Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Поэзия кечелери
«Карегимде Өрүкзар» - чыгармачылык кечеси
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы.
Кече 2018-жылдын 14-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз.
Топчугул Шайдуллаева өрүкзарлуу Баткендин Кара-Булак айылында төрөлүп, бой тарткан. Кесиби журналист, социолог, социология илимдеринин кандидаты. Мектепте окуп жүргөн жылдары эле анын макалалары, ырлары райондук (“Кызыл туу”), облустук (“Ленин жолу”) гезиттерине, “Кыргызстан пионери” гезитине жана “Жаш ленинчи” журналына басылып чыккан.
Алгачкы “Жан шерик” аӊгемелер жыйнагы 2000-жылы жарык көрүп, ал ошол “Жылдын эӊ мыкты китеби” деген сыйлыкка татыган. Андан кийин 2006-жылы “Ташка чыккан гүл”, 2008-жылы “Акылкасас”, 2011-жылы “Всему свое время”, 2017-жылы “Кызыл өрүк” китептери жарык көргөн.
Т.Шайдуллаеванын аӊгемелери өзүнүн кичине көлөмүнө чоң ойду батыра алгандыгы менен айырмаланат. Ал КР Жазуучулар, Журналисттер союздарынын жана Эл аралык жазуучулардын ПЕН клубунун мүчөсү, КР маданиятынын мыктысы, Баткен районунун ардактуу атуулу.
Кече Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Академиялык драма театрынын артистеринин аткаруусундагы сценкалар менен коштолот.
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
Акыркы жаңылыктар
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг

- Прямая ссылка:
- Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрФотогалерея
Кыргызстандыктар Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасы менен тажрыйба алмашуу максатында сапар тартышты

«Поэзия поезди» поэзия кечеси.
- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси.
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрФотогалерея
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Түркияга сапардын алдында «Манас» КТУнин «Туризм жана мейманкана иштетүү» бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуу болуп өттү

Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг
- Прямая ссылка:
- Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Бишкекте жаштар лидерлери жана жергиликтүү коомчулуктун активисттери менен бир катар жүйөлөштүрүү жолугушуулары өттү
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
Шаарыбыздын эң масштабдуу иш-чараларынын бирин өткөрүп жибербегиле!
.jpg)
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
- Прямая ссылка:
- 2019-жылды экология менен улантабыз!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрФотогалерея