Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

21.07.2016

Жайлоо Өнүгүү борборлорундагы балдардын, ата-энелердин ден соолугуна кам көрүү

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жергиликтүү малекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюштуруучулар менен бирдикте быйылкы жайда 7 облуста 117 Жайлоо өнүгүү борборлорун ачты.


Балдарды окутуу, ар тараптуу өнүгүүсү, ата-энелер менен бирге окутуу, билим-тарбия боюнча, саламаттыкты сактоо боюнча маалыматтуулугун арттыруу, агартуу, инсандык калыптануу боюнча аракеттерге басым жасалууда.


Жайлоо Өнүгүү борборлорундагы балдарга, ата-энелерине медициналык кызмат көрсөтүү, ден соолукту сактоо жана ооруларды алдын-алуу боюнча кеңеш берүү-быйылкы жылдагы иштин негизги өзгөчөлүгү. Борбордогу негизги медициналык институттардын катышуусу менен бир нече медициналык экспедициялар республиканын региондорунда уюштурулууда:


1. Ошол себептен, бул жылы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги 31-майда Жайлоо бала бакчалары-Өнүгүү борборлорундагы малчылардын, балдардын ден соолугун текшерүү, ар түрдүү ооруларды алдын-алуу боюнча атайын № 346 буйругу менен медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү боюнча райондук УБМДБна тапшырма берилген.


2. 24-июль-5-августтун аралыгында


Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университети, КР Өзгөчө кырдаалар министрлиги менен бирдикте Суусамыр жайлоосундагы Жайлоо өнүгүү борболорундагы балдардын, ата-энелердин ден соолугун текшерүү, кооптуу учурларын аныктоо боюнча медициналык экспедиция жүргүзүүдө. Экспедиция Суусамырда калктын жайгашуусуна ылайык эки жерде: 1) 154 км., Жайыл райондук бириктирилген үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун Тез жардам берүү бөлүмүнүн “Токойлуу” пунктунда, медициналык жабдуулар (УЗИ, электрокардиограф, медкресло ж.б.) менен 10 адис дарыгерлер изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, 2) 198 км., Өтмөк участкасында “Асан-Усөн” кафесинин имаратында 6 адис элди кабыл алышат.


Суусамыр жайлоосунда Талас жана Чүй облустарынын малчылары, балдар жыл сайын барышат, жалпы быйылкы жылы 8 жайлоо өнүгүү борбору иш алып барууда.


3. 14- 17-июль-Талас, 20-26-июль - Каракол, 1-10-август- Жалал-Абад-Тогуз-Торо.


Республикалык Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу боюнча Илим изилдөө институту Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарындагы Жайлоо өнүгүү борборлорунда медициналык текшерүү жүргүзөт. Өзгөчө басым эне-баланын саламаттыгына жасалат.


4. 25-июль-8-август аралыгында


Кыргызстан Эл аралык университети, Улуттук Илимдер Академиясынын Бийик тоо физиологиялык Институту, Эл аралык тоо институту жана Эл аралык жогорку медицина мектеби менен биргеликте Нарын областынын Ат-Башы районунун «Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун” балдары, ата-энелери үчүн медициналык экспедиция уюштурат. Балдардын нейрофизиологиялык, психофизиологиялык абалына медициналык текшерүү жүргүзүлөт.


5. Конфуций институ менен иштешкен Кытай медиктери Жайлоо өнүгүү борборлорундагы балдардын дартын аныктоо, медициналык кеңеш берүу боюнча Суусамыр, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарында иш алып барышууда.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 62 06 03, (0556) 54 91 54, 0779003309 телефондоруна кайрылсаңыздар болот. 

Акыркы жаңылыктар

21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...
03.02.2020

Роза Отунбаева: «Жон Кеннединин китеби кыргыз саясатчылары үчүн алиппе болушу мүмкүн»

30-январь күнү КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.  Китептин көрсөтмөсүнө экс-президент Роза Отунбаева катышып, “Каармандык өрнөктөрү” китеби ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»