Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

01.08.2019

Жайлоо өнүгүү борборунда тарбияланып жаткан балдардын креативдүү сапаттарын өнүктүрүшүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү. Иш-чарага ата-энелер, облусттук билим берүү институтунун кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин жана Заря корпоративинин өкүлдөрү катышты. Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим ...
16.07.2019

Жайлоо өнүгүү борборлору жөнүндө документалдык тасма тартылууда

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-июндарында Жалал-Абад жана Ош облусунун жайлоолорунда жайгашкан жайлоо өнүгүү борборлорунда тарбияланып жаткан балдар тууралуу белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер, «Кыргыз киносу» кинотеатрынын негиздөөчүсү, “Дарак ыры” тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков документалдык тасма тартты. Тасмага алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кызыл –Кыштак”, “Нур –Айым” жайлоо өнүгүү ...
24.06.2019

Жайлоо өнүгүү борборлорунун күндөлүгү: Кечээ кол өнөрчүлүк күнү болсо, бүгүн сүрөт сабагы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында быйыл 2019-жылы 100дөн ашык ЖӨБ ачылууда. Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу, Казыбек айылындагы Арпа жайлоосуна “Жеткинчек” ЖӨБ 1-июньда кар жаагандыгына карабастан, көчүп барышып, жайланышып, ишин башташты. Жетекчиси Гүлайым Молдакунова буларга токтолду: 25ден ашык бала тарбияланууда, кар жааганда балдар келбей калды, анткени боз ...
17.06.2019

Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук ...
30.05.2019

Кыргызстанда быйыл 100дөн ашык «Жайлоо өнүгүү борборлору» иштейт

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция өттү.Иш-чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Кыргызстандын жети дубанынын ...
29.05.2019

Көл жээгинде поэзия кечеси өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде 28-майда акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов жана Акбар Кубанычбековтун поэзия кечеси өттү.   Кечеге "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун "Жайлоо өнүгүү борболору" долбоорунун алкагында өтүп жаткан республикалык конференциянын катышуучулары жана “Кыргыз деңиз” санаториясынын эс алуучулары катышышты.   Акындар өз чыгармаларын окушуп, Акбар Кубанычбеков "Мурас" ырын комуз менен жандуу ырдап берип, ...
27.05.2019

«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция өтөт

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция өтөт. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ...
22.03.2019

Ак-Талаа районундагы «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» алты боз үй берилет

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлоруна” райондук жайыт департаменти алты боз үй, күн-шам чырактары менен берет. Бул тууралуу 2019-жылдын 15-мартында Ак-Талаа районунда “Жайыттарды башкаруу жана колдонуу, инвестиция тартуу, келечек план-2019” темасындагы тегерек столдо айтылды. Тегерек столду райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп, ...
21.02.2019

Кыргызстандыктар Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасы менен тажрыйба алмашуу максатында сапар тартышты

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин колдоосу менен “Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору” долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Туркиянын билим берүү системасы менен таанышуу, айрыкча айыл жериндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатында 17-февралда Түркүя мамлекетине сапар тартышты.   Делегациянын курамында бала ...
27.10.2018

«Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун фото көргөзмөсү MountainEXPO Тоо Павильонунун бир бөлүгү болуп калды

22-октябрдан 24-октябрга чейин Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде өткөн «Mountain Expo» Тоо павильонундагы көргөзмө Кыргызстандын тоолуу региондорундагы ар түрдүү уюмдардын ишин көрсөткөн долбоорлор үчүн жакшы аянтча болуп калды.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун фото көргөзмөсү MountainEXPO Тоо Павильонунун бир бөлүгү болуп калды, ал Дүйнөлүк Тоо Форумунун учурунда бардык ...
21.08.2018

Жайлоо бала бакчаларында чет элдик ыктыярчылар балдарды ар нерсеге үйрөтүүдө

Республиканын ар тарабындагы жайлоо бала бакчаларында жеткинчектер англис тилин, чет элдин маданиятын үйрөнүүдө. Тынчтык корпусунун (Peace Corps) жана Корей агентствосунун (KOICA) ыктыярчылары балдарга англис, корей тилдерин үйрөтүүдө. Тынчтык корпусунун ыктыярчысы Джеффри Винкелман балдарга англис тилин жана ден-соолукту чыӊдоо, тазалыкты сактоо сырлары менен бөлүштү. Андан тышкары жеткинчектерге искусство тууралуу дагы бөлүштү. Ал эми Холли Тила ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»