Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Эко-долбоор» Бишкектин мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте Бишкектин мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

23.01.2016

Борбор шаарда «Экологиялык коопсуздук» темасына мугалимдер үчүн лекция болуп өттү

21-январда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында № 67 окуу-тарбиялоо комплексинде Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн Экология боюнча лекторий болуп өттү. Эколог, «БИОМ» экологиялык кыймылынын аткаруучу директору Анна Кириленко «Экологиялык коопсуздук: аны камсыз кылуу боюнча мектептердин ишинин өзгөчөлүктөрү» темасына лекция жасады. Бул экологиялык тобокелдиктердин ар кыл аспекттери чагылдырылган ушул тема боюнча алгачкы киришүү лекциясы болду. Угуучулар «тобокелдик коомчулугу» түшүнүгү, анын негизги контурлары жана көйгөйлөрү менен таанышты. Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө биздин ден соолугубузга коркунуч келтирген тобокелдиктердин саны канчалык көбөйүп жатканы көрсөтүлдү, буга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүнүн жана аларды күндөлүк турмушубузда – мектепте жана үйдө азайтуунун атайын жөндөмдөрүн калыптандыруу зарыл. Лекциянын алкагында экологиялык жактан коопсуз тамак-аш азыктарын, самын-кир жуугуч продукцияны, демейде мектепте колдонулуучу курулуш материалдарын тандоонун ар түрдүү мисалдары келтирилди.

 

Анна Кириленконун айтымына караганда, «Экологиялык коопсуздук – мугалимдер үчүн кыйла жаңы жана өтө актуалдуу тема. Анткени бала жана өспүрүм куракта адамда ден соолуктун жана аны өмүр бою сактоонун негиздери түптөлөт. Мен аудитория тарабынан зор кызыгууну сезип турдум жана бул биздин ушул тема боюнча лекциябыздын башталышы гана экенин түшүнүү кубанычтуу. Көптөгөн жылдардын ичинде биздин уюм иштеп чыккан билимдер бар болгон учурда биз биргелешкен күч-аракеттер менен окуучулардын ден соолугунун жана жашоосунун сапатын жогорулатууга өз салымыбызды кошо алабыз деп ойлойм», – деп белгиледи Анна Кириленко.

 

Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө 2016-жылга Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте пландаштырылган иш-чаралар жана эко-акциялар жөнүндө видеоматериалды көрсөтүү жана маалымат берүү менен 2015-жылдагы «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун жыйынтыктарын презентациялоо болуп өттү.

 

Лекторий №67 гимназия мектебинин окуу-тарбиялоо комплексинин окуучуларынын оюн көрсөтүүсү менен аяктады, алар экология боюнча слайд-шоунун коштоосунда «Планетабызды коргоп калабыз» эко-презентациясын сунуш кылды.

 

Иш-чараларга Бишкектин мектептеринин биология, география жана химия боюнча 167 окутуучусу катышты. Эко-долбоордун алкагында түзүлгөн плакаттар: «Экологиялык календарь» жана «Жаш бишкектиктин эрежелери» таратылды. Лекциянын алкагында окуучуларда «БИОМ» экологиялык кыймылынын жаңы «Туруктуу өнүктүрүүнүн контекстинде экологиялык коопсуздук» басылмасын алуу мүмкүнчүлүгү болду, анда Кыргызстан боюнча зор материал чогултулган. Бул басылмага ээ болууну каалаган мугалимдер аны төмөнкүдөй шилтемеден ала алат:  http://biomweb.herokuapp.com/portfolio/#/81

 

Лекцияны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана БИОМ» экологиялык кыймылынын катышуусу менен уюштурду.

 

 

«Экологиялык коопсуздук: аны камсыз кылуу боюнча мектептердин ишинин өзгөчөлүктөрү» презентациясын жазып алуу

 

Маалыматтык справка:

 

2015-ЖЫЛДАГЫ ЭКО-ДОЛБООРДУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ:

 

Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий



Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери, директорлору жана директорлорунун орун басарлары үчүн 11 лекция. Лекциялардын тематикасы мугалимдердин каалоолорун эске алуу менен экологияга жана биологиялык ар түрдүүлүккө басым жасоо аркылуу тандалды. Ошондой эле шаардык балдар бакчаларынын жана жай мезгилинде чабандардын балдары үчүн иштей турган жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн лекциялар уюштурулду.

 

«ТазаБИШ» (Таза Бишкек)


Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун, студенттик жана жаштар уюмдарынын катышуусу менен 5 акция.

 

«Жашыл Бишкек – мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы


1-акция - 3-4-апрелде, 6 мектеп: 91, 83, 78, 72, 51, 2 – 1200дөн ашык көчөт

2-акция – 17-октябрда, 15 мектеп: 93, 92, 90,89, 88, 87, 86, 85, 84, 81, 80, 79, 77, 73, 71 – 5000ден ашык көчөт

3-акция – 30-октябрда, 4 мектеп: 82, 34, 30, 22 – 2500дөн ашык көчөт

 

«Полиэтилен пакеттер болбосун» эко-акциясы

 

Биринчи акция – 3-мартта Кыргызстан Аялдарынын биринчи Улуттук форумунун акагында

Экинчи акция "Полиэтилен пакеттер болбосун" – 24-октябрда "Эко-Баштык" Фестивалынын алкагында

 

Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы мекемелеринин арасында эко-сөз айкаштарынын конкурсу

 

Борбор шаардын 6 мектептен тышкаркы мекемеси катышты.

 

Плакаттардын жана сүрөттөрдүн конкурсу

 

"Экология жана биз" Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте

 

Бишкек шаарынын мектептеринин арасында макулатура чогултуу боюнча мелдештер



Бишкектин 60тан ашык мектеби катышты

 

"Эко-селфи" конкурсу - 3 жеңүүчү

 

"Эко-фотоаңчылык" конкурсу - 7 жеңүүчү

 

«Билим кербени: Бишкек шаарынын мектептери үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»

 

20 кербен, Бишкек шаарынын 1200дөн ашык мектеп окуучусу

 

Бишкектин мектеп жанындагы лагерлери үчүн экология боюнча билимдердин кербени


4 кербен, 400дөн ашык мектеп окуучусу

 

Зоологиялык музейдеги экологиялык жолугушуулар


15 – 26-июнь, мектептердин жанындагы 18 лагерден 686 мектеп окуучусу

 

«Экологиялык календарь» жана «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакаттарын иштеп чыгуу жана мектептер, эко-долбоордун өнөктөрүнүн жана Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин арасында акысыз таратуу. 

 

Экология жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына 16 социалдык видеоролик


5 телеканал боюнча көрсөтүү

 

Үчүнчү Билим берүү фестивалы: Эко-фестиваль - 24-25-апрель

6 класс/аянтча, 15 миңден ашык келүүчү, 150дөн ашык катышуучу уюм, 80ден ашык волонтер, 250дөн ашык иш-чара.

 

Долбоордун алкагында билим берүү кызматкерлеринин шаардык секциялык кеңешмесинин алкагында эко-долбоорду жана пландаштырылып жаткан иш-чараларды презентациялоо 

 

Көбүрөөк маалыматтар төмөнкү сайттарда:

www.festival.roza.kg жана www.roza.kg 

Акыркы жаңылыктар

21.06.2018

Роза Отунбаеванын чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрпылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын чет жакта жашап. эмгектенип жүргөн мекендештерге видео-кайрылуусу
19.06.2018

Окутуучу жана өнүктүрүүчү материалдарды сатып алууда ТИКА «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен жардам берип жатат

Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) оюнчуктарды жана канцеляриялык товарларды сатып алууда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен колдоо көрсөтүп жатат. Быйылкы жылы ТИКА 1 163 800 сом суммасына колдоо көрсөттү. Бул каражаттарга бүткүл Республика боюнча 50 Жайлоо өнүгүү борборлору оюнчуктар жана канцеляриялык буюмдар менен камсыз ...
17.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 14-июнунда ...
13.06.2018

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо

Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт. Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат. Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, ...
12.06.2018

АКШнын КРдагы Элчилиги «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» кыргыз тилиндеги 1200 китепти тартуулады

АКШнын КРдагы Элчилиги жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдарды катары менен эки жылдан бери өзүнүн китептери менен кубандырууда. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен чыгарылган төрт аталыштагы жалпы саны 1200 нуска болгон китептерди АКШнын КРдагы Элчилиги «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна белекке берди. Китептердин аталыштары: Доктор Сьюз «Эртель ташбакасы», Жаклин Келли «Келпурнии ...
12.06.2018

Көңүл айтабыз

Ушул күндөрү балдар адабияты оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында таланттуу акын Асек Казиев дүйнө салды. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөн. Чыгармачылыкка жетилген курагында аралашса да балдарга , жаштарга арналган ырлардан турган 30 китепти жазып, жарыкка чыгарууга жетишкен. Анын “Жети-Өгүз кайрыктары» (2000),«Балбай баатырдын керээзи» (2003),«Сарногоевка салам кат» (2003),«Айтылбай калган ...
05.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» - чыгармачылык кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы. Кече ...
04.06.2018

Роза Отунбаева «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнө барды

«Асанбай» борборунун галереясында «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнүн ачылышы болду. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, ушундай иш-чараларды өткөрүү руханий жактан өсүүгө жана маданияттардын өз ара байышына түрткү болот деп белгиледи.   Көргөзмөдө ар кандай медиаларда иштеген үч сүрөтчүнүн иштери сунуш кылынган.   Сүрөтчүлөр Грузиянын маданиятынын байлыгын жана назиктигин чагылдырып турат. Нино Кипшидзе ...
01.06.2018

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү. Иш-чарагаКыргыз Республикасынын ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»