү.

 

Кечинде Филармониянын чоң залында «Өнүгүүнүн мобилдүү борборлору» долбооруна катышкан Бишкектин тумак-жай конуштарынан, реабилитациялоо борборлорунан жана Балдарды коргоо борборунан келген балдар жана алардын ата-энелери үчүн «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында «Дүйнө элдеринин бийлери» концерти уюштурулду. Концерттик программа «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун бий жамааттарынын күчү менен  даярдалды. Ошондой эле роликтер көрсөтүлдү жана Билим фестивалынын алкагында өткөн «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына социалдык видеороликтердин конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды.

 

Фестивалдын уюштуруучулары жана катышуучулары сунуш кылган кызыктуу шоу жана өнүктүрүүчү мастер-класстар балдарга да, чоң кишилерге да жакты, ал эми Билим фестивалы балдар менен ата-энелердин кызыкчылыктарын бириктирүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү болуп калды. Ал ар бир балага – өзүнө жаккан нерсени табууга, ал эми ата-энелерге алардын балдары эмнеге кызыгарын билүүгө жардам берди.

 

Майрам «Музыкалык Эркиндик» аянтчасы менен аяктады, ал жерде меймандар менен шаардыктар кеч түнгө чейин жандуу музыка менен ыракаттанды. Алтынчы Билим фестивалына болжол менен 15 000ден ашык адам барды.

 

Билим фестивалы Бишкекте 2013-жылдан тартып өткөрүлүп жатат. 2014-жылдан тартып ал тематикалык болуп калды жана Фестивалдын аракеттеринин биринчи күнү – өлкөнүн кесиптик ЖОЖунун базасында (2014-жылы – Раззаков атындагы КМТУ, 2015-жылы - Скрябин атындагы КУАУ, 2016-жылы - Ахунбаев атындагы КММА, 2017-жылы - КДТжСМА), экинчи күнү Бишкек шаарынын ортосунда 7 удаалашш аянтчада/класста өтөт.

2016-жылы Билим фестивалы борбордук-азиялык "Event Awards Central Asia" сыйлыгынын жыйынтыктары боюнча Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы деп таанылган. Мындан тышкары, Россия, Беларусь, Латвия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Армения сыяктуу өлкөлөрдүн ичинен 84 иш-чаранын арасында «Балдардын мыкты иш-чарасы» категориясында "Global Event Awards" глобалдык сыйлыгы менен сыйлоо аземинде (4-декабрь, Москва шаары) 3-орунга татыктуу болду.

 

Эске сала кетсек, Фестивалдын биринчи күнү 2018-жылдын 20-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин имаратында өттү.

 

Фестиваль балдарды жана жаштарды, ошондой эле кеңири коомчулукту Кыргызстанда жашаган ар кыл этностук топтор менен тааныштырууга, аларда этностук көп түрдүүлүккө жана ар кандай элдердин маданий өз алдынчалуулугуна өз ара урматтоону тарбиялоого багытталган.

 

2018 – Билим фестивалын «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын мэриясы, ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссия жана Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте уюштурду.

 

2018 – Билим фестивалынын уюштуруучулары ушунчалык эбегейсиз зор балдар билим берүү иш-чараларын уюштурууга жардам бергени үчүн демөөрчүлөргө, бардык өнөктөргө, катышуучуларга жана волонтерлорго зор ыраазычылык билдирет.

 


Акыркы жаңылыктар

17.11.2018

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын ...
10.11.2018

Зомбулук - коомдун вирусу

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.   "Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".   Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.   Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта ...
06.11.2018

Конференциянын экинчи күнү «Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу»

«Саясий чечимдерден аракеттерге карай. Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу» деген эки күндүк конференциянын алкагында кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүдө комплекстүү стратегияларды талкуулоо үчүн Бишкек шаарында 60тан ашык катышуучу чогулду. Бул конференциянын актуалдуулугу ошондой эле убакыттын контексти менен шартталган, анткени азыркы учурда гендердик зомбулук көйгөйүн чечүү ...
03.11.2018

Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар өттү

АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун катышуучулары үчүн эки ай бою (ноябрь-декабрь) Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда вебинарлар өтөт. Долбоордун катышуучуларынан тышкары вебинарларга каалагандардын бардыгы катыша алат. Бул үчүн вебинарлар базасында өткөрүлө турган долбоордун өнөк ЖОЖдорунун: И.Раззаков ...
02.11.2018

Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт

2018-жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өткөрүлөт.   Тренингдин максаты – ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө, ошондой эле «Тамактануу пирамидасы» ...
02.11.2018

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына визити

БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылы уюштурулган Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңештеги иштин алкагында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына (Нью-Йорк шаары, АКШ) визити болуп өттү.   Алсак, 2018-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки мезгилде КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментинин башчысы Розмари ДиКарло, ...
02.11.2018

30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү

РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында ...
02.11.2018

«STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды

2018-жылдын 1-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Конкурска Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас областтарынан жана Борбордук Европадан арыздар келип түшкөн.   Курамына ар ...
01.11.2018

Search for Common Ground сыйлыгы КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага тапшырылды

Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) – Тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөлүк ири уюм 2018-жылдын 1-ноябрында Search for Common Ground уюмунун сыйлыгын ар жылдагы тапшырууда тынчтыкты сүйүүчүлөрдүн активисттерин куттуктайт. АКШ өкмөтүнүн, дипломатиялык, ишкер жана бизнес секторлорунун жүздөн ашык лидерлери Inter Continental New York Barclay отелинде , Нью-Йорк, бул иш-чарага катышуу үчүн чогулат.   Быйылкы жылы сыйлыкты тапшыруунун ар жылдагы XIX аземи чечилбеген чыр-чатактарды ...
31.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2018-жылдын ноябрына   иш-чараларынын дайджести       1-ноябрь – «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктарын жарыялоо Качан: 1-ноябрь, саат 11.00дө Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (1-корпус, 1/211-ауд.) «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору жана «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун ...
30.10.2018

Борбордун он турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акциялр өткөрүлөт

2018-жылдын 26-октябрынан 16-ноябрына чейин жаштар командалары Бишкек шаарынын 10 турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.   Бишкекте 2018-жылдын 26-октябрында Ак-Бата турак-жай конушунда Свердлов райондук мамлекеттик администрациянын акими Болотбеков Самарбек Болотбековичтин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын, дене тарбиясынын жана спорттун иштери боюнча ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»