Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

23.07.2018

«Бай-Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун 5 жыл бою колдоп келатат

«Бай Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2018» долбоорун кезектеги жолу колдоого алды, ал алыскы райондордогу балдарга мектепке чейинки зарыл билимди алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Быйылкы жылы «Бай Түшүм» Банкы жайлоодогу 7 өнүктүрүү борборуна: Баткен областынын «Ак-Шумкар», Талас областынын «Бөбөктай», Нарын областынын «Айзирек» жана «Бирлик - Таазим», Жалал-Абад областынын «Баластан» жана Ош областынын «Кара Булак» балдар бакчаларына зарыл канцеляриялык товарларды, өнүктүрүүчү оюндарды жана окуу куралдарын сатып алууну финансылады. Жайлоодогу балдар бакчалары жай мезгилинде иштейт. Долбоордун алкагында жайлоодо жашаган 170тен ашык бала үй-бүлөдөн алыстабастан ушул борборлордо мектепке даярдануу үчүн жумасына 5 күн 3 сааттан сабактарга барууга жана зарыл билим алууга мүмкүнчүлүк алат. «Бай Түшүм» Банкы жайлоодогу өнүктүрүү борборлору долбоорун биринчи жылы колдоп жаткан жок. Эгерде биз келечекте күчтүү мамлекетти кургубуз келсе, биз азыртан эле пайдубалды түзүп, ресурстарды балдарга жана жаштарга билим берүүгө жумшоого тийишпиз. «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору менен катар быйылкы жылы банкта жайкы «Банкир мектеби» ишке киргизилди, ал жерде ЖОЖдордун же колледждердин бүтүрүүчүлөрү бир айдын ичинде бухгалтердик эсептин, финансылык талдоонун негиздерин, эсептешүү эсептери жана банк аманаттары, кардарлар менен коммуникациялар, ошондой эле сатуулар боюнча операцияларды жүргүзүүгө үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн алды. «Банкир жайкы мектебин бүтүрүүчүлөр мансабын банкта баштай алат», - деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын башкармалыгынын төрагасы М.Б. Ишенбаев.

 

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун колдогондугу үчүн «Бай Түшүм» Банкына, «Бай Түшүм» Банкынын башкармалыгынын төрагасы Максатбек Бейшенбекович Ишенбаевге жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.

 

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору 2014-жылдан бери ишке ашырылып келатат жана малчылардын балдарына жай мезгилинде мектепке даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул демилгенин аркасында балдар жабдылган боз үйлөрдө окуйт. Балдар үчүн ар түрдүү мастер-класстар жана тренингдер уюштурулат – аларды сүрөт тартууга, чет тилдерге, оригамиге, физиканын негиздерине, улуттук оюндарга, бийге жана башка көптөгөн жөндөмдөргө үйрөтүшөт.

 

Акыркы жаңылыктар

24.06.2019

Жайлоо өнүгүү борборлорунун күндөлүгү: Кечээ кол өнөрчүлүк күнү болсо, бүгүн сүрөт сабагы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында быйыл 2019-жылы 100дөн ашык ЖӨБ ачылууда. Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу, Казыбек айылындагы Арпа жайлоосуна “Жеткинчек” ЖӨБ 1-июньда кар жаагандыгына карабастан, көчүп барышып, жайланышып, ишин башташты. Жетекчиси Гүлайым Молдакунова буларга токтолду: 25ден ашык бала тарбияланууда, кар жааганда балдар келбей калды, анткени боз ...
17.06.2019

Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук ...
13.06.2019

Роза Отунбаева: Мурдагы президенттер менен премьер-министрлер статуя болуп калууга тийиш эмес

Алматыда Казакстанда жана Борбордук Азияда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча кырдаалды талкуулашты   Шейшембиде, 11-июнда, Алматыда «Өнүгүү тарыхтары: ичтен көз караш» деген онунчу эл аралык конференция старт алды. Конференцияны уюштуруучу – жарандык коомду өнүктүрүүнүн «АРГО» ассоциациясы. Анын аткаруучу директору Джамиля Асанова конференциянын максаты – өткөндөгү жана келечектеги муундардын ортосундагы диалогду түзүү деп белгиледи. ...
13.06.2019

Мектеп-интернатка компьютерлер жана китеп баштыктар белекке берилди

Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белекке берилди. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу ...
12.06.2019

Г.Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Хуася» көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдөн түшкөн акча-каражаттары Жайлоо өнүгүү борборлоруна берилет

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Хуася салттуу искусствонун каллиграфия жана живописи” аттуу көргөзмө Чжунюань маданий баарлашуу борбору, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту, Кытай Каллиграфиясы Борборазиялык Ассоциациясы жана “Хенань Аяншоу” ЖЧК тарабынан уюштурулуп, расмий түрдө 11-июнда ачылды. Ачылыш аземине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
11.06.2019

Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана методдору боюнча Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары үчүн семинар

Бишкекте 30-майда ЮНФПА/ЮНИСЕФ/БУУ УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилеринин катышуусу менен Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана ...
11.06.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт

USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт. Катышуучулар өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул иш-чарага мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон 40 коомдук-активдүү жарандар катышат.   Лагерлер Эл ...
10.06.2019

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» Бишкек, 8.06.2019 Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Мен, дейт Президент Си, айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат. ...
09.06.2019

«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү

2019-жылдын 8-юнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилинде жарык көргөн «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү. Кытай лидеринин китебине арналган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ККП ...
06.06.2019

«STEMдеги айымдар-Кыргызстандын келечеги» Форуму болурп өттү

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинде “STEMдеги аялдар –Кыргызстандын келечеги” аталышындагы Форум болуп өттү. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган “STEMде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигине караштуу Демократиялык комиссия тарабынан ...
05.06.2019

SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.   STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»