Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Аларда кандай болду экен?

22.01.2016

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү

Сөз инклюзивдик билим берүү жөнүндө жүргөн учурда, ата-эненин көз карашынан алганда, көп нерселер чаржайыт жана бүдөмүк бойдон калат. Өзгөчө анын инклюзивдик мүнөздөгү мектепке чейинки билим берүү сыяктуу түрү жөнүндө сөз жүргөндө ушундай болот.

 

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү дени сак балдарды жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде бирге окутууну билдирет. Бул макалада мектепке чейинки инклюзивдик билим берүүнү козгогон, өтө көп берилүүчү суроолорго жооптор берилген.

 

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү кайсы мыйзам актыларына негизделген?

 

Россия Федерациясынын аймагында инклюзивдик билим берүү жөнүндө жобо РФ Конституциясында, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда, ошондой эле «РФда майыптарды социалдык коргоо жөнүндө» мыйзамда бекемделген. Эл аралык деңгээлде инклюзивдик билим берүү (анын ичинде мектепке чейинки билим берүү) жагынан долбоорлорду ар тараптан турмушка ашыруу жана киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган укуктук база Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга жана Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө европалык конвенциянын № 1 протоколуна таянат.

 

Бүткүл дүйнөдө инклюзивдик мүнөздөгү мектепке чейинки билим берүүгө негизделген негизги принциптер 1994-жылдагы Саламан декларациясында бекемделген. Азыркы учурга карата Москвада болгону 96 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт, ал жерде инклюзивдик жана интегративдик мүнөздөгү мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү бир нече жылдардан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келатат. Иш жүзүндө Россиянын бардык ири шаарларында инклюзивдик багыттагы билим берүү мекемелери бар.

 

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү кандай болот?

 

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү эки негизги формада ишке ашырылат.

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн атайын топтор уюштурулган. Өзгөчөлүү балдар өзүнчө окуганына карабастан, алар мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин социалдык турмушуна кошулган бойдон калат, дени сак балдар менен катар коомдук иш-чараларга жана башкаларга катышат. Адатта, атайын топтордо демейдегиден башкача, психикалык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүдө артта калган балдар атайын топтордо окуйт.

 

Башка формада мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү өзгөчө муктаждыктары бар балдарды алар бардык башка балдар менен жалпы негиздерде сабак окуй турган топтордун курамына түздөн-түз кошуу аркылуу ишке ашырылат. Бул вариант көп учурда майып балдарда интеллект сакталган шартта колдонулат.

 

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүү балдарды окутуунун жана социалдык интеграциялоонун натыйжаларына кандай таасир этет?

 

Дени сак балдарды жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды бирге окутуу жана өнүктүрүү, биринчи кезекте, кийинкилерди социалдык адаптациялоо жагындагы маселелерди чечүү үчүн зарыл. Балдар коомчулугунда майып балдарга карата сабырдуулук жана тең укуктуу мамиле тарбияланат. Дал мектепке чейинки билим берүү инклюзивдик болуп калган кырдаалда ушул жол алда канча натыйжалуу, анткени мектепке чейинки куракта балдар тагдырынан улам башкалардай болуп жаралбай калган теңтуштары жагынан коркунучтуу ойлору болбойт.

 

Англияда инклюзивдик билим берүүнүн көп жылдык тажрыйбасы изилдөөчүлөргө ушундай топтордо окуган балдар алда канча жогорку натыйжаларды көрсөтө тургандыгын далилдөөгө мүмкүндүк берди. Анын үстүнө, дени сак балдардын натыйжалары, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар балдардын натыйжалары эске алынып жатат.

 

Мектепке чейинки инклюзивдик билим берүүнүн эки тарап үчүн кесепеттери барбы?

 

Көпчүлүк ата-энелер педагог же тарбиячы өзүнүн баалуу убактысын дайыма өзгөчөлүү балдарга жумшоого туура келет деген себептен улам дени сак балдарга жетиштүү көңүл бурбайт деп санааркашат. Бирок демейки топко өзгөчө муктаждыктары бар 2-3төн ашпаган бала кошулат жана педагог дени сак балдарга канча көңүл бурса, муктаждыктары бар балдарга ошончолук көңүл бурат. Эгерде сөз интеллекти толук сакталган балдар жөнүндө жүрүп жатса, анда аларда, эреже катары, окутуу процессинде педагогду балдардын бүткүл калган топторун таштап коюуга мажбурлай турган кошумча муктаждыктары таптакыр болбойт.

 

Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жалпы негиздерде алынган мектепке чейинки билим берүү – бул майып балдардын көпчүлүгү аргасыздан дуушар болуучу социалдык-психологиялык мүнөздөгү көптөгөн оорчулуктардан арылуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк.

 

Өзгөчө муктаждыктары бар баланы билим берүү мекемесине кабыл алуу үчүн эмнелер зарыл?

 

Өзгөчөлүү баланын ата-энеси экөөнүн бирөө кол койгон арызды, өз паспортунун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү жана 286-у формасындагы медициналык картаны берүүсү жетиштүү. Анын алдында майып бала реабилитациялоонун атайын программасын алышы дурус, аны медициналык-социалдык экспертизанын федералдык мекемеси берет.

 

Балада өзгөчө муктаждыктардын болушунун негизинде сизге каалаган формада жана каалаган мектепке чейинки мекемеде билим алуудан баш тартууга укуксуз. Жолтоо боло турган жалгыз гана нерсе – эгерде майып баланы толук баалуу окутуу үчүн өзгөчө техникалык каражаттар талап кылынса, тигил же бул мектепке чейинки билим берүү мекемесинин техникалык жактан камсыз болушунун жетишсиздиги.

 

Азыр «окутууга болбойт» деген диагнозду медициналык-психологиялык комиссиянын бири да койбойт жана мыйзамдар ар бир бала жашаган жери боюнча каалаган мекемеде жалпы негиздерде окуй ала тургандыгына кепилдик берет. 

 

Автор — педагог-психолог Анна Макарова. 

Акыркы жаңылыктар

23.07.2019

Эко-арт лагердин катышуучулары ак илбирстерди көрүштү

Кара-Кужур жайлоосунда өтүп жаткан Кыргызстандагы биринчи эко-арт лагердин катышуучулары Ананьевадагы Айбанаттарды калыбына келтирүү борбору менен таанышып, ак илбирстерди көрүштү. 20 ашык өспүрүм 19-июлда Ысык-Көл облусунун Ананьева айылындагы Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда болушуп, ал жактагы эки ак илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, түлкү жана куштарды көрүп, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, ...
19.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн адамдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш тууралуу жайкы үйрөтүү лагери өттү

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайында өттү. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Лагердин ишине жалпысынан он алты мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун ...
18.07.2019

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс уялаган, мамыры гүлдөрү жайнаган, атактуу - Кара-Кужур жайлоосунда 20 өспүрүм катышкан эко-арт лагери өтөт. Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет. Аларга ХV Казань фестивалында гран прини, «Ак илбирс» ...
18.07.2019

«Гений» радиоберүү: Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн жыйынтыктары

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында 2019-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты жана аларга түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз болду.   Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 44289 адам катышып, 62 пайызы босого баллдан өттү, бул тууралуу кененирээк радиоберүүнүн катышуучулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү ...
16.07.2019

Жайлоо өнүгүү борборлору жөнүндө документалдык тасма тартылууда

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-июндарында Жалал-Абад жана Ош облусунун жайлоолорунда жайгашкан жайлоо өнүгүү борборлорунда тарбияланып жаткан балдар тууралуу белгилүү кинорежиссёр, сценарист, продюсер, «Кыргыз киносу» кинотеатрынын негиздөөчүсү, “Дарак ыры” тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков документалдык тасма тартты. Тасмага алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кызыл –Кыштак”, “Нур –Айым” жайлоо өнүгүү ...
15.07.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын жумушчу топтору үч күндүк окутуудан (коучинг) өтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 5-7- июлунда Ысык-Көл облусунун, Кара-Ой айылынын Ак-Бермет эс алуу үйүндө үч күндүк окутуу (коучинг) болуп өттү. Окутуунун максаты – эки пилоттук айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын өнүктүрүү приоритеттерине миграция жана гендердик багытты жумушчу топтор жана эксперттер менен биргеликте киргизүү. Окутууга Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын жумушчу топтору, гендер, миграция маселелери боюнча ...
11.07.2019

«Ынтымактуу конуштар» долбоор жазуу, аны жактоо боюнча иштешүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда “Жаңы конуштарда социалдык жана гендердик теңчиликти бекемдөө аркылуу ынтымакты чыңдоо” долбоорунун алкагында пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын 10 жаңы конуштун жаш лидерлери, коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, адистери менен бирге долбоор жазуу аны жактоо боюнча коучинг жолугушуу өттү. Пилоттук МАБ башчылары, өкүлдөрү, жаш лидерлер, ...
09.07.2019

Конкурс жарыяланат

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ  Эко-Арт-Лагерь Кара-Кужур өрөөнү, Кочкор р/ну, Нарын обл 19-28- июль 2019-ж Катышуучуларды кантип тандап алабыз? Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана ак илбирсти сактоо темасындагы макал-лакаптын негизинде сүрөт тартып жана ага аннотация жазып, аны: “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун электрондук дарегине 15.07.19 саат 17.00 чейин жибериниздер office@roza.kg Лагерь 12-15 жаш курактагы, жыйырма жаш улан ...
09.07.2019

«Ынтымактуу конуштар» долбоорунун катышуучулары стратегиялык план түзгөндү жана долбоор жазып жактаганды мыкты өздөштүрдү

4-7-июлдарда Ысык-Көлдө «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбооруна кирген Бишкектин 10 жаңы конушунун активдүү катышуучуларына “Долбоордун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык пландоо” аттуу темада тренинг өтүлдү. Окутууга Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас, Эне-Сай конушунун жаш лидерлери жана коомдук ден соолук комитетинин мүчөлөрү ...
04.07.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагери өттү

2019-жылдын 27-июнунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери аяктады. Лагердин ишине он төрт мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон коомдук-активдүү жарандар катышты. Алардын ичинен он эркек жана төрт айым Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусунан келишти.   Үч күндүн ичинде лагердин катышуучулары өз укугун ишке ашыруудагы ...
30.06.2019

Ретриттин жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын миссиясы аныкталды

21-июндан 24-июнга чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде КР экс-президенти, фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери үчүн ретрит өттү.   Фонддун командасы уюштуруучулук жана инсандык өнүгүү призмасы аркылуу өз ишин кайра жүктөөнү жана кайрадан аңдап-түшүнүүнү жүргүзүү максатында ретрит уюштурду. Иш-чара төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлдү:   • Өзүн ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»