Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

05.08.2015

4 миң метр бийиктиктеги Бугу-Баш жайлоосунда чабан өзүнүн атасынын боз үйүндө балдар бакчасын ачты

Ош облусунун Чой-Алай районунда бийик тоолуу Бугу-Баш жайлоосунда чабан Назараалы уулу Чолпонбай атасынын боз үйүн балдар бакчасы кылып жасап алды. Бул жөнүндө КырТАГга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун кызматкерлери дүйшөмбү күнү билдирди.   Бугу-Баш жайлоосундагы балдар бакчасы фонддун эң бийик тоолуу долбоору болуп калды. Тоонун чокусунун бийиктиги 4 миң метрден ашат.   “Бугу-Баш – эң бийик тоо чокусу, анда ...
03.08.2015

«Эӊ бийик жайлоодо балдардын күлкүсү жаӊырды»

2015 жылдын 27 - июлунан 3 – августуна чейин тартып «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад областарында болушту. Алдын ала белгиленген сапардын программасына ылайык (2015 жылдын 1 августуна чейин) Фонддун кызматкерлери Ош областындагы алты жана Жалал-Абад областындагы эки жайлоо бала бакчага барып келгенге жетишишти. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет: Чон Кочкорчу ...
29.07.2015

«Жайлоодогу мыкты өнүгүү борбору-2015» конкурсу

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Жайлоо бала бакчасы-2015” долбоорунун алкагында тоолуу аймактарда балдарды өнүктүрүүгө багытталган жайлоо өнүгүү борборлорунун алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтат жана жергиликтүү демилгелерди колдойт. Жайлоо шартында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнүн үстүнөн иштеп жаткан тарбиячылардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин жана ата-энелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасын ...
24.07.2015

Ат-Башынын Көк-Талаа жайлоосунда жаңы ачылган бала бакчадан тарбия алууну каалагандар көп

Ат-Башы районунун Көк-Талаа жайлоосунда жаңы ачылган «Сезим» бала бакчасы ишмердүүлүгүн баштады, деп билдирет бакчанын тарбиячысы Айзада Ашырова. Бул бакча жаңы эле ачылгандыгына карабай балдардын саны арбын. «Р.Отунбаеванын демилгеси» фонду уюштурган даярдыктардан өтүү курсуна катышканбыз, деп кошумчалады тарбиячы. «Ал жактан көптөгөн тажрыйбаларды алдык жана мастер-класстардан көп багыттарды үйрөнүп келдик. Бала бакчага окуу куралдары көп ...
24.07.2015

Р.Отунбаева: Элет жериндеги балдардын 5 пайызы бала бакчаларга барса, калган 95 пайызы короолордо, арыктарда, чаң көчөлөрдө жүрөт

Элет жериндеги балдардын 5%ы бала бакчаларга барса, калган 95%ы короолордо, арыктарда, чаң көчөлөрдө жүрөт. Мындай пикирин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жайлоо бала бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери менен болгон жолугушууда экс-президент Роза Отунбаева билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы. Анын айтуусунда, жайлоо бала бакчаларында өнүгүү борборлору да уюштурулду. Ата-энелер, жаштар тарабынан жаңы билим, өзгөчө багыттар боюнча ...
24.07.2015

2015-жылдын 20-июлунда Сары-Күңгөй жайлоосундагы балдар бакчасына сапар болуп өттү

2015-жылдын 20-июлунда Сары-Күңгөй жайлоосундагы (Чүй облусунун Кичи-Кемин району) балдар бакчасына сапар болуп өттү. Сапарга “Финансовая Группа Компаньон” ЭФК ЖАКтын, мобилдүү планетарийдин өкүлдөрү, Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ), И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын кызматкерлери катышты.   БААУнун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФсынын волонтеру Сидни Балабан балдарды ...
22.07.2015

Экс-президент Р.Отунбаева Нарындын алыскы жайлоолорундагы бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

Нарын облусунун аймагында ачылган жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүгү менен экс-президент Роза Отунбаева жакындан таанышып чыкты. Кечээ, 21-июлда Р.Отунбаева менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажара Дүйшөналиева дагы болду, деп билдирди аймактык кабарчы. Алар алгач Ат-Башы районунун Ак-Муз, Ак-Моюн, Баш-Кайыңды айылдарынын жайлоолорунда ачылган бала ...
22.07.2015

Ат-Башынын Беш-Белчир жайлоосундагы «Тамчы булак» бала бакчасы тарбиялануучуларына ар кандай багытта билим берүүдө

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагына караштуу Беш-Белчир жайлоосунан орун алган «Тамчы булак» жайлоо бала бакчасында учурда 30га жакын бала билим алып жатат. Ошондой эле, алар бош убактыларында ат минүүнү үйрөнүп жатышат. Бала бакчанын тарбиячысы Гүлшат Абдраимованын айтымында, бул бала бакчада күнүнө 3 саат ар кандай багыттагы билим берилет. Китептер, көргөзмө куралдар «Р.Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан берилип турат. «Ал ...
21.07.2015

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФсынын кызматкерлеринин Ысык-Көл облусунун жайлоодогу балдар бакчаларына сапарлары болуп өттү

2015-жылдын 10-14-июлунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФсынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Чоң Кызыл-Суу, Көк-Жайык (Жети-Өгүз району) жана Каркыра (Түп району) жайлоолорундагы төрт балдар бакчасына барышты. Сапардын негизги максаты жайлоолордогу балдар бакчаларынын-өнүктүрүү борборлорунун иши менен таанышып чыгуу болгон.   Жайлоодогу балдар бакчаларында балдар «Манас» айтышып, ыр айтып беришип, ...
20.07.2015

Экс-Президент Р.И. Отунбаеванын Ош шаарына болгон сапары боюнча пост-релиз жана Баткен облусунун жайлоодогу балдар бакчалары

15-17-июлда экс-Президент Р.И. Отунбаеванын Ош шаарына жана Баткен облусуна сапарлары болуп өттү.   Сапардын жүрүшүндө Роза Отунбаева ОшТУнун алдындагы жайкы мектептердин катышуучулары менен жолугушту. (Кең-кесири маалымат төмөнкү шилтеме боюнча: http://www.roza.kg/2015/07/10/v-gorode-osh-sostoitsya-otkrytie-dvuh-letnih-shkol-estestvenno-tehnicheskih-disciplin-dlya-zhenschin-i-shkolnic).   Ректор Абидов Абдыкадыр Оморович жана окутуучулар лагердин иши тууралуу айтып беришти. Лагердин катышуучулары да окуу ...
15.07.2015

КР экс-Президенти Р. И. Отунбаеванын Ош шаарына жана Баткен облусунун жайлоодогу балдар бакчаларына сапары боюнча пресс-релиз

15-17-июлда КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Ош шаарына жана Баткен облусуна сапарлары болуп өттү. Сапардын жүрүшүндө жайкы эки: ОшТУнун алдындагы табигый-илимий сабактар боюнча жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн физика, математика, химия боюнча мектепке; ОшМУнун алдындагы компьютердик сабаттуулукка ээ болууну каалаган бардык курактары айымдар үчүн мектепке барды.   (Кең-кесири маалымат төмөнкү шилтеме боюнча: ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»