Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

29.05.2017

Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун китеп куржунуна

АКШнын элчилигинин Китеп которуу программасынын колдоосу менен чыгарылган тогуз аталыштагы тогуз жүз китеп (ар бир аталыштан жүздөн) “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоодогу өнүгүү борборлору” долбооруна тапшырылды. Китептердин аталыштары: Морис Сендак – Жапайылар мекенинде, Катерин Патерсон – Терабияга кеткен көпүрө, Ричард Скери – Кишилер кечке чейин эмне кылышат, Жон Шеска - Үч торопойдун чыныгы окуясы, Кевин ...
20.01.2017

Жайлоо өнүгүү борбору

2016-жылы Кыргызстанда ачылган 117 "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" ичинен Ош, Жалал-Абад, Баткен областарындагы 35 жайлоо өнүгүү борборлору «Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу аркылуу туруктуулукту бекемдөө» долбоорунун алкагында Британия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып жатат. Долбоор “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Ага Хан фонду ж.б шериктештер менен бирдикте ...
24.11.2016

«Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында тажырыйба алмашуу боюнча Түркүяга болгон иш сапар жыйынтыкталды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин колдоосу менен “Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору”долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Туркиянын билим берүү системасы менен таанышуу, айрыкча айыл жериндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатында үстүбүздөгү жылдын 13-19-ноябрында Түркүя мамлекетине тажрыйба ...
11.11.2016

Нарын жана Ош областтарынын мугалимдеринин Бишкек шаарынин билим берүүчү мекемелерине алмашуу визити болуп өттү

2016-жылдын 2-ноябрынан 4-ноябрына чейин Нарын жана Ош областтарынын мугалимдеринин Бишкек шаарынын билим берүүчү мекемелерине алмашуу визити болуп өттү. №68, №69 гимназиялардын, ошондой эле №5 компьютердик гимназиянын иш тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Нарын областынын Кочкор районундагы С.Өмүрбаев атындагы жана К.Мамбеталиев атындагы мектептеринин мугалимдери жана Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин ...
03.11.2016

Бишкекте балдардын катышуусу менен «Кыргыз улуттук оюндары» фестивалы өттү

«Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда балдардын катышуусу менен «Кыргыз улуттук оюндары» фестивалы өттү.   Кыргыз улуттук оюндарынын фестивалын уюштуруучулар болуп Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду саналат.   Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикованын айтымы боюнча, фестивалдын максаты кыргыз элинин салттуу ...
02.11.2016

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2016» республикалык конференциясы өттү

28-29-октябрда Ысык-Көлдүн жээгинде “Кыргызское взморье” санаторийинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында Республикалык конференция болуп өттү. Конференция Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин колдоосу менен, Ага Хан фонду менен кызматташтыкта өттү. Республикалык конференцияга 170ке жакын катышуучу: республиканын бардык булуң-бурчтарынан жайлоодогу өнүктүрүү ...
25.10.2016

«Жайлоодогу өнүгүү борборлору» - 2016 долбоорунун алкагында Республикалык конференция өтөт

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 27-29-октябрь аралыгында Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” санаторийинде “Жайлоо өнүгүү борборлору – 2016” долбоорунун алкагында республикалык конфренция өткөрөт. Конференцияга республиканын бардык аймактарынан 160 тан ашык педагогдор, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышат. Конференциянын иши негизги беш теманын алкагында жүрөт: Жайлоо өнүгүү борборлору ...
18.10.2016

Борбордун балдар бакчалары кыргыз элдик оюндарынын райондук конкурсуна катышты

Өткөн дүйшөмбүдө (17-октябрда) Тарых жана маданият жылынын алкагында борбордун 84 балдар бакчасында (мектепке чейинки билим берүү уюмдарында) Кыргыз элдик оюндарынын фестивалынын райондук туру өттү. Конкурс төмөнкүдөй номинациялар боюнча өткөрүлдү. • Кыймылдуу оюндар; • Интеллектуалдык оюндар; • Манжалардын оюндары (моториканы өнүктүрүүгө).   Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары номинациялар боюнча оюндарды өз алдынча тандады ...
02.09.2016

Ынтымакты чыңдаган Билим кербени

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Агартуучулар аймактарда» долбоорунун төртүнчү жолку иш сапарында жетиөгүздүк мектеп жетекчилери касиеттүү Талас облусуна аттанышты. Бул жолку жолугушууда билим майданынын жетекчилери бир эле мектеп жана бала бакчалардагы жаңычыл иш-аракеттер менен гана таанышпастан, Кыргызстандын түндүк-батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан ...
02.09.2016

Ынтымакты чыңдаган Билим кербени (башталышы өткөн санда)

Бакайаталыктар менен кош-беш айтышып жатканда кеч курун Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы өзү келип, жол баштап бизди алып кетти. Жолду катар эки күндүк эсте калаар сүртүмдөр тууралуу кеп кылып бардык. Ал күнү Т.Бабанов атындагы жатак-мектепте жайгаштык. «Босогосун көрүп, төрүнө өт» демекчи, кире беришинен баштап күзгүдөй зымылдаган таптаза короо, таптаза имарат. Мектептин ичинде ЖКнын ...
23.08.2016

Жайлоо өнүгүү борборлорунда балдардын ден соолугу текшерүүдөн өтүүдө

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо изилдөө институту “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен жүрөк ооруларынын себебин аныктоо максатында Жайлоодогу өнүгүү борборлорунда малчылардын балдарын текшерип жана аларга консултация берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарына медициналык экспедицияларды жүргүзүүдө. Экспедициянын курамына ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»