Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Поэзия кечелери

29.05.2019

Көл жээгинде поэзия кечеси өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде 28-майда акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов жана Акбар Кубанычбековтун поэзия кечеси өттү.   Кечеге "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун "Жайлоо өнүгүү борболору" долбоорунун алкагында өтүп жаткан республикалык конференциянын катышуучулары жана “Кыргыз деңиз” санаториясынын эс алуучулары катышышты.   Акындар өз чыгармаларын окушуп, Акбар Кубанычбеков "Мурас" ырын комуз менен жандуу ырдап берип, ...
24.05.2019

Олжобай Шакирдин поэзия кечеси чоӊ аншлаг менен өттү

2019-жылдын 22-май күнү белгилүү акын, жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин «Жүрөк дүк-дүк» аттуу поэзия кечеси А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында чоӊ аншлаг менен болуп өттү. Кече учурунда О.Шакир өзүнүн ырларын көркөм окуп, обондуу ырлардан ырдап берди. Ошондой эле акындын ырларын Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын артистери да окуп беришти. Аталган иш чара өзүнүн өзгөчө көркөмдүгү жана ...
18.05.2019

«Дүк-дүк жүрөк» поэзия кечеси өтөт

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду элибизге таанымал акындардын жана жаңыдан эл сүймөнчүгүнө ээ болуп келаткан жаш таланттардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Мындай кеченин кезектегиси белгилүү акын, жазуучу, “РухЭш” сайтынын негидөөчүсү Олжобай Шакирдин чыгармачылыгына арналат. О.Шакирдин “Дүк-дүк жүрөк” поэзия кечеси 2019-жылдын 22-май күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтөт. ...
12.04.2019

«Үч дүйнө» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 12-апрелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” Улуттук Борборунда Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты, телеалып баруучу Акбар Кубанычбековдун, эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын президентинин орун басарыАкжол Доранбек уулунун жана К. Орозбеков атындагы жаштар сыйлыгынын ээси, Нур Борбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү ...
08.04.2019

«Үч дүйнө» поэзия кечеси

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акындар Акбар Кубанычбековдун, Акжол Доранбек уулунун жана Адилет Зарылбек уулунун чыгармачылыгына арналат. Кече 2019-жылдын 12 –апрелинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” Улуттук ...
17.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси 2019-жылдын 15- февраль күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар ...
07.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин ...
27.01.2019

«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү

2019-жылдын 25-январь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында белгилүү акын Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Жүздөгөн поэзия сүйүүчүлөрү кечеге келип, залга батпай калды. Аталган ыр кече буга чейинкилерден өзүнүн сценарийинин кызыктуулугу жана динамикалуулугу менен айырмаланды. Мирлан Самыйкожо өзүнүн кечесин кыргыз поэзиясынын атактуу өкүлдөрүнө арнаган ыры ...
18.01.2019

«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын Самыйкожо уулу Мирландын чыгармачылыгына арналат жана ал “Ызгаардагы ыр” деп аталат. Бул поэзия кечеси үстүбуздөгү жылдын 25-январында Филармониянын Кичи залында өтөт. Саат 17.00 башталат. Кирүү акысыз.   Акын Самыйкожо уулу Мирлан Ак-Талаа ...
02.12.2018

«Тагдыр каармандары» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 29-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында “Тагдыр каармандары” аттуу поэзия кечеси чоң аншлаг меннен болуп өттү. Кече акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун жана Гүлбарчын Исаеванын чыгармачылыгына арналды. Иш чара учурунда акындар өздөрүнүн ырларынан окуп беришти. Ошондой эле Мусакун Сатыбалдиевдин ырларын И.Арабаев атындагы ...
19.11.2018

«Тагдыр каармандары» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте элибизге таанымал акындардын жана таланттуу жаш акындардын поэзия кечелерин 2016-жылдын март айынан тарта ай сайын үзбөй өткөрүп келатат. Кезектеги «Тагдыр каармандары» поэзия кечеси акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун , Темирлан Ормуковдун жана Гүлбарчын ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»