Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Поэзия кечелери

13.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда.


Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналат. «Ырперия» деп аталган бул поэзия кечеси 2018-жылдын 23-февралында саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт.


Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство университетин аяктаган. Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз Улуттук Филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда “Айтыш” коомдук фондунун акындар мектебинин устаты. Бул мектептен кырктан ашуун төкмө акындарды тарбиялап чыгарды жана азыр да тарбиялоодо. Азыркы учурда көпчүлүк кызыгып көргөн жана акындардын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ “Төкмө келсе төр бошот” берүүсүн даярдап, Коомдук теле-радио берүү корпорациясынан эфирге алып чыгып жатат.


Э.Иманалиев эл аралык жана республикалык бир нече акындар айтыштарынын баш байгесинин жеңүүчүсү. Ал эл ичине кеңири тарап, сүймөнчүккө ээ болгон “Булбулум”, “Аруузатым”, “Билесиңби”, “Балкыма” сыяктуу бир канча обондордун жана ырлардын автору.


Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат. 



Акыркы жаңылыктар

17.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 14-июнунда ...
13.06.2018

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо

Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт. Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат. Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, ...
12.06.2018

АКШнын КРдагы Элчилиги «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» кыргыз тилиндеги 1200 китепти тартуулады

АКШнын КРдагы Элчилиги жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдарды катары менен эки жылдан бери өзүнүн китептери менен кубандырууда. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен чыгарылган төрт аталыштагы жалпы саны 1200 нуска болгон китептерди АКШнын КРдагы Элчилиги «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна белекке берди. Китептердин аталыштары: Доктор Сьюз «Эртель ташбакасы», Жаклин Келли «Келпурнии ...
12.06.2018

Көңүл айтабыз

Ушул күндөрү балдар адабияты оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында таланттуу акын Асек Казиев дүйнө салды. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөн. Чыгармачылыкка жетилген курагында аралашса да балдарга , жаштарга арналган ырлардан турган 30 китепти жазып, жарыкка чыгарууга жетишкен. Анын “Жети-Өгүз кайрыктары» (2000),«Балбай баатырдын керээзи» (2003),«Сарногоевка салам кат» (2003),«Айтылбай калган ...
05.06.2018

«Карегимде Өрүкзар» - чыгармачылык кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы. Кече ...
04.06.2018

Роза Отунбаева «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнө барды

«Асанбай» борборунун галереясында «Грузин маданиятынын күндөрү» көргөзмөсүнүн ачылышы болду. КР Экс-Президенти Р.И.Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, ушундай иш-чараларды өткөрүү руханий жактан өсүүгө жана маданияттардын өз ара байышына түрткү болот деп белгиледи.   Көргөзмөдө ар кандай медиаларда иштеген үч сүрөтчүнүн иштери сунуш кылынган.   Сүрөтчүлөр Грузиянын маданиятынын байлыгын жана назиктигин чагылдырып турат. Нино Кипшидзе ...
01.06.2018

Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү. Иш-чарагаКыргыз Республикасынын ...
29.05.2018

Роза Отунбаева дүйнөдөгү 100 таасирлүү инсандын катарына кирди

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Apolitical" сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди. "Apolitical.co" деген сайт дүйнөдөгү коомдук ишмерлердин, лидерлердин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат. Сөз болуп жаткан тизмеге Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун ...
23.05.2018

2018-алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнүнүн жыйынтыктары

Өткөн ишембиде, 19-майда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасында шаардын эң жаркын жана күтүлгөн окуялардын бири – «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына 2018 – алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнү аяктады.   Фестивалды дароо ар башка улуттардын 5 алып баруучусу Урмат Борченов, Пазылджан Илимов, Вячеслав Мантусов, Максим Ли жана Владимир Садырбаев ачты, алар биздин маданий көп ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»