Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

01.06.2018

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады.


Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү.


Иш-чарагаКыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, КР Өкмөтүнүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, областтык методикалык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, Ага Хан Фондунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, республиканын бардык булуң-бурчтарынан жайлоодогу өнүгүү борборлорунунун уюштуруучулары, айылдык округдардын башчылары, балдар журналдарынын редакторлору, балдар бакчаларынын башчылары, педагогдор, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Бардыгы болуп жолугушууга 200дөн ашуун адам катышты.


Биринчиден болуп «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек долбоордун ийгиликтери, демилгелери, тажрыйбасы, жетишкендиктери жана келечектери жөнүндө айтып берди. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын Вице президенти Алмаз Токтомамбетов “Эрте жашта өнүктүрүү эмне үчүн мынчалык маанилүү” темасында презентация жасады.


Мындан кийинки темалар экиге бөлүндү. Биринчиси Медиялык панель деп аталып, ал 4 презентацияны камтыды. “Баласатан” интерактивдик журналы, “Акылтай” журналы, Ага Хандын “Бирге окуйбуз” долбоору жана “Кыргызстандын алыскы райондорундагы жаш балдарга сапаттуу билим берүү жана окуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу” темасында презентация.


2-бөлүк экология маселесине арналып, ал беш презентациядан турду: “Талаа шартындагы жайкы лагерлерде билим берүү” темасында Россия мамлекетинини, Томск шаарынан скайп байланышуу аркылуу Сергей Медведчиков айтып берди. Кийинки “Экологиялык билим, граждандык илим” (Сууну изилдөө, Климат, Фенология) темасында Camp Ala Too уюумунун адиси Алия Ибраимова айтып берди. “Балдарга эксперименттер аркылуу экологиялык тарбия берүү” жана “Эртек курактагы балдарга экологиялык тарбиянын мааниси темасындагы презентацияларды “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун адистери Агайдарова Аэлита менен Данияр Сүйүндүк уулу жасашты. Бул панелдин акырында “Эрте курактагы балдардын чыгармачылыгын кошумча билим берүү аркылуу өнүктүрүү” темасында Дария Мусина “Балажан” борборунун башчысы презентация кылды.


Түштөн кийин катышуучулар төрт 4 секцияга бөлүнүп, ар бир секцияда эки тренер ар кайсы темада окутуу иштерин жүргүзүштү.


Иш-чаранын экинчи күнү 4 секцияда улантылып, ар бир секцияга “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ийгиликтүү жагын, кемчиликтерин, тажрыйбалары, туруктуулугу, ресурстарды табуу деген суроолор талкууга берилди. Жыйындын акырында ар бир секция бул тапшырмалар боюнча өз презентацияларын жасашты.


Конференциянын экинчи күнүндө “Окуунун 5 базалык көндүмү” темасында Chemonics уюмунан Үмүт Какеева баяндама жасады. Аендан соң “Ата-эненин педагогикалык сабаттуулугу балдардын ийгилигине өбөлгө” темасында билим берүүдөгү эксперт, тренер Асылбек Жоодонбеков сөз сүйлөдү.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жаңы китептери боюнча аталган Фонддун аткаруучу директору Кендирбаева Догдургүл маалымат берди.


Конференциянын жабылышында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.


Конференциянын жүрүшүндө Областык өкүлчүлүктөрдүн орун басарларына, “Кыргыз жайыты” ассоциациясынын башчысына жана айыл аймактардын башчысы жана башкаларга сөз берилди.


Бардыгы болуп 12 кызыктуу презентация сунуш кылынды, алар конференциянын катышуучулары тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.


Конференциянын тыныгууларында жаш акындар Бердибек Жамгырчиев жана Умар Нусубалиев өз чыгармаларынан окуп беришти.


Аталган конференцияда маданий программага дагы убакыт бөлүнүп, катышуучуларга Чолпон-Ата шаарындагы “Рух ордо” маданий этно-комплексине экскурсия уюштурулду жана ошондой эле “Жайлоо өнүгүү борборлору” аттуу сүрөт көргөзмөсү да көрсөтүлдү.


Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун демилгелеген. Төрт жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 9100дөн ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 2014-жылы Республиканын региондорунда - 35, 2015-жылы – 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы - 98 Жайлоо өнүгүү борборлору ачылды. Быйылкы 2018-жылга 100 Жайлоо өнүгүү борборлорун ачуу пландалүүда.

Акыркы жаңылыктар

06.11.2019

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү

Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук ...
04.11.2019

«МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» педагогикалык өнөрканасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөрүлгөн 7-Билим фестивалынын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат, фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 25 миңден ашык адам барган. 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын ...
03.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло ...
02.11.2019

Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.   Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ...
02.11.2019

Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди   Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын ...
31.10.2019

КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.   Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен ...
22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»