Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Эко-долбоор» Эко-кампаниялар жана акциялар

01.04.2016

Ысык-Ата районунун мектептеринде көчөттөрдү жыл сайын отургузуу

KICB’нын демилгеси боюнча Ага Хан Фондунун жана «Кумтор Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен түзүлгөн «Жашылдандыруу фонду» жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Ысык-Ата районунун 2 мектебинде мөмө бактарынын 300дөн ашык көчөтүн отургузду. «Жашылдандыруу фондунун» мүчөлөрү жергиликтүү шарттарды жана эколог эксперттердин сунуштамаларын жана окуучулардын, мугалимдердин келечекте мыкты түшүм алуу үчүн көчөттөрдү багууга бекем ниетин жана каалоосун эске алып, көчөттөрдү мектептерди тегерегиндеги аймактарга отургузушту.

 

Мектептердин аймактарында жагымдуу микроклиматы түзүү, мектептин айланасындагы участокту көрктөндүрүү, курчап турган чөйрөнүн туруктуу системасын өнүктүрүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн 2 мектеп тандап алынды. Мектептердин окуучулары жана окутуучу курамы мөмө бактардын отургузулган көчөттөрүнө кам көрүүгө жана аларды ойдогудай багууга бекем ниетин билдирди. 2014-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду экологдор менен бирдикте туура жашылдандыруу, анын ичинде үйдө өсүмдүк өстүрүү боюнча Бишкектин мугалимдери жана тарбиячылары үчүн лекция өткөрдү.

 

Курчап турган чөйрөнү коргоо, өсүп келаткан жаш муунду экология маселелерине тартуу KICB’нын корпоративдик философиясынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

 

Бактарды жана көчөттөрдү отургузуу аземи мээримдүү жана достук кырдаалда, мектеп окуучуларынын жана окутуучулардын жигердүү катышуусу менен өттү. «Жашылдандыруу фондунун» мүчөлөрү окуучулар отургузган ар бир бак алардын жалпы камкордугу жана мектепти гана эмес, ошондой эле алардын айылын жашылдандырууга реалдуу салымы болуп калат деген ишеничин билдирди.

 

Маалымат:

 

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАК 2001-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы 17.5 миллион АКШ доллары. Банктын акционерлери болуп Кыргыз Республикасы жана бүткүл дүйнөгө таанымал төмөнкүдөй эл аралык финансылык институттар саналат: Ага-Хан экономикалык өнүктүрүү фонду, Хабиб Банк Лимитед, Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча Немецтик Корпорация, Европалык Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы жана Эл аралык финансылык Корпорация.

 

«Жашылдандыруу фонду» Кыргыз Республикасында шаарларды жашылдандыруу жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көчөттөрдү отургузуу жана бактарды сактоо боюнча кампанияны алга илгерилетүү үчүн KICB тарабынан 2012-жылы түзүлгөн. KICB жана анын өнөктөрү соңку 4 жылдын ичинде Бишкек шаарында бактардын жана бадалдардын 8 000ден ашык көчөтүн отургузду.

 









Акыркы жаңылыктар

15.10.2018

Пресс релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын , журналист Жедигер Саалаевдин чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
11.10.2018

Кор кылба элим кызыңды.

05.10.2018

Сузак районунун тургундарын ар түрдүү азыктардан тамак жасоого үйрөтүштү

«Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну жана аны жактоону арттыруу» долбоорунун алкагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш, Сафаровка, Октябрь айылдарында улуттук ашкананын 25 тамак-ашын жасоо боюнча иш (мастер-класс) жүргүзүлдү.   Белгилеп кетели, 25 бенефициарийдин ортосунда туура тамактануу боюнча мурда иштелип чыккан ...
05.10.2018

«Ак-Ордодогу»

2018-жылдын 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду , ЮНФПА жана Тынчтыкты куруу фонду тарабынан “Акындар Бишкек шаарынын жаңы конуштарында тынчтык, биримдик үчүн” деген аталыштагы иш чара уюштурду. Аталган иш чара бул конуштагы №96 жаңы мектептин чоң залында өтүп, ага кыргыз элине таанымал акындар Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев, ...
04.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести       1-3-октябрь - "25 салттуу тамак" рецепттер китебин даярдоо Кайда: Жалал-Абад областы, Сузак району Иштелип чыккан салттуу тамактарды даярдоо боюнча Сузак районундагы (Сафаровка, Багыш, Октябрь) 25 бенефициар менен иштөө. Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)     4-октябрь - Турак-жай конуштарынын тургундары менен жолугушуу ...
04.10.2018

Отунбаева: Ысык-Көл форумунун актуалдуулугу азыр да курч

4-октябрда “Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III эл аралык Ысык-Көл форуму башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери келе жаткан Ысык-Көл форумунун негизги мааниси тууралуу экс-президент Роза Отунбаева менен маектештик. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.   — ...
03.10.2018

Отунбаева: «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор

«Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Маалыматка ылайык, эртең «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу III эл аралык жыйыны башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Роза ...
01.10.2018

«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 28-сентябрь күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Т.Сатылганов атныдагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналган “Жолдогу сентябрь” поэзия кечесин өткөрдү. Азыркы учурда Москвада жашап, эмгектенген акын кыздар Н.Гургубаева жана ...
26.09.2018

Мектепке чейинки мекемелердин методисттери жана тарбиячылары үчүн «Балдардын ишмердигинин бардык түрлөрү аркылуу экологиялык тарбиялоо» тренинги өттү

Өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы өзгөчө роль ойнойт. Балдарыбыздын келечеги анын көз карашына, маалыматты берип, балдарды шыктандыра алышына, эмгекке үйрөтө билишине байланыштуу.   Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Методикалык кеңеши «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык ...
25.09.2018

Роза Отунбаева: БУУдагы бийик жолугушууларда акылың төгүлүп, харизмаң көрүнүп турганы жакшы

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды. Жээнбеков сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен да жолуга турганын президенттин расмий сайты жарыялады.   Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын президенттери БУУда бир нече ирет сөз сүйлөп, баяндама жасаган. Би-Би-Си аталган дүйнөлүк башкы уюмда бир нече ирет сөз сүйлөгөн Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага ...
25.09.2018

Интернет коммуникацияларды үйрөнүү боюнча тренинг

2018-жылдын 21-сентябрында ЮНФПАнын «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында бейпилдикти жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканада ден соолук коомдук комитетинин (ДКК) мүчөлөрү, райондук жана шаардык ден соолукту чыңдоо борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобунун (ҮВТ) медициналык ...
23.09.2018

Бишкекте «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китбинин презентациясы өттү

22-сентябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китебинин презентациясы өттү.   Бул Кыргызстандын жети региону, биологиялык ар түрдүүлүгү жана ажайып жерлери жөнүндө таанып-билүүчү жөн гана китеп эмес, бул – балдар үчүн саякат аңгеме түрүндө кызыктуу жана түшүнүктүү жазылган чыныгы энциклопедия. Кең-кесири карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Кор кылба элим кызыңды

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»