Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Эко-долбоор» Эко-кампаниялар жана акциялар

26.12.2016

Мектеп окуучулары үчүн «Менин жашыл досум» экоакциясын уюштурушту

21-декабрдан 23-декабрга чейин Бишкекте «Менин жашыл досум» экоакциясы өттү. Ага №1 жана №71 жатак мектептерден, ошондой эле "Үмүт-Надежда" реабилитациялоо борборунан 230 тарбиялануучу катышты.

 

Экология жөнүндө роликтерди көрсөтүү жана интерактивдүү маектешүүнү жүргүзүү менен көңүлдүү презентацияны өткөргөндөн кийин ар бир катышуучу герань гүлүн туура отургузуп жана өзү менен кошо алып кете алды.

 

«Акция окуучуларга жана мугалимдерге абдан жагып калды, анткени эми алар өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн жана кооз гүлдөр гүлдөшүнүн процессине өз көзү менен байкоо жүргүзүп, ошондой эле өзүнүн жашыл досун өз алдынча бага алат», - деп билдирди уюштуруучулар.

 

Бул акциянын максаты окуучуларда экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу, курчап турган чөйрөгө болгон сүйүүнү жана камкордукту арттыруу болуп саналат. Бул акция үчүн бөлмөдө өсүүчү өсүмдүк – герань тандап алынган. Бул бекеринен эмес, себеби анын көп пайдалуу касиеттери бар, анын ичинде ал абаны тазалайт, нервди тынчтандырат, уйкуну жакшыртат жана басымды төмөндөтөт. Мындан тышкары, герандын атыр жыттуу түрлөрү курт-кумурскаларды жана чымынды качырат.

 

Иш-чаралар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Эске сала кетсек, 2015-жылдын жазында «Менин жашыл досум» акциясы адистешкен үч – №22, 30, 34 мектептерде өткөрүлүп, ага 100дөн ашык тарбиялануучу катышкан.

 

Акыркы жаңылыктар

16.12.2017

Экс-президент Роза Отунбаева: Биздин коом көп окуса эле өнүкмөкпүз

Марал радиосунун "Интеллектуалдар ордосу" программасынын бул жолку коногу экс-президент Роза Отунбаева болду. Ал эми берүүнү профессор Алмаз Бейшеналиев алып барууда.  
16.12.2017

«Поэзия кечелери»: «Поэтерапия»

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар Калича Жакыпованын жана Жылдызбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналган кече 2017-жылдын 15-декабрында Филармониянын ...
13.12.2017

Уинстон Черчиллдин китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Ушул күндөрү Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.   Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы болуп саналат. Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы ...
13.12.2017

«Бешик ырлары» сынагынын жыйынтыгы чыкты

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фонду жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы, Кыргыз радиосу "Бешик ырлары" сынагын жарыялаган. Жай айларында жарыяланган сынактын жыйынтыгы жакында чыкты. "Түз эфирде жолугушуу" программасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун өкүлү, "Бешик ырлары" сынагынын координатору Топчугүл Шайдуллаева мейманда болду. Уктурууну түз ...
05.12.2017

Жакын адамдарга кубаныч тартуулагыла жана жакшы иштерди жасагыла

Кымбаттуу достор жана өнөктөр! Жыл сайын Жаңы жылдын алдында биз силерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду сүрөтчү Х.Ф.Шимова менен бирге чыгарган открыткаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Открыткаларды сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар балдар билим берүүдолбоорлорун колдоого жумшалат. Бул открыткаларды өзүңөржана өз жакындарыңар үчүн сатып алуу менен силер Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын ...
04.12.2017

Кайталангыс басылмалар кайталангыс бааларда!

Эң ажарлуу майрам – Жаңы Жыл жакындап келатат! Эгерде силер өз туугандарыңаргажана жакындарыңаргабелектержөнүндө али ойлоно элек болсоңор, бизде силер үчүн мыкты сунуш бар! Силер ушул жылдын 25-декабрына чейин гана биздин кызыктуу китептерибизди 10%дан 30%га чейинки жеңилдетүү менен сатып ала аласыңар. «Манас сүрөттөрдө» - орус тилиндеги сүрөттүү китеп, аны окуу учурунда сизде жана сиздин балаңызда баатырларда мейманда болуу, салгылашуулардын ...
03.12.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын декабрында иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2017-жылдын декабрына   иш-чараларынын дайджести Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: шейшемби жана бейшемби Кайда:Бишкек шаарынын мектептери 6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар ...
02.12.2017

КР Экс-президенти Р.Отунбаева «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү

1-декабрда Р.Отунбаева өзү кеңешчиси болуп саналган Кытайдын «Кытай жана глобалдаштыруу» эң белгилүү талдоо борборлорунун биринде «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү. Журналисттер жана илим изилдөөчүлөр, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адистер мейманга берилген көп сандаган суроолорго жоопторду алды. Алар келечекте ушундай маалыматтык жолугушууларды уюштуруу жөнүндө өтө каалоолорун ...
02.12.2017

Радиомектеп: «Наристелердин өнүгүүсүндөгү нормалар»

Тема: "Наристелердин өнүгүүсүндөгү нормалар"   Катышуучлар: Токон Орусбаева – И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Арстанбек Сагынтай уулу - «Жайлоо өнүгүу борборлору» долбоорунун координаторунун жардамчысы  
01.12.2017

«Поэтерапия» поэзия кечеси

Урматтуу поэзия күйөрмандары!Сиздерди Кыргыз элине белгилүү   акындар Жылдызбек Турсунбаев менен Калича Жакыпованын "ПОЭТЕРАПИЯ" аттуу поэзия кечесине чакырабыз.Кече 15-декабрь, саат 17.00-до Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.Кирүү акысыз.Келип көңүлүңүздү ачып кетиңиз!Пресс-релиз «Поэтерапия» поэзия кечеси  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»