Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Эко-долбоор» Эко-кампаниялар жана акциялар

28.03.2016

Көктөмдөгү көчөттөр жана үмүт-тилектер

«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун сунушу менен Москва районундагы Сретенка орто мектебинде 250 түп жемиш бактары отургузулду. Акциянын максаты мектеп алдындагы жемиш бакчаларын өнүктүрүү жана Чүй облусундагы мектептерди колдоп, акырындык менен башталгыч класстын балдарына ысык тамак берүүнү көздөйт. Бул жакшы жөрөлгөнү Бириккен бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана KISB банкы да колдоду.

 

Экс-президент Роза Отунбаеваны Москва районундагы 50 жылдык тарыхы бар Сретенка орто мектебинин педагогикалык жамааты, окуучулар жана ата-энелер тосуп алышты. Өз сөзүндө Роза Исаковна мектептин айлана-чөйрөсү абдан таза жана ирээттүү экенин белгиледи.

 

- Биздин келген максатыбыз — мектептин алдында жемиш бакчасын уюштуруу. Аны силер окуучулар багып, өстүрөсүӊөр. Карагылачы, мектептин айланасындагы теректерге бир топ жыл болгону байкалып турат. Келгиле, балдар, мектепке, табиятка мамиле кылганды үйрөнөлү. Жер шарында 7 млрд. адам жашайт, 2030-жылы ал 9 млрд. чыгат деген маалымат бар. Мына ошол 7 млрд. ичинен 6 млн. калкы бар 200 миӊ кв.км жайгашкан Кыргызстан мамлекетинде биз жашайбыз. Жер шарынын теӊдештигин биз бузбашыбыз керек. Табияттын мыйзамын дайыма бузган үчүн таза суубуз, табигый ресурстарыбыз, таза азык-түлүктөрүбүз азайып баратат. 6 млн. калкыбыздын ден соолугу чыӊ болуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Өзгөчө балдарыбыздын дени сак болсо, алардын окуусу да жакшы болуп, көӊүлдөрү да жайдары болот. Балдар мектепте жок дегенде бир жолу тамактануусу керек. Биз республикадагы бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы буга чейин 261 мектепте башталгыч класстын окуучуларын тамактандырып келишсе, азыр биздин аракетибиз менен анын саны 800 жетти.

 

Мен Ош шаарындагы Киров мектебинде окугам. Мектепке эки жагы жалаӊ бак-даракка жыш толгон аллея аркылуу кирчү элек. Кийин ошол бак-дарактардын эскилиги жетип, соолуганы соолуп, өспөгөнү куурап калган эле. Кийин ошол билим алган уямдын аллеясына бүт жаӊы көчөттөрдү отургуздум. Силердин бүтүрүүчүлөрүӊөр дагы артында жакшынакай из калтырат деп ойлойм.

 

Мектептин 1,5 гектар жери бар экен. Эски, чирип калган бактар кыйылыптыр, мына ошолордун ордуна жаӊы көчөттөрдү отургузалы дедик. Мен жетектеген фонд болгону демилге көтөрүп, ишти аткарууга дем берип турат. Мына ушул биз көтөргөн демилгени БУУнун Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоду. Бүгүн биз баштап берсек, эмдиги жылы 50 түп алма же алмуруттун көчөтү кантип табылбасын? Табылат. Мына силердин эски бакчаӊарды калыбына келтирип берсек, буюрса, келечекте мөмөлөрүн аласыӊар, ал мектепке кошумча каражат алып келет. Дегеле келечекте жакшы жашоону кааласак айыл чарбасын өнүктүрүшүбүз зарыл.

 

Мындан сырткары, балдар, силер жаӊы доордо жашап жатасыӊар. Биздин кошунабыз Кытай мамлекетин карагылачы, кандай ылдамдык менен өнүгүп жатат. Алар таза азык-түлүк менен тамактанууну каалашат. Кытай эӊ ири сатып алуучулардын бири. Ошондуктан биз таза азык-түлүктөрдүөндүрүшүбүз керек. Биз жер-жемиштерди кантип себебиз, кантип сугарабыз, канткенде мол түшүм алынат ж.б.у.с. нерселерди окуп билүүбүз зарыл. Айыл чарбасына окуйм дегендерге ак жол, ал эми инженер болом дегендерди кош колдоп колдойм. Ошол эле кезде англис, кытай тилдерин окуганга чакырып кетем, — деди экс-президент.

 

Андан кийин сөз алган БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Зарина Абдышева, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Рам Сараванамутту окуучулардын тамактануусуна кошумча каражат алууда жемиш бакчасы чоӊ ролду ойноорун белгилешти.

 

- Жемиш бакчасы кошумча каражат алып келет. Ошондуктан сапаттуу азык-түлүктөрдү алып, тамактанууну жакшыртса болот. Роза Исаковнанын сунушун биз кубануу менен кабыл алдык, анткени өнөктөштөр менен бирге жасап жаткан ишибизди кеӊейте алабыз. Баарыбыз чогуу окуучулардын сапаттуу тамактануусун камсыз кылабыз. Эӊ башкысы окуучулар жемиш бакчасын багуу менен бирге экология жана айлана-чөйрө тууралуу билимдерин өркүндөтүшөт. Мектеп алдындагы чарба — балдарды стабилдүү, сапаттуу, толук кандуу тамак менен камсыз кылууда жана мектепти каржылоодо башкы ролду ойнойт. Окуучулардын тамактануусун өнүктүрүү аракетибизде — мектеп алдындагы чарба маанилүү компоненттердин бири. Так ушул нерсени өнөктөштөр колдоп кетти, — деди Рам Сараванамутту.

 

Ал эми Чүй облусу боюнча Өкмөттүн атайын ыйгарым өкүлүнүн орун басары Жаӊыл Айдакеева, мамлекет тарабынан 298 мектеп колдоого алынып, тамактануусу каржыланып жатканын айтты. Ошондой эле ал Кемин, Жайыл, Москва райондорундагы айрым мектептерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду, Бириккен бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), KISB, «КРнын мектептеги тамактанууну жакшыртуу» боюнча БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу аркылуу ысык тамак берилип жатканына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен дагы 90 мектеп ысык тамакка өткөнүн баса белгиледи.

 

Сретенка орто мектебинин директору Изат Маметовдун айтуусунда, 700 окуучусунун 400 башталгыч класстын балдары. Мындан сырткары мектептин алдында бала бакча да иштейт.

 

- Бүгүнкү отургузулган жемиш бактар ар бир класска бөлүнүп берилет. Алар жыл бою аны карап, багып, өстүрүшөт, — дейт мектеп жетекчиси.

 

Ошентип, айылдык мектепке келген коноктор, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер бир саатка жетпеген убакытта 250 түп ар кандай сорттогу жемиш бактарын отургузушту. Алар бактарды жөн эле тигип койбостон, туура отургузууну да үйрөнүштү.

 

- Карагылачы, балдар, он чакты бакты кайра отургузууга туура келди. Бүгүнкү иш-чарадан ар бириӊер сабак алдыӊар деп ойлойм. Көрсө, ар бир көчөттүн киндигин күн чыгыш жакка каратып, аны көмбөш керек экенин билдик. Бүгүн баарыбыз чогуу алма жана алмурут бактарын тигүү боюнча билимибизди өркүндөтүп, билбегендер үйрөнүп алышты. Менимче, бүгүнкү күн текке кеткен жок, — деди Роза Отунбаева.

 

Айтмакчы, март айынын ичинде Чүй облусунун 11 мектебинде 200 түп алма жана алмурут бактары отургузулат. Келечекте бул жемиш бактарынан алынган мөмөлөр окуучулардын тамактануусунун сапатын жогорулатат жана түшкү тамактын ассортиментин көбөйтөт. «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду жана ФАО учурда сегиз мектепке жемиш бактарын отургузушса, KISB эки мектепке кошумча каржылык колдоо көрсөттү, ал эми «Глобалдуу ой жүгүрт — чөлкөмдө аракеттен» аттуу фонддун эко-долбоору бир мектепти колдоп, ал жерде дагы ар кандай сорттогу жемиш бактары отургузулду.

 

Экс-президенттин пикиринде, мектеп алдында уюштурулган бакчалар таза жана рационалдуу тамактанууга үйрөтөт, ошондой эле окуучулардын табият менен таттуу жашоосуна түрткү берет. Мындан сырткары бакчалар айыл чарба, экономика жана тамактануу тууралуу сабак өтүүдө лабораторияга айланат.

 

Бул демилге мектеп алдындагы бакчаларды өнүктүрүүнү, ошондой эле БУУнун БДАТП модели боюнча акырындык менен ысык тамакка өтүүнү көздөйт. Бүгүнкү учурда 261 мектепте тамактануунун жаӊы модели ишке ашырылган. Муну менен бирге пилоттук программага кирбеген мектептерди БДАТП керектүү эмеректер менен камсыздап, тиешелүү консультацияларды да берет. Ал эми өнөктөштөрдүн бирдиктүү иштеринин натыйжасында 3000 ашык окуучулар сапаттуу тамактанууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Гүлнара Алыбаева, 

«Кутбилим»

Акыркы жаңылыктар

18.05.2019

«Дүк-дүк жүрөк» поэзия кечеси өтөт

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду элибизге таанымал акындардын жана жаңыдан эл сүймөнчүгүнө ээ болуп келаткан жаш таланттардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Мындай кеченин кезектегиси белгилүү акын, жазуучу, “РухЭш” сайтынын негидөөчүсү Олжобай Шакирдин чыгармачылыгына арналат. О.Шакирдин “Дүк-дүк жүрөк” поэзия кечеси 2019-жылдын 22-май күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтөт. ...
15.05.2019

Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги экинчи Аялдар форумуна катышты

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги экинчи Аялдар форуму өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын премьер-министринин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл кытайлык аялдар Федерациямсынын төрагасынын орун басары Ся Цзе, Россиянын Аялдар бирлигинин төрагасынын орун ...
15.05.2019

Азия чемпиондору Бакай-Ата жаңы конушунда

14-майда шахмат боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова менен шахмат, дзюдо боюнча чемпион Алмаз Съездбеков Бакай-Ата жаңы конушунун №85 орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.   Бул жолугушуунун негизги максаты – жаңы конуштун жаштарын шыктандыруу, убактыларын туура пайдаланууга багыт берүү жана кыздарга өзүн өзү коргоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү.   Алгач “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык ...
14.05.2019

Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү

13-апрелде жана 4-майда Бишкек шаарында «Кыргызстандагы санариптик муун: билим берүүдөгү Маалыматтык Коммуникациялык Технология (МКТ) жана IT билим берүүсү» деген темадагы эки күндүк VII Билим Фестивалы өттү. Билим Фестивалы – бул эң кеңири аудиторияга, алардын ичинде балдарга, өспүрүмдөргө, студенттерге жана ата-энелерге арналган майрам. 4-майда, Билим Фестивалынын экинчи күнү 16 билим берүү аянтчаларынан түзүлдү. Аталган аянтчалар Курманжан ...
14.05.2019

Талас шаарында Искусство фестивалы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү Талас шаарында Балдардын искусство фестивалы болуп өттү. Иш чаранын максаты - Талас облусундагы балдарды, жаштарды жана жалпы элди искусствонун ар кандай түрлөрү менен тааныштыруу, кызыгуусун арттыруу жана искусство менен алектенгиси келген таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү. Искусство фестивалын КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана КР ...
13.05.2019

Тынчтык, ынтымак үчүн уюштурулган «Ынтымактуу конуштар» спартакиада максатына жетти!

2019-жылдын 11-майында Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунун арасында өтүп жаткан “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын финалдык оюндары өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тарта өтүп жаткан спартакиадада “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу, ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, ...
11.05.2019

Таласта «Маданият сенден башталат» аттуу фестиваль өтүп жатат

Таласта «Маданият сенден башталат» деп аталган балдардын искусство фестивалы өтүп жатат.   11-майда Талас шаарынын борбордук аянтында 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрлөрүн башкаларга үйрөтүүдө.   Иш-чарага президенттик аппараттын «Манас» оркестри да катышып, концерттик программаларды тартуулап жатат.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган ...
06.05.2019

Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиаданын жарым финалына чыккан конуштар аныкталды

2019-жылдын 4-майында Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунун арасында өтүп жаткан “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын жарым финалына чыккан конуштардын командалары аныкталды. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тарта өтүп жаткан спартакиадада “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу, ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, ...
03.05.2019

ГСВ үчүн позитивдүү ой жүгүртүү боюнча тренинг

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Медициналык кызматкерлердин пациенттер менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу» темасына эки күндүк тренинг өткөрдү. Бул тренингге ГСВнын жетекчилери, медициналык кызматкерлер, РЦУЗ, БЦУЗдун адистери жана «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн ...
03.05.2019

Жибек жолу: Музей - мамлекеттин жүзү

Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү 5-апрелде башталган. Жыйырма күнгө созулган бул көргөзмөдө Жибек жолу аралап өткөн өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары көрсөтүлдү. Музей жетекчилигинин маалыматына караганда 15 миңге жакын көрүүчү келип, рекорддук көрсөткүч болду. Көргөзмө "Бүгүнкү күндөгү музейлердин абалы" ...
01.05.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын майына   иш-чараларынын дайджести   4-май – «Кыргызстандын санариптик мууну: ИКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» темасына жетинчи Билим фестивалы Качан: 4-май (ишемби, Билим фестивалынын 2-күнү) Кайда: Бишкек шаары Өткөрүү аянтчасы: Эмен Паркы, «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору, К. Баялинов атындагы Республикалык китепкана, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры Жыл сайын ...
01.05.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ чыгарган көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин сериясы «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун Гран-присин алды

Бишкекке К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнүн салтанаттуу белгилешти, ал быйылкы жылы «Китеп окуган бала – бул гүлдөп-өнүккөн Кыргызстан» деген девиз астында өтүп жатат.   Бардык меймандар жана кичинекей окурмандар үчүн концерттик программа уюштурулду, ал эми «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу байгелер жана белектер ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»