Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Эко-долбоор» Билим кербени: Бишкектин мектептери үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы
Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө
Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.
«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы экология жөнүндө билимдерди аныктоо жагынан интерактивдүү презентация-лекцияны, дискуссияларды, тесттижана командалык оюнду билдирет. Кербендин жүрүшүндө балдар «адам өзү жашаган жерге кандай зыян келтирет», «пластик, таштанды жана булганч аба ден соолукка жана курчап турган чөйрөгө канчалык зыяндуу» жана эң башкысы «биз курчап турган чөйрөгө кантип жардам бере алабыз» деген сыяктуу суроолорго жоопторду алат.
Жаңы окуу жылында Кербен борбордун № 2 мектебинде старт алды, ал жерде эко-долбоордун өкүлдөрү 7 жана 8-класстардын окуучулары менен жолугушту. Кербен аяктагандан кийин 170тен ашык мектеп окуучусу уюштуруучулар менен бирге «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакатын окуду жана келечекте бардык эрежелерди сактоого жана курчап турган жаратылышты сактоого убада берди.
«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы борбордун мектептеринде 2015-жылдан бери өткөрүлүп жаткан «Билим кербени: Бишкектин мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» акциясынын уландысы болуп саналат жана мектеп окуучуларынын экологиялык тарбиялуулугунжогорулатууга, аларда учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүнү жана жаратылышты сактоо үчүн жоопкерчилик сезимин, алардын жаратылышты коргоо иштерине жигердүү катышуусунарттырууга багытталган.
Эко-долбоордун акциялары жөнүндө кең-кесири: http://roza.kg/initiative/investing-in-next-generation/eco-project/
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
