Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Аларда кандай болду экен?

29.05.2016

Түштүк Кореядагы балдар бакчасы: жалпы майрамдар жана өз үлүлү

Евгения Рогачева "Летидорго" Түштүк Кореадагы балдар бакчалары жөнүндө айтып берди.

 

«Биздин бала бакчабыз – биздин үйүбүз» – менин балдарым бир жылдан ашык мезгилден бери барып жүргөн балдар бакчасынын кире беришинде ушундай шыктандырган жазуу илинип турат. Ал Син-ёнче деп аталат жана Түштүк Кореянын Кёнги-до провинцичсында жайгашкан. Бул кадимкидей эле балдар бакасы, мындайлар Кореяда көп. Демейде балдар бакчалары эки түргө бөлүнөт: 3 айдан тартып (же 100 күндөн тартып, Кореяда ушундай эсептөө кабыл алынган) 4 жашка чейинки жана 4 жаштан тартып 7 жашка чейинки улуу балдар үчүн, башкача айтканда, мектепке чейин. Бирок биздикиндей балдар бакчалары да бар, аларга бир жаштан тартып жети жашка чейинки балдар бара алат. Эреже катары, энеси иштебесе жана наристени үйдө бага алса да, балдар 2,5 жаштан же 3 жаштан тартып бакчага барат. Бала теңтуштары менен баарлашууга, топто өзүн туура алып жүрүүгө, мугалимдерди угууга үйрөнүшү үчүн сөзсүз түрдө балдар бакчасына барууга тийиш деп эсептелет.

 

Бардык бакчаларда эртең мененки убакыт саат 8де башталат, бул учурда балдарды ишине шашып жаткан энелер жеткирет. Ар бир балдар бакчасында сөзсүз түрдө миниавтобус (же эгерде бул өтө кичинекей бакча болсо, жөн гана машина) бар, ал ар бир баланын үйүнө барат, ал эми кечинде бардыгын үйлөрүнө жеткирет. Биз сыяктуу айрымдары өздөрү барат. Биз балдар бакчасына жөө 5 мүнөттө жетебиз жана эртең менен жана кечинде жөө басуу бизге кыйын эмес. Кандай болгон күндө да, биз 9:30да жетип калабыз. Балдар эртең мененки тамакты үйүнөн жейт деп эсептелет, ошондуктан балдар бакчасында эртең мененки тамак жок. Экинчи эртең мененки тамак бар – эртең мененки саат 10го жакын. Андан соң саат 12:30да түшкү тамак жана күндүзгү уйкудан кийин болжол менен 16:30да түштөн кийинки тамак. Автобус балдарды 17:30да үйлөрүнө жеткирет. Балдарын кийин алгандар демейде саат 18:00де келет.

 

Ушундай тартип Крореяда энелердин көпчүлүгү иштебеген мезгилден бери сакталып келатат. Бара-бара ал өзгөрөт деп ойлойм. Азыр аялдардын көпчүлүгү иштеп жаткандыктан, балдар бакчасындагы ушундай режим аларга, албетте, өтө ыңгайсыз. Өтө кеч башташат, өтө эрте токтотушат. Мындан тышкары, балдар бакчаларында үч жылда бир жолу каникул бар. Бардык каникулдар бир жумага созулат: жайында, Рождество каникулдарынын учурунда, ошондой эле жаңы окуу жылы башталаар алдында мартта.

 

Кореяда бири калбай бардык балдар бакчаларына акы төлөнөт. Бирок ушул жылдан тартып мамлекет дотацияны киргизди жана негизги чыгымдарды төлөп турат. Ата-энелер кошумча сабактар жана окуу куралдары үчүн гана төлөйт. Биздин бакчада ар айдагы акы бир балага 130 долларды түзөт.

 

Ырас, чыгымдар ушуну менен чектелбейт. Кирип жаткан учурда биз кышкы жана жайкы балдар формасына (спорттук костюмдар, аларды балдар жумасына эки жолу кийет), атайын рюкзактарга акы төлөгөнбүз, балдардын бардыгында тамак үчүн топтомдор да бирдей (капкагы бар батыныс жана вилкасы бар кашык). Мындан тышкары, бизге балдар үчүн сатып алуу керек болгондордун бардыгынын бүтүндөй тизмесин берген. Анда төшөнчүлөр, щеткалар жана пасталар, тапочкалар, сүлгү, даарат кагазы, бир жолу колдонулуучу жана ным салфеткалар, самын, табактар жана сүрөт тартуу үчүн эки альбом бар. Жыйынтыктап келгенде бир балага буюмдар үчүн чакан чемодан болуп чыкты. Барын чогулттук жана өткөн жылдын ноябрында эки балабызды Син-ёнче балдар бакчасына жөнөттүк.

 

Бакчада бардыгы болуп 30 бала, 4 тарбиячы жана башчы бар, мээримдүү айым, чындыгында эле жал-дили менен балдар педагогу. Ал ушул бакчада жыйырма жылдан ашык иш алып барат, бирок биздин аймакка жакында эле көчүп келишти. Айтмакчы, аймак жаңы, бул жерге бардыгы жакында көчүп келди. Тарбиячылардын бири – башчынын кызы. Ал эми автобустун айдоочусу, бухгалтер жана колунан көөрү төгүлгөн жөн гана мастер – анын күйөөсү. Мындай балдар бакчаларын кээде үй-бүлөлүк деп аташат. Балдар курагы боюнча төрт топко бөлүнгөн. Кенже топ – бир жаштан эки жашка чейинкилер, эки орто топ – эки жаштан үч жашка чейинкилер жана улуу топ – булар төрт жаштан беш жашка чейинки балдар. Көпчүлүгү бул жерге биринчи жылы келип жатат жана мектепке чейин келүүгө ниеттенишүүдө. Биз да ошентебиз. Биздин бакчаны биз жакшы көрөбүз жана дал ушуну тапканыбызга өтө ыраазыбыз.

 

Биздин бакчабыз ата-энелер баласы бакчада эмне кылып жатканы, эмнени жеп, сабактарда эмнени өтүп жаткандыгы жөнүндө мүмкүн болушунча алда канча толук маалыматты алышы жөнүндө камкордук көрөт. Биринчиден, ай сайын биз балдар үчүн менюну алып турабыз, анда биздин балабыз бул айда эмнени жей тургандыгы кең-кесири жазылган. Экинчиден, ар бир жума күнү бизге кийинки жумага окуу сабактарынын жана пландарынын расписаниесин жөнөтүп турушат. Буга кошумча түрдө, демейде бир аз кыялдануу багыты бар, ата-энелер үчүн бир аз куттуктоосу бар «үй-бүлөлүк кат». Эмнегедир бул жерде тарбиячылар ата-энелерге жылдын мезгилдери жөнүндө, аба ырайы кандай өзгөргөндүгү, жакындап келаткан жаз (же күз, же кыш) бизге эмне алып келаткандыгы жөнүндө жазганды абдан жакшы көрөт жана ушулардын бардыгы үй-бүлөгө зор бактыны жана көптөгөн кубанычтуу күндөрдү каалоо менен аяктайт. Чыгыштын сыйкорлугу! Ал кээде кандай формада болуп калганына да таң калып бүтө албайм. Романтикалык бөлүктөн кийин практикалык бөлүк уланат, эгерде кийинки жумада балдар экскурсияга бара турган болсо же балдар бакчасында кандайдыр-бир иш-чаралар пландаштырылып жатса, ата-энелерге эмне тамак жасоо керек, баланы кандай кийиндирүү керек, баланы качан алып келип, качан алып кетүү керек деген жана башка кең-кесири инструкция берилет. Кээде ушулардын бардыгына балдарды тарбиялоонун майдабараттары жөнүндө чакан макала кошумчаланат.

 

Азиянын бардык башка өлкөлөрүндөгүдөй эле, Кореяда коомдук байланыштар ушунчалык күчтүү болгондуктан, коомдук турмуштан сыртта калуу дегеле мүмкүн эмес. Сени эч ким жана эч качан жайыңа койбойт! Мен муну балдарым бакчага бараары менен түшүндүм. Ар бир баланын күндөлүгү бар, ага тарбиячылар күн сайын баланын ал-акыбалы, маанайы, табити жөнүндө, ал өзүн кандай алып жүргөндүгү, эмне кылгандыгы, эмне оюн ойногондугу жөнүндө жазууларды жазат. Ал тургай, ата-энелер ошол эле күндөлүктөргө бала кечти кандай өткөргөндүгү, эрте тургандыгы же жоктугу, жакшы уктаганды же жоктугу, дем алыш күндөр кандай өткөндүгү жөнүндө жооп жазууларын жазат! Эгерде керек болсо, тарбиячыга суроо берүүгө, кеңеш суроого болот. Ошентип, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосунда туруктуу байланыш болуп турат. Балдар бакчасында бала убакытты кандай өткөрүп жаткандыгы жөнүндө ата-энелер билип гана тим болбостон, ошондой эле бала үйүндө кандай жашай тургандыгы жөнүндө тарбиячылар билиши өтө маанилүү деп эсептелет. Бул бала менен үй-бүлөлүк окуяларды, сапарларды талкуулоо жана жөн гана баланын мүнөзүн алда канча толук түшүнүү үчүн керек.

 

Бирок ушуну менен гана бүтүп калбайт! Ар бир окуу жарым жылдыгынын аягында сөзсүз түрдө ата-энелер менен жекече жолугушуулар өткөрүлөт. Тарбиячы баланын мүнөздөмөсүнө окшош нерсени түзөт. Анда жалпы жөндөмдөрү жана иш билгилиги, мүнөзүнүн негизги белгилери, бала топто өзүн кандай алып жүргөндүгү, достору менен кандай баарлаша тургандыгы, эмнеге көбүрөөк кызыгаары, кайсы сабактардан кандай жетишип жаткандыгы көрсөтүлөт. Жолугушууда ата-энелерде ушул мүнөздөмө менен таанышуу жана жөн гана маектешүү сунуш кылынат. Эгерде суроолор, каалоолор бар болсо, баланын жүрүш-турушунда бир нерсе тынсыздандырса, ушулардын бардыгын тарбиячы жана башчы менен талкуулоого болот, ал милдеттүү түрдө катышат.

 

Муну менен да бүтүп калбайт! Ар бир жарым жылда бардык ата-энелердин жана бакчадагы балдардын биргелешкен жолугушуулары өткөрүлүп турат. Бул жаратылышка бирге чыгуу же балдар бакчасынын имаратында жөн гана жолугушуу болушу мүмкүн. Башкысы – бардыгы бирге чогулушунда, таанышуусунда, баарлашуусунда турат. Мындайча айтканда, өзүн көрсөтүп, башкаларды да көрүү. Тарбиячылар ишсиз калбайт. Үй-бүлөлүк оюндарды жана ар түрдүү сабактарды өткөрөт. Кыскасы, кааласа да, каалабаса да, кала берсе эң пассивдүү ата-энелерге баланын бакчадагы турмушуна жигердүү катышууга туура келет. Эми тамак-аш жана күндүзгү уйку жөнүндө бир нече сөз. Менин балдарым Кореяда туулган жана албетте алар корей тамак-ашына толук көнгөн. Бирок алар мени менен үйдө жүргөн кезде мен аларга европалык тамак-ашты берүүгө аракет кылчумун. Эртең менен ботко, жумуртка, мөмөлөр, сүт, түшкү тамак биринчи жана экинчи тамактан жана башкалардан турат. Салыштыруу үчүн, корейлер эртең менен шорпого бышырылган күрүчтү жейт, ал эми биринчи жана экинчи тамак жөнүндө таптакыр угушкан эмес. Албетте, балдар бакчасындагы тамак-ашка балдар кантип көнөт деп мен тынчсызданчумун. Бирок бардыгы ойдогудай өттү. Мунун себеби эң ириде биздин бакчанын башчысы тамакты жакшы жасай тургандыгында! Ооба, ал тамакты өзү даярдайт жана муну мыкты жасайт. Кала берсе мага да жагып калды. Бакчада балдар көнүү мезгилинен өтүп жаткан жана эртеден-кечке чейин алар менен бирге калууга туура келген учурда даам сызып көрүүгө туура келди. Түшкү тамак дайыма корейдики: күрүч, 5-6 кошумча тамак жана шорпо же рагуга окшош тамак. Кошумча тамактар – булар бууга бышырылган жашылчалар, эт же балык, тофу жана сөзсүз түрдө кимчи. Түшкү тамакты балдар өзү үйүнөн ала келген батыныстарда жейт. Бакчада аларды жуубайт. Капкак менен жабышат жана ата-энелер алардын балдар эмнени жана канча жегенин өздөрү карап көрүшү үчүн үйгө жөнөтүшөт. Бул ошондой эле алардын идишин жууп ыракат алышы үчүн керек.

 

Балдар да «корейче» – полдо укташат. Тарбиячылар полго атайын маттарды төшөйт, аларга шейшептерди, жаздыкты, одеялды төшөйт, аларды балдар үйүнөн ала келет жана аларды дүйшөмбүдө кайрадан таза жөнөтүү үчүн ар бир дем алыш күнү ата-энелер үйүндө жууйт. Балдар ушул маттарга катар жатышат жана укташат.

 

Тамактан жана уйкудан тышкары, балдар менен көптөгөн окуу сабактары өткөрүлөт. Окуу программалары жөнүндө өзүнчө айтуу керек. Алар өтө кызыктуу жана ар бир жолу мени таңдандырат, анткени азыр 4-5 жашында менин уулум өтүп жаткандарды, мен бала чагымда биз башталгыч мектептин класстарында өткөнбүз!

 

Бардык программалар эрте өнүктүрүүгө багытталган. Бул Кореяда эчактан бери басымдуулук кылган жалпы тенденция. Дегеле корей балдары өтө көп окуйт. Алар канчалык улуу болгон сайын ошончолук көп окуйт, иш жүзүндө башка эч нерсеге убактысы калбайт. Бул канчалык жакшы экени талаш маселе, бирок азыркы учурдагы реалдуулук ушундай.

 

Биздин бакчада сабактар негизги төрт багыт боюнча өткөрүлөт. Биринчиси – бул бакчанын жалпы билим берүүчү программасы. Экинчиси – англис тили. Үчүнчүсү – музыкалык билим берүү. Төртүнчүсү – биз ритмика деп атай турган спорт сабактары. Биринчи багытты толугу менен балдар бакчасынын тарбиячылары өткөрөт. Калган үчөөнү айрым сабактарга жумасына эки жолу келүүчү педагогдор өткөрөт. Спорттук сабактарда балдар секирет, чуркайт, ар кандай тренажерлор, шарлар, скакалкалар менен иштейт, спорт оюндарын ойнойт. Сабактар төмөнкүдөй бир нече блокторго бөлүнгөн: балансты өнүктүрүү, колдордун жана буттардын булчуңдарын чыңдоо, командалык оюндун жөндөмдөрүнө үйрөтүү ж.б. Музыка боюнча сабактар да биз үчүн көнүмүш болгон түрдө өткөрүлөт: балдар ырларды жана аларга карата атайын кыймылдарды жаттайт. Ырлардын мазмуну негизинен тарбиялоо мүнөзүндө болот. Мисалы, тиштерди сөзсүз түрдө тазалоо, жашылчаларды жана жемиштерди көп жеп, мугалимдерди угуу жана энени жакшы көрүү керектиги жөнүндө.

 

Бирок мен бакчанын мугалимдери өткөн англис тили жана жалпы программа сабактарына баарынан көбүрөөк ыраазымын. Окуу куралдары, менимче, абдан мыкты! Англис тили боюнча программа наристелерди эки жаштан тартып окутууга эсептелген. Ал үндөр жана алгачкы сөздөр менен таанышуудан башталат. Бирок иш жүзүндө алгачкы фразалар да киргизилет. Окутуу табигый тилди өнүктүрүүгө багытталган жана көбүнесе тилди алып жүрүүчүлөр ушул эле куракта (2 жаш) өтүп жаткандарга окшош. Программа деңгээлдерге бөлүнгөн, ар бир деңгээлди өтүү эки жуманы ээлейт. Ар бир деңгээлге китептен, жумушчу дептерден жана аудио/видео дискадан турган өзүнчө окуу куралы шайкеш келет. Окуу куралдары өтө кооз. Дептерлерге 2-3 жаштагы балдар сүрөт тартат, боейт жана наклейкаларды чаптайт. 4-5 жаштагы балдар ар кандай тапшырмаларды аткарат, мисалы, дисканы угуп, туура сүрөттү белгилөө же тамганы ушул тамга менен башталган сөзгө бириктирүү же жаңыдан эле уккан тапшырмада, ырда же жомокто айтылган айрым буюмдарды чаптоо керек.

 

Ар бир китеп жомоктогу айрым тарыхка (Пиноккио, Белоснежка, Красная Шапочка ж.б.) арналган, ал жөнөкөй сөздөрдөн турган кыскача диалогдор менен жабдылган чоң, кооз комикс түрүндө берилген. Ошентип, балдар сөздөрдү жаттаганга караганда, бүтүндөй фразаларды жаттап калат. Балдар фразаларды эне тилден англис тилине которгонду эмес, айрым ойлорду жана маанилерди англис сөздөрү жана фразалары менен айта билиши маанилүү. Бул үчүн комикстер, сүрөттөр, карточкалар, ырлар, миниспектаклдер жана кыска мөөнөттүү оюндар колдонулат.

 

Албетте, окуу куралдары канчалык кооз болбосун, акыр аягында сабактардан кийин бала реалдуу түрдө эмнени биле тургандыгы гана маанилүү. Азыркы учурда менин уулум (4,5 жашта) англис алфавитин, бардык негизги түстөрдүн аталыштарын билет, 12ге чейин эсептей алат, көп колдонгон сөздөрүнүн запасы 60ка жакын сөздү жана «Мен тигилерди жана буларды жакшы көрөм/жаман көрөм», «Мен... каалап жатам», «Менде... бар», «Мен... көрүп турам» сыяктуу жана башка 15 фразаны түзөт.

 

Жалпы билим берүү программасы төмөнкүдөй бир нече блокторго бөлүнөт: сүйлөөнү өнүктүрүү жана корей алфавитин, цифраларды жана эсепти, сүрөт тартууну үйрөнүү, көркөм сүрөт өнөрүнүн негизги түрлөрү менен таанышуу, жандуу жаратылыш, илим сабактары менен танышуу, ошондой эле коопсуздук техникасына үйрөтүү жана жыныстык тарбиялоо. Окуу куралдары өтө көп берилет, булар – китептер жана дептерлер/жазуулар жана жумушчу дептерлер, ар кандай өнүктүрүүчү оюнчуктар. Сүйлөөнү өнүктүрүү боюнча сабактарда балдарга жомокторду жана аңгемелерди окуп беришет, андан соң окулгандардын мазмуну боюнча тапшырмалар аткарылат, жаңы сөздөрдү камтыган атайын карточкалар бар (2-3 жаштагы наристелер үчүн), улуу топто (4-5 жаш) балдар сөздөрдү жана тамгаларды жазат, логика боюнча тапшырмаларды аткарат. Мисалы, айрым белгилер боюнча айрым буюмдарды ар башка топторго топтоо керек. Адегенде булар демейки буюмдар болгон, эми болсо булар геометриялык фигуралардын топтомдору жана ар кандай татаал абстракттуу формалар. Чынын айтсам, уулум бакчадан эки жумада өтүлгөн окуу куралдарын алып келип жана мага өзүнүн ийгиликтерин көрсөткөндө, мага көп учурда ушундай тапшырмаларды чечүүдөн мурда ойлонууга туура келет.

 

Мындан тышкары, улуу топтогу балдар эң жөнөкөй «2+3=5», «7-3=4» деген жана башка мисалдарды эсептөөгө жана чыгарууга үйрөнөт. Сүрөт тартууну улуу топтордо да, кенже топтордо да үйрөнүшөт. Окуу куралдарында дайыма көркөм өнөрдүн чыгармаларынын: сүрөттөрдүн, скульптуралардын, белгилүү имараттардын фотосүрөттөрү бар. Ар бир сабак айрым темага арналган, мисалы, бүгүн алманы же үлүлдү, же болбосо баканы же дарбызды тартабыз. Адегенде схема боюнча, андан соң өз алдынча. Эркин ой чабыттоо үчүн да орун бар. Балдар манжалары менен жана боектор менен тартат, колдордун жана буттардын издерин тартат, түстөр жагынан жөн гана эксперимент кылат. Сөзсүз түрдө кандайдыр-бир буюмдар жасалат. Бардык материалдар окуу куралдары менен бирге келет. Балдар мага эмнелерди гана тартуулаган жок! Кол желдеткичи, дубал үчүн кооз буюмдар, өзү чыгарган фотосүрөттөр үчүн алкактар, шариктер, фонариктер, көпөлөк, чымчык, бака, ханзада кыздар үчүн костюм, буларды балдар миниспектаклдер жана ролдук оюндар үчүн сабактарда жасаган.

 

Жандуу жаратылышка арналган блок жылдын мезгилдери жөнүндө, ар кандай жаныбарлар жана курт-кумурскалар жөнүндө айтып берет. Биз буга чейин кумурскаларды, көпөлөктөрдү, гусеницаларды, цикадаларды, коңуздарды, баканы өттүк. Анын үстүнө мен өттүк деп айтып жатканда, личинкадан, икрадан, жумурткадан тартып жетилген жаныбарга чейинки жана кайра артка карай алардын толук жашоо циклин окуганыбызды айтып жатам. Өткөн жумада уулум үлүлдү өттү. Окуу куралында фотодо өтө жагымдуу үлүл көрүнүп турат, алардын башы кайда, кабыгы кайда, мүйүздөрү кайда экени айтылган. Алар эмнени жейт жана эмне чычат. Айтмакчы, бул өзүнчө тема. Даарат маселелерине корейлер өтө өзгөчө, эч кандай уялбастан мамиле кылат деп айтар элем. Балдар китептерине мен кайсы жаныбар эмне чыча тургандыгын көрсөткөн сүрөттөрдү бир нече жолу көрдүм. Эчкилер кумалак, уйлар чампа чычат ж.б. Ар бир жаныбарга өзүнүн жекече кумалагы тартылган наклейканы чаптоо керек... Бирок үлүлгө кайтып келели. Айта турган болсок, уулум китептер жана оюнчуктар менен бирге үйгө «жандуу окуу куралын» – үлүлдү алып келди! Топурак жана сабиздин кесиндиси салынган тунук коробкадагы чоң кызыл үлүл. Окуу китебиндеги фотодогунун дал өзүндөй. Бул үлүлдөр окуу куралдары менен бирге келген жана ар бир балага үйдөгү жаңы жашоочуну беришкен! Эми бизде терезенин кырында үлүл жашайт. Уулум аны Яблочко деп атады.

 

«Илим» сабагы – бул өзүнчө чакан дептер-китеп. Анын максаты көп маалымат берип гана тим болбостон, ошондой эле аларда кызыгууну ойготуу. Анткени, белгилүү болгондой, илим кызыгуудан башталат. Балдар ар кандай эксперименттерди жүргүзөт. Акыркы тема аба жөнүндө болду. Эгерде саманды сууга салып, анан үйлөсө, көбүктөр пайда болот. Эмне үчүн? Аны аба түртүп чыгарып жатат. Эгерде туткасы бар атайын түтүккө (насос сыяктуу) бир тарабынан тыгын тыгып, ал эми экинчи жагынан тутканы катуу басса, тыгын түтүктөн ыргып кетет. Эмне үчүн ? Аны аба түртүп чыгарат. Эмне сууда эрийт жана эмне эрибейт деген башка темалар да болду. Эгерде май менен сууну аралаштырса эмне болот. Эгерде ар кандай түстөрдү аралаштырса эмне болот. Эмне үчүн буурчакты нымдуу кебезге оросо ал өсүп чыгат. Уулум мага «Эмне үчүн суу отту өчүрөт?», «Эмне үчүн муз менен кант сууда эрийт?» деген жана башка суроолорду бере баштады.

 

Коопсуздук техникасы боюнча сабактар эки жумада бир жолу тренинг түрүндө өткөрүлөт. Балдар ар кандай өзгөчө кырдаалдарда эмне деп кыйкыруу керектигин так билет. Эгерде өрт чыкса же башка кырсык болсо кайда телефон чалуу керектигин уулум билет. Кореяда куткаруу кызматынын телефону «119». Уулум ошондой эле жолдон кантип туура өтүү жана метродо өзүн кандай алып жүрүү керектигин билет.

 

Жыныстык тарбиялоо боюнча сабактарда адамдын денесинин түзүлүшү жөнүндө жалпы түшүнүк берилет. Бизде булчуңдар, сөөктөр, кан бар экенин, эркек балдар атасына, ал эми кыздар апасына окшош экенин айтып беришет.

 

Жыйынтыктап жатып, балдар бакчасынын эң жагымдуу учурлары жөнүндө: майрамдар жана экскурсиялар жөнүндө дагы бир нече сөз. Мында дароо айтып кетким келет: бул мааниде биздин бакчабыз башкалардан айырмаланып турат жана бул башчынын сиңирген эмгеги. Бардык эле бакчаларда балдарды экскурсияларга, театрларга жана көргөзмөлөргө алып бара бербейт. Биздин бакчада сапарлар эки жумада бир жолу болуп турат. Балдар кайда гана барышкан жок. Бассейндер, зоопарктар, музейлер, жол кыймылына, фарфорго жана керамикага, кулинарияга жана киного арналган тематикалык балдар борборлору. Алар сейил бактарда да, питомниктере да болушту, ат минүүгө, картошканы отургузууга, бататты (таттуу картошка) казууга барышты. Куурчак спектаклдерине жана балдардын оюн-зоокторуна дайыма барып турушат. Бакчанын өзүндө ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Балдар салттуу корей тамактарын: кимчини жана тток күрүч токочторун жасайт. Шоколадды жана газдалган сууну жасайт. Анан, албетте, майрамдарды белгилешет! Салттуу майрамдардын учурунда бардыгы көрктүү улуттук костюмдарды кийип келишет. Рождествонун алдында бакчага сөзсүз түрдө Санта Клаус келет жана балдарга белектерди берет, аларды буга чейин ата-энелер балдарга көрсөтпөстөн тарбиячыларга берет. Ар бир үч айда ушул айларда туулгандардын бардыгы үчүн «Туулган күн» жалпы майрамы өткөрүлөт. Балдар бири-бирине белектерди берет, ата-энелер бакчадагы бардык балдар үчүн тортторду, ширелерди, пиццаларды, салттуу тамактарды жана башка даамдарды сатып алышат. Албетте, бул кошумча чыгымдар менен байланышкан, бирок эч ким даттанбайт, анткени ушулардын бардыгы балдарга эбегейсиз зор кубаныч тартуулайт. Балдар бакчасы чындыгында эле биздин балдар үчүн экинчи үй болуп калды деп ойлойм. Бакчага баргандан кийин балдар абдан өзгөрдү. Жоош, бири-бирине сабырдуу жана жугумдуу болуп калды, дүйнө жөнүндө жана өздөрү жөнүндө көптөгөн жаңы жана кызыктуу нерселерди билди.

 

 

Акыркы жаңылыктар

17.11.2018

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын ...
10.11.2018

Зомбулук - коомдун вирусу

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.   "Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".   Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.   Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта ...
06.11.2018

Конференциянын экинчи күнү «Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу»

«Саясий чечимдерден аракеттерге карай. Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу» деген эки күндүк конференциянын алкагында кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүдө комплекстүү стратегияларды талкуулоо үчүн Бишкек шаарында 60тан ашык катышуучу чогулду. Бул конференциянын актуалдуулугу ошондой эле убакыттын контексти менен шартталган, анткени азыркы учурда гендердик зомбулук көйгөйүн чечүү ...
03.11.2018

Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар өттү

АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун катышуучулары үчүн эки ай бою (ноябрь-декабрь) Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда вебинарлар өтөт. Долбоордун катышуучуларынан тышкары вебинарларга каалагандардын бардыгы катыша алат. Бул үчүн вебинарлар базасында өткөрүлө турган долбоордун өнөк ЖОЖдорунун: И.Раззаков ...
02.11.2018

Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт

2018-жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өткөрүлөт.   Тренингдин максаты – ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө, ошондой эле «Тамактануу пирамидасы» ...
02.11.2018

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына визити

БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылы уюштурулган Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңештеги иштин алкагында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына (Нью-Йорк шаары, АКШ) визити болуп өттү.   Алсак, 2018-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки мезгилде КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментинин башчысы Розмари ДиКарло, ...
02.11.2018

30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү

РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында ...
02.11.2018

«STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды

2018-жылдын 1-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Конкурска Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас областтарынан жана Борбордук Европадан арыздар келип түшкөн.   Курамына ар ...
01.11.2018

Search for Common Ground сыйлыгы КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага тапшырылды

Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) – Тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөлүк ири уюм 2018-жылдын 1-ноябрында Search for Common Ground уюмунун сыйлыгын ар жылдагы тапшырууда тынчтыкты сүйүүчүлөрдүн активисттерин куттуктайт. АКШ өкмөтүнүн, дипломатиялык, ишкер жана бизнес секторлорунун жүздөн ашык лидерлери Inter Continental New York Barclay отелинде , Нью-Йорк, бул иш-чарага катышуу үчүн чогулат.   Быйылкы жылы сыйлыкты тапшыруунун ар жылдагы XIX аземи чечилбеген чыр-чатактарды ...
31.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2018-жылдын ноябрына   иш-чараларынын дайджести       1-ноябрь – «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктарын жарыялоо Качан: 1-ноябрь, саат 11.00дө Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (1-корпус, 1/211-ауд.) «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору жана «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун ...
30.10.2018

Борбордун он турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акциялр өткөрүлөт

2018-жылдын 26-октябрынан 16-ноябрына чейин жаштар командалары Бишкек шаарынын 10 турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.   Бишкекте 2018-жылдын 26-октябрында Ак-Бата турак-жай конушунда Свердлов райондук мамлекеттик администрациянын акими Болотбеков Самарбек Болотбековичтин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын, дене тарбиясынын жана спорттун иштери боюнча ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»