Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Поэзия кечелери

07.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин чыгармачылыгына арналат.


Кече 2019-жылдын 15-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз. Башталышы саат 17.00


Максат Жангазиев 1992-жылы Жалал-Абда облусуна караштуу Токтогул шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, “Калемгердин пегасы” сынагынын баш байгесин жеӊип алган. Анын “Жүрөк үнү аттуу алгачкы жыйнагы 2014-жылы жарыкка чыккан.


Мырзайым Айтимбетова 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда төрөлгөн. Анын алгачкы “Баш тартпас жол” деген ырлар жыйнагы 2018-жылы жарык көргөн. Анын поэзиясына лирикалуулук жана мекенчилдик мүнөздүү. ”Кол бутумдун үзүлгөнчө тамыры коргоп берем кыз-келиндин намысын”деген сыяктуу жалындуу саптардын автору.


Умар Нусубалиев 1990-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Каба айылында төрөлгөн. “Улуу тилегим” аттуу ыр китептин автору. “Беш акын” теледолбоорунун жеӊүүчүсү, Түрксой эл аралык уюмунун Жусуп Баласагын медалынын ээси. Ал “Шилте акын мокотпой калемиӊди, Шедеврди Шекспир эле жазган эмес” деген белгилүү ыр саптардын автору.


Ыр кечени белгилүү обончу жана аткаруучу, КР эмгек сиӊирген артисти Майрамбек Осмонов жана жаш ырчылар Азиз Батыров,Индира Кабылбаева коштойт.


Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.


Кече толук бойдон ЭЛТР телеканалы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт. 



Акыркы жаңылыктар

24.06.2019

Жайлоо өнүгүү борборлорунун күндөлүгү: Кечээ кол өнөрчүлүк күнү болсо, бүгүн сүрөт сабагы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында быйыл 2019-жылы 100дөн ашык ЖӨБ ачылууда. Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу, Казыбек айылындагы Арпа жайлоосуна “Жеткинчек” ЖӨБ 1-июньда кар жаагандыгына карабастан, көчүп барышып, жайланышып, ишин башташты. Жетекчиси Гүлайым Молдакунова буларга токтолду: 25ден ашык бала тарбияланууда, кар жааганда балдар келбей калды, анткени боз ...
17.06.2019

Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук ...
13.06.2019

Роза Отунбаева: Мурдагы президенттер менен премьер-министрлер статуя болуп калууга тийиш эмес

Алматыда Казакстанда жана Борбордук Азияда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча кырдаалды талкуулашты   Шейшембиде, 11-июнда, Алматыда «Өнүгүү тарыхтары: ичтен көз караш» деген онунчу эл аралык конференция старт алды. Конференцияны уюштуруучу – жарандык коомду өнүктүрүүнүн «АРГО» ассоциациясы. Анын аткаруучу директору Джамиля Асанова конференциянын максаты – өткөндөгү жана келечектеги муундардын ортосундагы диалогду түзүү деп белгиледи. ...
13.06.2019

Мектеп-интернатка компьютерлер жана китеп баштыктар белекке берилди

Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белекке берилди. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу ...
12.06.2019

Г.Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Хуася» көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдөн түшкөн акча-каражаттары Жайлоо өнүгүү борборлоруна берилет

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Хуася салттуу искусствонун каллиграфия жана живописи” аттуу көргөзмө Чжунюань маданий баарлашуу борбору, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту, Кытай Каллиграфиясы Борборазиялык Ассоциациясы жана “Хенань Аяншоу” ЖЧК тарабынан уюштурулуп, расмий түрдө 11-июнда ачылды. Ачылыш аземине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
11.06.2019

Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана методдору боюнча Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары үчүн семинар

Бишкекте 30-майда ЮНФПА/ЮНИСЕФ/БУУ УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилеринин катышуусу менен Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана ...
11.06.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт

USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт. Катышуучулар өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул иш-чарага мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон 40 коомдук-активдүү жарандар катышат.   Лагерлер Эл ...
10.06.2019

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» Бишкек, 8.06.2019 Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Мен, дейт Президент Си, айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат. ...
09.06.2019

«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү

2019-жылдын 8-юнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилинде жарык көргөн «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү. Кытай лидеринин китебине арналган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ККП ...
06.06.2019

«STEMдеги айымдар-Кыргызстандын келечеги» Форуму болурп өттү

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинде “STEMдеги аялдар –Кыргызстандын келечеги” аталышындагы Форум болуп өттү. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган “STEMде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигине караштуу Демократиялык комиссия тарабынан ...
05.06.2019

SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.   STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»