Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Биздин басылмалар


«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду

тарабынан чыгарылган китептер


Китептерди сатып алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаары, Чуй проспекти 106, каб.108

т. 0312660382, 0552085161, 0700648904 Асель Джумагулова.

e-mail: ilimay@mail.ru


Өмүрү өрнөк инсандар



“Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги китеби – Мохандас Карамчанд Ганди Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян.

Бул китеп- индиялык залкар коомдук ишмер, агартуучу жана эгемендик күрөшчүсү Мохандас Карамчанд Ганди жазган автобиографиялык эмгектин кыскача варианты. Эгемендик жана демократия үчүн күрөштүн зомбулуксуз жолун чапкан бул чыгаан ойчул жана коомдук ишмер дүйнөгө Махатма Ганди аты менен кеңири таанылган. Дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жарык көргөн бул эмгектин кыргызча котормосу. Китеп адамзаттын ой-мурасын аздектеп изилдеген кеңири окурмандар жамаатына арналып, кыргыз тилинде алгач ирет басылды.

Автору: Мохандас Карамчанд Ганди, англис тилинен которгон Т.Чоротегин Бишкек-2016.






“Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алгачкы китеби – Менин атам Дэн Сяопин «маданий ыңкылап” жылдарында


Бул китептин негизин түзгөн архивдик кызыктуу материалдар менен бирге китептин автору болгон Кытайдын жаңы тарыхынын көрүнүктүү ишмери Дэн Сяопиндин кызынын эскерүүлөрү орун алып, 1966-жылы Мао Цзэдундун демилгеси астында башталган “маданий ыңкылап” жаралыш мезгилинен 70-жылдардын орто чениндеги ал демилгенин кыйрашына чейинки окуяларды камтыган. Баян жылдыз сындуу жарк эткен белгилүү инсан Дэн Сяопиндин тегерегинде жүрүп, анын ишмердигине эң мыкты баа берилет. Ал кездеги окуяларга өзү күбө болгон автор тарабынан ошол драмалуу күндөр чындык менен акыйкаттык рухунда сүрөттөлөт.  МаоМаонун эскерүүлөрү көптөгөн штрихтери жана чоо-жайлары менен китептин кызыктуулугун арттырып турат. Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.


Автору: Дэн Сяопиндин кызы Маомао, орус тилинен которгондор: А.Пазылов, Т.Чоротегин, Э.Нурушев, Бишкек-2015.




Балдарга арналган китептер





«Манас» сүрөттөрдө


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бексултан Жакиевдин текстинин негизинде «Манас» сүрөттөрдө аттуу китебин басып чыгарды. Китепте кыргыз элинин улуу баатыры Манастын баатырдык өмүр жолун сүрөтчү Замир Илипов сүрөттөрдү комикс түрүндө тартты. Миллиондогон окурмандарга жапондук манга стили же болбосо азыркы замандын комикстери эң татаал адабий чыгармалар менен таанышууга жардам берет. Миллион саптан турган эпосту сүрөт түрүндө чыгаруу биринчи жолу ишке ашырылууда.


Китептин максаты Кыргызстандагы жана башка чет өлкөлөрдөгү окурмандарды элибиздин кайталангыс адабий-поэтикалык мурасы менен тааныштыруу болгон соң, ал орус тилинде даярдалды.


Түзүүчү: Бексултан Жакиев

Сүрөтчү: Замир Илипов 





Уч жаштан кийин кеч


Китептин автору Масару Ибука Жапониядагы “Сони” компаниясынын негиздөөчүсү бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Нобель сыйлыгынын ээси, экономист Жеймс Хикман адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөр кенже куракта пайда болуп, алар менен системалуу иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук майнаптуу болоорун белгилеген. Ал тургай, ал экономикалык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган бир доллардын кайтарымы, 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан.

Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт.

Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.


Автору: Масару Ибука, орус тилинен которгон: А. Жоодонбеков, Бишкек-2015.






Тоо жаңырткан чагылган

«Кыргызстандын Эл акыны», “Кыргыз Республикасынын Баатыры”, “Ак шумкар” өзгөчө белгисинин ээси, Кыргыз ССРинин эл акыны С.Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” аттуу китеби 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чыгарылган. Мектеп жашындагы кенже балдар үчүн ырлар, жомоктор жыйнагына кыргыз жеринин керемет кооздугу жөнүндө, балдардын кызыктуу турмушу тууралуу жазылган ырлары , жомоктору: “Турмуш мектеби”, “Жайлоодо”, “Чоң атамдын айтканы”, “Алтын аймак”, “Топулуу торгой” кирген.

Бул китеп өсүп келе жаткан жаш муундарды өзүнүн чыгармалары аркылуу ата-бабаларыбыздын руханий мурасын сактоого, өз элин, жерин сүйүүгө, аяр мамиле жасоого, чынчыл, ак ниет болууга тарбиялайт.


Автору: Сооронбай Жусуев, Бишкек-2016.






Балдарга базарлык

Бул китеп негизинен жаш жеткинчектерге арналган. Адамзаттын тарыхындагы эң табышмактуу окуялар жана даңктуу инсандар жөнүндө, легендарлуу Кош-Өзөндөгү байыркы мамлекеттер, фараондор жана эзелки китепканалар жөнүндөгү маалыматтар, байыркы

элдердин тагдыры, ошондой эле башка көптөгөн кызыктуу окуялар чагылдырылган. Балдар үчүн байыркы мурастардын сырларын ачууга мумкүнчүлүк түзүлөт.


Автору: Алым Токтомушев, Бишкек-2016







Досторум конокко чакырат


Бул китеп – Кыргызстанда жашаган ар түрдүү этностордун маданиятына жасалган кичинекей саякат. Бекжан аттуу бала кичинекей окуучуларды өзүнүн досторунун бай салттуу маданияты менен жакындан тааныштыруу үчүн конокко чакырат. Балдардын жаңы билимдерге, курчап турган дүйнөгө болгон сезимталдыгын арттырат. Мекенибиздеги эң маанилүү баалулук болгон тынчтыктын жана достуктун өнүгүүсүнө негиз салат.


Автору: Алтын Аман, Бишкек-2016.






Ынтымак Сыры


Бул китепте Кыргыз Республикасында жашаган көп улуттуу элдердин ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгү чагылдырылган. Балдар бири-бирине жана жаратылышка аяр, камкор мамиле кылганда гана жакшы маанай өкүм сүрүп, жашоо көңүлдүү, кызыктуу улана тургандыгын баяндайт.

Китеп башталгыч класстын окуучуларына жана тестиер балдар үчүн ата-энелер менен бирге окууга арналат.


Автору: Кендирбаева Догдуркуль

Бишкек 2016




Балерина


«Балерина” китеби кыргыздын биринчи прима-балеринасы өзүнүн чеберчилиги менен дүйнөгө атагы чыккан, тоо этегиндеги айылдын кызы Бүбүсара жөнүндө.

“Балерина” – бийди сүйгөн, балет жана сахнаны эңсеген балдар менен кыздар үчүн, өз мекени, анын мыкты жана таланттуу адамдары, эмгек жана өжөрлүк, жөнүндө, даңктын туу чокусуа карай жол канчалык татаал, бирок кызыктуу экенин көбүрөөк билүүнү каалаган бардык балдарга арналат.

Китеп секелек кыз Бүбүсаранын өмүрү жөнүндө айтып, ал бийди абдан жакшы көргөн жана улуу балерина болуу менен өз мекенин – Кыргызстандын атагын чыгарган.

Көптөгөн сүрөттөр жана балет терминдеринин тушүндүрмөлөрү балдарды балеттин сыйкырдуу дүйнөсү менен тааныштырат. Китеп мектеп жашына чейинки, кенже мектеп жашындагы балдарга улуу муундагы адамдарга кызыктуу болот.

Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы мааракесине арналып, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Балерина” китеби кыргыз жана орус тилдеринде Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен жарык көрдү. Китеп кыргыз жана орус тилинде чыгарылды.

Автору: Нурия Шагапова , Кыргыз тилине которгон: К.Н. Абыканова

Сүрөтчүсү: Жылдыз Бекова

Редактору-корректору: Гулжигит Сооронкулов

Дизайнер: Бек Жайчибеков 

Бишкек 2017



Сила хрупкости и жесткость искусства


Аялдар – режиссерлор, сценаристтер, сынчылар – бул китептин башкы каармандары. Анын беттеринде Динара Асанова, Лиля Турусбекова, Клара Юсупжанова сыяктуу белгилүү чеберлердин жана жаш таланттардын өмүрүнүн жана чыгармачылыгынын таржымалы бар.

Китептин текстин белгилүү кино сынчы Гулбара Төлөмүшова жазган.

Бул китеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен, Швейцария элчилигинин финансылык колдоосу менен жарык көрдү.




«ЖАКШЫ ОТКРЫТКА – ЖАРДАМ БЕРҮҮ ӨНӨРҮ»


Кайрымдуулук открыткалары – бул жакшы иштерге катышуунун дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кабыл алынган формасы. Мисалы, Улуу Британияда Рождествого карата сатып алынуучу открыткалардын 85%ы – кайрымдуулук открыткалары! XIX жана XX кылымдардын аралыгында кайрымдуулук открыткалары өзүнүн «алтын доорун» сүргөн жана Россияда өтө даңазалуу болгон. Биздин фонд ушул салтты Кыргызстанга жайылтып жана мүмкүн болушунча көп адамдарды жана компанияларды орундуу жана натыйжалуу долбоорлорго катышууга тартууга ниеттенет.


Долбоордун негизи – кооз жана кызыктуу открыткалар, календарлар. Алардын арасында – жаңы жылдык открыткалар, Ноорузга жана 8-мартка карата, ар кандай башка майрамга карата открыткалар бар. Бирок алардын бардыгы – жөнөкөй эмес, аларды сатуудан түшкөн каражаттарды биз балдардын билим берүү долбоорлоруна жумшайбыз.


Өзүңүз жана өз жакындарыңыз үчүн бул открыткаларды сатып алуу менен,

Сиз Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын өнүктүрүүгө жана колдоого салым кошосуз.


Белгилүү сүрөтчүлөр С. Чуйковдун, А. Даировдун жана

С. Чокморовдун иштеринин репродукциялары бар открыткалар

 

      

 

 

Сүрөтчү Темирбек Мусакеевдин репродукциялары бар открыткалардын комплекти

 

 

 

 Сүрөтчү Х.Ф. Шимованын сүрөттөрү бар жаңы жылдык открыткалар



Китептерди сатып алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: 

Бишкек шаары, Чуй проспекти 106, каб.108 

т. 0312660382, 0552085161, 0700648904 Асель Джумагулова. 

e-mail: ilimay@mail.ru

Акыркы жаңылыктар

10.10.2017

Тогузунчу «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясы

7-октябрда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) кызматкерлери, № 94 лицейдин өкүлдөрү жана № 39 гимназия-мектебинин окуучулары "ТазаБИШ" (таза Бишкек) эко-акциясына катышты.   Экологиялык ишембиликти өткөрүү орду бекеринен тандап алынган жок. Ботаникалык бакча – шаардыктардын жана борбордун меймандарынын ...
06.10.2017

«Поэзия кечеси» долбоорунун алкагында жолугушуулардын жаңы сериясы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ борбордун тургундарына жана меймандарына ушунчалык жагып калган «Поэзия кечелерин» уюштурууну жана өткөрүүнү быйылкы жылы улантат.      2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын майына чейин бардык каалагандарды төмөнкүдөй сүйүктүү акындар жана жаш авторлор менен жолугушуулар күтөт:   26-октябрь – Токтосун Самудинов ноябрь - ВячеславШаповаловдун мааракелик кечеси 15-декабрь – ЖеңишкүлӨзүбекова жана ...
06.10.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: 3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда Кайда: Бишкек шаарынын № 2, 8, 68, 13, 40, 42, 44, 47 жана 50 мектептери «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун «Жаш ...
04.10.2017

Күзгү «ТазаБИШ» эко-акциясы

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкектин экологиясына көңүлкош болбогон бардык жарандарды, волонтерлорду жана ыктыярдууларды шаардын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясына катышууга чакырат.   Акция 7-октябрда саат 10:00дө Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн ...
04.10.2017

Мугалим күнү менен!

Урматтуу педагогдор! Мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалим күнү кайрадан эшикти каккылап жатат! Мугалим бардык мезгилдерде аны аздектөө үчүн үлгү, интеллигенттүүлүктүн, бийик адептик сапаттардын үлгүсү болгон. Силердин эмгегиңерге эң бийик талаптар коюлат, ал эми азыркы дүйнөдө силердин ролуңарга баа бербей коюуга болбойт. Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана көрүнөөрүндө турат, ал эми ...
03.10.2017

Р.Отунбаева «РухЭштин» тушоосун кести

2017-жылдын 1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында болуп өткөн “РухЭш” сайтынын жана Т.Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” китебинин бет ачаарында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева аталган сайттын тушоосун кесип, “РухЭштин “ коомдогу маданий агартуучулук ролуна токтолду, анын ишмердигин карды жарып чыккан эдельвейс гүлүнө салыштырды. ...
28.09.2017

Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.   «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы ...
25.09.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Жайлоо өнүгүү борборлору - 2017» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу

Урматтуу “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” күйөрмандары ошентип 2017-жылында аймактардагы «Жайлооөнүгүү борболорлорунун ишмердүүлүгү аяктады. Бул жылы Республика боюнча токсон сегиз “Жайлоо өнүгүү борборлору” иш алып барды. Жайлоо өнүгүү борборуна камтылган балдардын жалпы саны - 3054. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы балдардын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу максатында “Жайлоо бала бакчалары” долбоору 2014-жылы ишке киргенден бери төрт жылдын ичинде 9000 ден ...
21.09.2017

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз! Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат. Сайттын бир ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»