Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

29.06.2017

Кочкорду комузга алмаштырып беришти. «Жайлоо өнүгүү долбоорунун» окуяларынан

"Жайлоо өнүгүү борборлору" — жайы бою тоо башында жүргөн балдарга жеринен билим берип, дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган долбоор.

 

Долбоордун координатору Асылбек Жоодонбеков журналист Гүлдана Талантбековага маалымат берди.


— Асылбек мырза, "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун башкы максаты, багыты тууралуу маалымат бере кетсеңиз.


— "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоору эл ичинде жайлоо бала бакчасы деген ат менен белгилүү. Бул долбоорду үч жыл мурда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду баштаган. Иш алып барууда бийлик органдары менен тыгыз иштешебиз. "Жайлоо өнүгүү борбору" климатка жараша үч ай иштейт. Быйыл суук болгондугуна байланыштуу кечирээк ачылды.


Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан облустардагы айрым балдар жайкысын жайлоодо болушат. Чабандардын балдары көп учурда мал менен жүргөндүктөн алардын билимине, жалпы өнүгүүсүнө көңүл бурулбай келет. Биз ошол жайлоо балдарын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн заманбап жаңылыктар менен кабардар кылып, дараметибиздин жетишинче өнөрпоз, коомго таасирлүү адамдар менен жолугушууларды уюштуруп, ар кыл мастер-класстарды өткөрүп турабыз. 


— Балдардын жаш курагы кандай каралган?


— Учурда республика боюнча "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" саны жүздөн ашты. Балдардын жаш курагы 3төн 12 жашка чейин. Биздин адистер бул курактагы балдар менен жакшы иштешет. Борборлордо чакан китепканаларыбыз дагы бар. Мындан тышкары, балдарга туура тарбия берүү боюнча ата-энелер менен тарбиячыларга атайын сабактар да өтүлүп турат.


— Бир борбордо канча бала окуй алат?


— Эң аз дегенде он бештей бала чогулат. Айрым жерлерде балдардын саны элүүгө жетет. Аларга жумасына алты жолу, үч сааттан сабак өтүлөт. Бул убакыт аралыгында балдар тамактанбайт, уктабайт. Себеби көңүлдөрү бир гана билимге бурулат. Балдардын курактык өзгөчөлүгү дагы эске алынып окумуштуулар кеңеши менен биргеликте атайын программа иштелип чыккан. Анын негизинде окуучуларга элдик кол өнөрчүлүк, шахмат, каллиграфия, дене тарбия, тил чеберчилиги, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу сыяктуу сабактар интерактивдик оюндар аркылуу үйрөтүлөт. Китеп, кагаз, калем ж.б. керектүү буюмдар менен өзүбүз камсыздайбыз.


— Бир жайлоодо канча адис иш алып барат?

 

— Тренинг өтө турган адистердин саны үчтөн кем эмес. Мындан башка тарбиячы жана анын жардамчысы иш алып барат. Жайыт комитети дагы ар дайым коштоп жүрөт.


— Бул демилгени башында балдар, ата-энелер кандай кабыл алышты?


— Үч жыл мурда жаңыдан иш баштаганда Роза Исаковна (Отунбаева — ред.) менен Айыл чарба министрлигине кайрылып, жайыт комитеттерин чогулттук. Жергиликтүү бийлик эл көп отурукташкан жайлоолорду аныктап, боз үй тигип, тарбиячыларды чакан айлык менен камсыздады. Балдарды каникулда кайда жиберүү керек? Жайкы лагерлердин баасы жана картасы Тоого эрте чыгып, кеч түшкөн үй-бүлөлөрдүн балдары мектептен артта калып жатышат. Буга байланыштуу окуучулардын өнүгүп өсүшүнө жардам кылышыбыз керек дегенде, колдогондор да, колдобогондор да болду. Айрымдар айылдарды бала бакча менен камсыздай албай жатып, тоону эмне кыласыңар дешти. Алардын сөзүндө деле чындык бар, бирок биз кыялданган бала бакчаларды күтүп отурганча муун алмашып кетип жатат. Бир жагымдуу учурду айта кетейин. Баткендин Кадамжайында 2-классты бүткөн балага өнөрпоздор комуз үйрөтсө, абдан кызыгып калыптыр. "Ата-энеси биздин балабыз дагы бир нерсеге кызыгат турбайбы" деп абдан таң калышыптыр. Кийин ата-энеси бир кочкорун сатып уулуна комуз сатып беришти. Бул окуя биз үчүн дагы ачылыш болду. Мындай мисалдар абдан көп. Ата-энелер балдары менен көп баарлашса дейм.


— Өлкөдөгү жайлоолордун бардыгын өнүгүү борборлору менен камтый алдыңыздарбы?

 

— Былтыркы эсеп менен Ош облусунда 34, Баткенде 8, Жалал-Абадда 10, Нарында 46, Ысык-Көлдө 8, Талас облусунда 8, Чүйдө 3 жайлоо бала бакчасы ачылган.


— "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" алдыдагы пландары тууралуу айта кетсеңиз.


— Быйыл балдар менен биргеликте ата-эненин да педагогикалык сабаттуулугуна басым жасайлы деп жатабыз. Замандаштарга, эгерде тоого чыгып калып түстүү желектер сайылган жерде кичинекей балдарды көрсөңүздөр баш багып, билген өнөрүңүз, билимиңиз менен бөлүшүп коюңуздар. Кызматташууга эшигибиз ачык.

 

Дагы: https://sputnik.kg/ 

Акыркы жаңылыктар

15.10.2018

Пресс релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын , журналист Жедигер Саалаевдин чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
11.10.2018

Кор кылба элим кызыңды.

05.10.2018

Сузак районунун тургундарын ар түрдүү азыктардан тамак жасоого үйрөтүштү

«Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну жана аны жактоону арттыруу» долбоорунун алкагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш, Сафаровка, Октябрь айылдарында улуттук ашкананын 25 тамак-ашын жасоо боюнча иш (мастер-класс) жүргүзүлдү.   Белгилеп кетели, 25 бенефициарийдин ортосунда туура тамактануу боюнча мурда иштелип чыккан ...
05.10.2018

«Ак-Ордодогу»

2018-жылдын 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду , ЮНФПА жана Тынчтыкты куруу фонду тарабынан “Акындар Бишкек шаарынын жаңы конуштарында тынчтык, биримдик үчүн” деген аталыштагы иш чара уюштурду. Аталган иш чара бул конуштагы №96 жаңы мектептин чоң залында өтүп, ага кыргыз элине таанымал акындар Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев, ...
04.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести       1-3-октябрь - "25 салттуу тамак" рецепттер китебин даярдоо Кайда: Жалал-Абад областы, Сузак району Иштелип чыккан салттуу тамактарды даярдоо боюнча Сузак районундагы (Сафаровка, Багыш, Октябрь) 25 бенефициар менен иштөө. Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)     4-октябрь - Турак-жай конуштарынын тургундары менен жолугушуу ...
04.10.2018

Отунбаева: Ысык-Көл форумунун актуалдуулугу азыр да курч

4-октябрда “Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III эл аралык Ысык-Көл форуму башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери келе жаткан Ысык-Көл форумунун негизги мааниси тууралуу экс-президент Роза Отунбаева менен маектештик. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.   — ...
03.10.2018

Отунбаева: «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор

«Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Маалыматка ылайык, эртең «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу III эл аралык жыйыны башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Роза ...
01.10.2018

«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 28-сентябрь күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Т.Сатылганов атныдагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналган “Жолдогу сентябрь” поэзия кечесин өткөрдү. Азыркы учурда Москвада жашап, эмгектенген акын кыздар Н.Гургубаева жана ...
26.09.2018

Мектепке чейинки мекемелердин методисттери жана тарбиячылары үчүн «Балдардын ишмердигинин бардык түрлөрү аркылуу экологиялык тарбиялоо» тренинги өттү

Өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы өзгөчө роль ойнойт. Балдарыбыздын келечеги анын көз карашына, маалыматты берип, балдарды шыктандыра алышына, эмгекке үйрөтө билишине байланыштуу.   Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Методикалык кеңеши «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык ...
25.09.2018

Роза Отунбаева: БУУдагы бийик жолугушууларда акылың төгүлүп, харизмаң көрүнүп турганы жакшы

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды. Жээнбеков сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен да жолуга турганын президенттин расмий сайты жарыялады.   Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын президенттери БУУда бир нече ирет сөз сүйлөп, баяндама жасаган. Би-Би-Си аталган дүйнөлүк башкы уюмда бир нече ирет сөз сүйлөгөн Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага ...
25.09.2018

Интернет коммуникацияларды үйрөнүү боюнча тренинг

2018-жылдын 21-сентябрында ЮНФПАнын «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында бейпилдикти жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканада ден соолук коомдук комитетинин (ДКК) мүчөлөрү, райондук жана шаардык ден соолукту чыңдоо борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобунун (ҮВТ) медициналык ...
23.09.2018

Бишкекте «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китбинин презентациясы өттү

22-сентябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китебинин презентациясы өттү.   Бул Кыргызстандын жети региону, биологиялык ар түрдүүлүгү жана ажайып жерлери жөнүндө таанып-билүүчү жөн гана китеп эмес, бул – балдар үчүн саякат аңгеме түрүндө кызыктуу жана түшүнүктүү жазылган чыныгы энциклопедия. Кең-кесири карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Кор кылба элим кызыңды

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»