Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Эко-долбоор» Эко-кампаниялар жана акциялар

03.02.2017

«Менин жашыл досум» - балдар бакчасындагы экологиялык акция

Балдарга жаратылышты сүйүүнү кантип үйрөтүү керек? Алар менен бирге үйдө өсүүчү жөнөкөй өсүмдүктөрдү отургузуп жана өстүрүп көргүлө.


Бүгүн, 3-февралда, Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмунда дал ушундай кылышты. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун эко-командасы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта балдар бакчасында мектепке чейинки курактагы балдар үчүн биринчи жолку «Менин жашыл досум» акциясын өткөрдү.


Экологиялык иш-чараны уюштуруучулар «герань» бөлмө өсүмдүгү жана анын пайдалуу касиеттери жөнүндө аземдүү презентацияны даярдады жана балдарга сунуш кылды, өсүмдүктү кантип туура өстүрүү керектигин түшүндүрдү. Герань бекеринен тандап алынган жок – ал байыртан эле өзүнүн антисептикалык жана антибактериялык касиеттери менен белгилүү. Акция балдарга абдан жакты, анткени эми алар өсүмдүктүн өсүшүнүн процессине өз көзү менен байкоо жүргүзүп жана аларды өз алдынча бага алат.


Ошентип, акция аяктагандан кийин № 71 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 40тан ашык тарбиялануучусу көп пайдалуу нерселерди билип гана тим болбостон, ошондой эле өсүмдүктү өздөрү отургузуп жана ошону өзү менен өзүнүн «жашыл» досуна ээ болот, аны багат.


Бул акция Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын методисттери үчүн шаардык семинардын алкагында өттү, анда ошондой эле бул акцияны өз балдар бакчасында өткөрүү боюнча өзүнчө презентация көрсөтүлдү. 56 методист таратылуучу пайдалуу материалдарды, анын ичинде «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакаттарын алды жана бул акцияны өз балдар бакчаларында кантип өткөрүүгө боло тургандыгын биле алды.


«Менин жашыл досум» экологиялык акциясын өткөрүүнүн максаты мектепке чейинки курактагы балдарда экологиялык аң-сезимдин жана экологиялык маданияттын негиздерин түзүү болуп саналат.


Чоң кишилер менен балдардын биргелешкен ишмердиги – жакшы мамилелердин гана эмес, ошондой эле экөөнүн жалпы өнүгүшүнүн негизи экендиги эчактан белгилүү. Эгерде анын процессинде курчап турган чөйрөнү сактоого багытталган жалпы кызыкчылыктар пайда болсо, андан да дурус.


Маалымат:

Эске сала кетсек, 2015-жылдын жазында «Менин жашыл досум» акциясы Бишкек шаарынын үч: №22, 30, 34 адистешкен мектептеринде өткөрүлгөн. Ага көмөкчү мектептердин 100дөн ашык тарбиялануучусу катышкан. Ошондой эле эко-акция 2016-жылдын декабрында №1, 71 жатак мектептеринде жана «Үмүт-Надежда» реабилитациялоо борборунда өткөн. Ага ушул мекемелердин 230 тарбиялануучусу катышкан.

«Менин жашы досум» акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

 

Акыркы жаңылыктар

13.07.2018

Оргочор айылында тренинг болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууда айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын ролу” аталышында тренинг болуп өттү.Тренингдин жыйынтыгы боюнча иш чара өз максатына жетти. Эскерте кетсек, ...
10.07.2018

Жайлоо өнүгүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунан белек тапшырылды

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» кыргыз жана орус тилинде жаңы басылып чыккан 100 даана китеп-жыйнакты белекке берди. Бул Жайлоо өнүгүү борборлоруна келген балдар үчүн абдан кызыктуу жана баалуу белек болду. Китеп-жыйнак “Каармандар өз досторун чакырат” (“Герои приглашают своих друзей”) деп аталып, ага 25 балдар жазуучуларынын чыгармалары кирген. Тактап айтканда, балдарга арналган бул ...
09.07.2018

Оргочордо ЖӨБОнун потенциалын арттыруу боюнча тренинг өтүп жатат

2018-жылдын 9-июлунан тартып 10-июлуна чейинки мезгилде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында «Гендердик жактан сезимтал пландаштыруу жана бюджет түзүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу» темасына тренинг өтүп жатат. Тренингди Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги финансылаган «Региондук жана эл аралык көйгөйлөргө жооп иретинде адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана чабал мигранттарды ...
06.07.2018

Америкадан келген математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси менен жолугушуу

2018-жылдын 6-июлунда И. Раззаков атындагы КМТУда математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушуу болуп өттү.   А.Алдаярова «Программалоо, СТЕМ. Кыргызстанга пайдалуу болгум келет» темасына презентация жасады (презентацияны шилтеме боюнча жазып алууга болот >>>).   Айбилек программалоо, код коюу жөнүндө, аларды үйрөнүү эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө, бул жагынан адистешүүнүн түрлөрү жөнүндө, дүйнөнү ...
05.07.2018

Күндүн темасы: 21- кылымга туура келген баланы өстүрүү маселеси канчалык актуалдуу?

Балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, 21- кылымга туура келген баланы өстүрүү маселеси канчалык актуалдуу? деген суроого бүгүн Биринчи Радио “Күндүн темасы” программасында кайрылды.   Эмне үчүн өнүккөн өлкөлөрдө балдарга өзгөчө көңүл буруп ага инвестиция салууну артыкчылык багыт катары карашат?    Бул маселеде дүйнө өлкөлөрүндөгү жүрүп жаткан тажрыйбалар менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” атындагы эл аралык коомдук фондунун ...
03.07.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Заманбап көркөм өнөр - балдарга» деген жаңы долбоорду ишке киргизет

 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен жаңы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорун ишке киргизип жатат.   14-23-июлда Талас областындагы балдар үчүн алгачкы Арт-лагерь өтөт. Бардыгы болуп Арт-лагерь 180 баланы камтыйт, алардын ичинен 30у – булар Баткендеги, Ноокаттагы, Жалал-Абададагы, Ош шаарындагы, Чолпон Ата шаарындагы мектеп-интернаттардын, Бишкек шаарындагы Көркөм ...
02.07.2018

Математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушууга чакырабыз

Жолугушуу 2018-жылы 6-июлда саат 10.00-дө И.Раззаков атындагы КМТУде өтөт (чоӊ акт залы). Айбилек Алдаярова математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси, оптика боюнча Фэйрфакс аймагынын жогорку мектептер арасында олимпиадасынын жеӊүүчүсү, Улуттук Ардактуу Математика бирикмесинин мүчөсү, так илимдер боюнча Джэймс Мэдисон мектеп клубунун вице-президенти (Вена шаары, Вирджиния штаты, АКШ). Жолугушуу учурунда А.Алдаярова программалоо, математика ...
29.06.2018

Жалал-Абад областында биологиялык ар түрдүүлүккө, экологиялык көйгөйлөргө жана курчап турган чөйрөгө арналган эки күндүк тренинг өттү

2018-жылдын 22-23-июнунда Жалал-Абад областында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Жалал-Абад областынын биологиялык ар түрдүүлүгү, экологиялык көйгөйлөрү жана курчап турган чөйрөсү» темасына эки күндүк тренингди өткөрдү. Иш-чара «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун финансылык колдоосу менен өттү. Семинарга Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун ...
29.06.2018

Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 20-сентябрга чейин узартылды!

Конкурс "СТЕМде аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 2018-жылы Инновациялык долбоорлордун конкурсунун темасы – иштин ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүү жана башкаруунун санариптик тутумуна өтүүгө даярдоо. Эскертме: Конкурска кыз-келиндер – техникалык багыттагы адистер, техникалык ЖОЖдордун студент кыздары жана КР мектептеринин (гимназияларынын), ...
28.06.2018

Бешик ырлары.

Канышай Капарова Уктай койчу бөбөгүм Ак бешикке бөлөйүн Уктаганча жөлөгүм мээримимди төгөйүн Алдей, алдей ак балам, Ак бешикке жат балам Умай энеӊ кайтарсын Душманыңды майтарсын Түшкө кирип энекең Мээрим менен таң атсын Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Апакеңе өбөк бол Атакеңе жөлөк бол Эл керекке жараган Ак жолтойлуу бөбөк бол Алдей,алдей ак балам Ак бешикке жат балам Ак сүтумдү ийгеним Ак батамды бергеним Актаса деп үмүтүм Аруу тилек ...
21.06.2018

Роза Отунбаеванын чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрпылуусу

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын чет жакта жашап. эмгектенип жүргөн мекендештерге видео-кайрылуусу

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Добро пожаловать!

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»