Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

13.08.2017

КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р. И. Отунбаева 7-8-августтаТүп-Ак-Суу районундорудагы Жайлоо өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Роза Исаковна баштаган топ, 7-августта Түп району, Сан-Таш АО караштуу Каркырадагы Жайлоо өнүгүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, балдар жана алардын ата-энелери менен баарлашты.


Иш-чара убагында бала бакчанын тарбиячысы – Жаныбекова Гүлмира балдар менен биргеликте кагаздан буюм жасап, балдардын өздүк чыгармачылыгынын репертуары менен тааныштырды.


Андан тышкары Австриядан келген Сабрина Шовер Whatanimal I am?SpanishBull, Fingergame, Songsсыяктуу мастер класстарды көрсөттү.


Кыргызстанга таанымал Таштакеевдердин үй-бүлөсү балдар жана ата-энелер менен баарлашып, жети жаштагы Айжан Таштакеева“Бир убакытта көп адам менен шахмат ойноо сеансын” өткөрдү. КТР дин жаш журналисти – Канат Дилдедосов курбулаштары менен “Журналистиканын сырлары” темасында маектешүү орун алды. Журналистикага кызыккан балдар жана ата-энелер суроолоруна жооп алышты. Андан тышкары Бишкек Гуманитардык Университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган мастер класстар балдар тарабынан кызыгууну жаратты. 50 дөн ашык ата-эне жана өнүгүү борборуна келген 25 баланы медициналык кароодон өткөрдү.


Бул иш-чарага Түп районунун админстрациясынын орун басары -Дүйшөбаева Эрмекан Асанакуновна, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы – Адылбек Такаев, жергиликтүү бийлик органдары жана ата-энелер катышышты.


8-августта Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя жайлоосунда “Билим фестивалы – Жайлоо өнүгүү борборунда” деген темада семинар өттү. Бул семинар Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү жана Ак-Суу райондук балдар чыгармачыл борборунун коллективинин кызматташуусунун негизинде ишке ашты.Билимфестивалынынаянтчаларынында: Кагазгасүрөттартуу «Жайлоокеремети»Жипмененсүрөттартуу, Оригами-кагазменеништөө, Фильцевание-тешипсаю, Экология боюнчапазлдардычогултуу. Андан тышкары Конфуций институту тарабынанөткөрүлгөн мастер класстар, жанадарыгерата-энелерди, балдардымедициналыккароодонөткөрдү, АжараТаштакеева “Бирубактакөп киши менен шахмат ойоноо” сеансында ата-энелер жана балдар катышышты. АвстрияданкелгенСарбинаШовер мастер класстарды тартуулады.


Ата-энелер жайлоодогу малчылар үчүн “Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун ролунун абдан жогору экендигин билдирип, ар тараптуу өнүгүүсүнө кызыкдар экендигин белгилешти. 

Акыркы жаңылыктар

10.10.2017

Тогузунчу «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясы

7-октябрда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) кызматкерлери, № 94 лицейдин өкүлдөрү жана № 39 гимназия-мектебинин окуучулары "ТазаБИШ" (таза Бишкек) эко-акциясына катышты.   Экологиялык ишембиликти өткөрүү орду бекеринен тандап алынган жок. Ботаникалык бакча – шаардыктардын жана борбордун меймандарынын ...
06.10.2017

«Поэзия кечеси» долбоорунун алкагында жолугушуулардын жаңы сериясы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ борбордун тургундарына жана меймандарына ушунчалык жагып калган «Поэзия кечелерин» уюштурууну жана өткөрүүнү быйылкы жылы улантат.      2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын майына чейин бардык каалагандарды төмөнкүдөй сүйүктүү акындар жана жаш авторлор менен жолугушуулар күтөт:   26-октябрь – Токтосун Самудинов ноябрь - ВячеславШаповаловдун мааракелик кечеси 15-декабрь – ЖеңишкүлӨзүбекова жана ...
06.10.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: 3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда Кайда: Бишкек шаарынын № 2, 8, 68, 13, 40, 42, 44, 47 жана 50 мектептери «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун «Жаш ...
04.10.2017

Күзгү «ТазаБИШ» эко-акциясы

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкектин экологиясына көңүлкош болбогон бардык жарандарды, волонтерлорду жана ыктыярдууларды шаардын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясына катышууга чакырат.   Акция 7-октябрда саат 10:00дө Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн ...
04.10.2017

Мугалим күнү менен!

Урматтуу педагогдор! Мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалим күнү кайрадан эшикти каккылап жатат! Мугалим бардык мезгилдерде аны аздектөө үчүн үлгү, интеллигенттүүлүктүн, бийик адептик сапаттардын үлгүсү болгон. Силердин эмгегиңерге эң бийик талаптар коюлат, ал эми азыркы дүйнөдө силердин ролуңарга баа бербей коюуга болбойт. Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана көрүнөөрүндө турат, ал эми ...
03.10.2017

Р.Отунбаева «РухЭштин» тушоосун кести

2017-жылдын 1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында болуп өткөн “РухЭш” сайтынын жана Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебинин бет ачаарында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева аталган сайттын тушоосун кесип, “РухЭштин “ коомдогу маданий агартуучулук ролуна токтолду, анын ишмердигин карды жарып чыккан эдельвейс гүлүнө салыштырды. ...
28.09.2017

Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.   «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы ...
25.09.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Жайлоо өнүгүү борборлору - 2017» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу

Урматтуу “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” күйөрмандары ошентип 2017-жылында аймактардагы «Жайлооөнүгүү борболорлорунун ишмердүүлүгү аяктады. Бул жылы Республика боюнча токсон сегиз “Жайлоо өнүгүү борборлору” иш алып барды. Жайлоо өнүгүү борборуна камтылган балдардын жалпы саны - 3054. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы балдардын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу максатында “Жайлоо бала бакчалары” долбоору 2014-жылы ишке киргенден бери төрт жылдын ичинде 9000 ден ...
21.09.2017

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз! Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат. Сайттын бир ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»