Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Аларда кандай болду экен?

01.03.2016

Германиядагы мектепке чейинки билим берүү

Балдар бакчасы деген түшүнүктүн өзү Германиядан чыкканын силер билесиңерби? Дал педагог Фридрих Фрёбель kindergarten’ди – балдар бакчасын ачуу зарылчылыгы жөнүндө биринчи жолу айтып чыккан. Ал мезгилден бери көп нерселер алмашты, бирок классикалык педагогиканын негиздери алиге чейин көпчүлүк немецтик балдар бакчаларында актуалдуу. Азыркы мектепке чейинки билим берүү Германияда бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналбайт. Балдар бакчалары балдарды 3 жаштан тартып 6 жашка чейинки куракта кабыл ала баштайт. Үч жашка чейинки курактагы наристелер үчүн алиге чейин яслилер – Kinderkrippe бар, аларда ойдогудай түрдө карап-багышат. Ар бир шаарда балдар бакчаларынын өз ара олуттуу айырмачылыктары болушу мүмкүн.

 

Германиядагы мектепке чейинки билим берүү системасы балдар бакчасына чейинки курактагы балдарда логикалуу ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Жалпы билим берүүчү мектепке барганга чейин бардык наристелер логикалык курамы бар көңүлдүү тесттерди чечет. Педагогдор наристелерге элестүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жардам берет, сүрөт тартууга жана колдонмо чыгармачылыкка үйрөтөт. Ошондой эле балдар бакчаларында балдар дене бой жактан өнүгөт жана музыкалык сабаттуулуктун негиздерин үйрөнөт. Ал эми немец балдарын мектепке чейин туура жазууга үйрөтүшпөйт.

 

Баланын жазууну жана тез окууну билгендиги эмес, ойдогудай социалдык жетиктиги мектеп билим берүүсүнө даяр экендигинин критерийи болуп саналат. Башкача айтканда, наристенин өз теңтуштары менен бирге тапшырмаларды түшүнүүгө жана аткарууга, жазылган оюн эрежелерин сактоого, билим берүү процессине дитин коюуга, жалпы тартипке баш ийүүгө жана башталган процессти кунт коюу менен аягына чейин жеткирүүгө кудурети. Башталгыч мектепте балдар – 6 жаштан 10 жашка чейин, Бранденбургда жана Берлинде 12 жашка чейин окуйт.

 

Немец педагогдору тамгаларды жана грамматиканын негиздерин билбесе, ал эчтеме эмес – алдыда мектеп бар, ал ушуга үйрөтөт деп эсептейт. Биринчи класстын окуучусу Германиядагы мектептеги билим берүү системасынын алда канча жогорку баскычына психологиялык жактан даяр болбосо, бул жаман. Эгерде баланы даярдабаса, анда мектепте ал оорчулук туудурган балага айланышы мүмкүн, анын азабын келечекте мугалимдер гана эмес, ошондой эле ата-энелер тартат.

Акыркы жаңылыктар

23.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар жана ...
22.03.2019

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева Чыгаан айымдар үчүн Кувейт сыйлыгына ээ болду

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Кувейт мамлекетиндеги "Дүйнөдөгү чыгаан аялдар үчүн Кувейт Премиясы" сыйлыгына татыктуу болду. Чыгаан Айымдар үчүн Кувейт Сыйлыгы (ЧАКС) Кувейт мамлекеттик жана жеке сектордук, жарандык коом жашоосунун сапатынын өнүгүүсүнө чыгаан айымдардын кошкон салымын баса белгилейт. ЧАКС чыгаан айымдарды гана сыйлоо менен ...
22.03.2019

Ак-Талаа районундагы «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» алты боз үй берилет

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлоруна” райондук жайыт департаменти алты боз үй, күн-шам чырактары менен берет. Бул тууралуу 2019-жылдын 15-мартында Ак-Талаа районунда “Жайыттарды башкаруу жана колдонуу, инвестиция тартуу, келечек план-2019” темасындагы тегерек столдо айтылды. Тегерек столду райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп, ...
21.03.2019

Чыгыш мейманы - жаркын Нооруз майрамы!

Күн менен түн теңелген жаз күнүндө, узакка созулган кыштан кийин күн узактыгы боюнча түндү кубалап жеткенде, дүйнөдөгү бардык мусулмандар эң сүйүктүү майрамдардын бирин – жазгы Нооруз майрамын тосуп алат.   Күн менен түн теңелген жаз күнү, жаз майрамы жашоонун жаңыланышын билдирет! Нооруз Сиздин турмушуңузга кандайдыр-бир жаңы жана жакшы нерселерди алып келип, жаңы жетишкендиктер жана максаттар пайда болушунун башталышы жана символу болуп ...
20.03.2019

Талас шаарында көркөм сүрөт студияларынын иши улантылууда

Талас шаарынын № 6 мектебинин алдындагы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорунун алкагында көркөм сүрөт студиясы иштеп жатат, ага Талас шаарынын үч мектебинен ар кандай курактагы 20 бала барат. Бардык сабактар акысыз. Балдар үчүн бул сүрөт тартуу жагынан өзүнүн талантын ачуу же, тескерисинче, сүрөт тартууда өзүнүн күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү. Өткөн 2018-жылы, Герцен атындагы музейдин алдындагы студиядагы сабактарга катышып жаткан үч бала ...
20.03.2019

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы университеттин табигый илимдер факультетинин ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
07.03.2019

«КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулады

6-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун максаты тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулоо ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»