Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият «Музейдеги жолугушуулар»

26.07.2016

Бишкек шаарындагы маданий мурасты калыбына келтирүү боюнча көргөзмө

2016-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарында Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Өткөндөрдү коргоп – келечекти шыктандырып» деген аталыштагы көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюмунун Өкүлчүлүгү жана Ага Хандын Маданият боюнча трасты (AKTC) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен кызматташтыкта уюштурган көргөзмө ар түрдүү маданий контексттерде жана ар кыл географиялык райондордо Ага Хандын Маданият боюнча трасты тарыхый шаарлар үчүн ишке ашырган негизги маданий реставрациялык долбоорлорду көрсөтүп турат. Аземге белгилүү илимпоздор, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

 

«Мен Кыргызстандагы маданий мурасты калыбына келтирүү боюнча көргөзмөнү биргелешип өткөргөндүгү үчүн Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюмуна ыраазычылык билдирем. Бүткүл өлкө боюнча ар кандай региондордо да өтө турган көргөзмө маданий мурас социалдык-экономикалык өнүгүүгө кандай көмөктөшөөрүн айгинелеп турат. Мен Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн маданият тармагындагы адистеринин өкүлчүлүктүү тобун көргөнүмө өзгөчө кубанычтамын, ошондуктан бүгүнкү иш-чара жана ушул темада эртең өтө турган семинар аларга бардыгыбыз үчүн өзгөчө маанини билдирген маселелер боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева.

 

Көргөзмө тарыхый жерлерге жакын жайгашкан жамааттардын турмушунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле шаардык мейкиндиктерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана маданий дөөлөттөрдү сактоо жана калыбына келтирүү аркылуу көп түрдүүлүктү урматтоону чыңдоо боюнча иштерди көрсөтүп турат. Көргөзмөнүн панелдери ошондой эле жетилгендиктин жаңы стандарттарын белгилеген долбоорлор боюнча үч жылда бир жолу берилүүчү Ага Хандын Архитектура жагындагы сыйлыгы менен сыйлоо боюнча 2016-жылы финалга өткөн 19 долбоорду өзүнө камтыйт.

 

«Министрлик Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылды Кыргыз Республикасында Маданият жана тарых жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгында баяндалган максаттарды эске алып, бул көргөзмөнү Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюму менен кызматташтыкта өткөрүп жатканына кубанычта», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов мырза.

 

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюмунун Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха мырза мындай деп белгиледи: «Көргөзмө негизинен архитектуралык объекттерди көрсөтүп жаткан учурда, мен бул жерде, Кыргызстанда, Ага Хандын музыкалык чыгармачылык жагындагы Демилгеси өзүнүн Бишкектеги узак мөөнөттүү өнөгү, Устат-Шакирт Борбору аркылуу башталгыч мектептердин дээрлик 6000 окуучусун салттуу музыкалык аспаптарда ойноону үйрөткөнүнө өтө кубанычтамын».

 

Саламдашуу сөзүнөн кийин AKTCтин башкы менеджери Луис Монреаль мырза конкреттүү, анын ичинде Траст турмушка ашырган, маданий мурастын объекттери экономикалык актив болгон долбоорлордун презентациясы менен сөз сүйлөдү. Мисалдардын тизмесине Афганистандын Кабул шаарындагы Бабурдун бакчасы жана Египеттин Каир шаарындагы Аль-Азхар паркы кирди.

 

Көргөзмө менен бирдикте 21-июлда Бишкек шаарында семинар уюштурулду, ал ар кыл таламдаш жактарга маданий активдер, атап айтканда, Борбордук Азияда жайгашкан активдер тарыхый ажайып жерлерди сактоо жолу менен коңшу жамааттарга кантип кыйла пайда алып келе тургандыгын иликтөөгө мүмкүндүк берет. Бул тармактагы бир катар көрүнүктүү адистер, анын ичинде Париждеги Лувр музейинин мурдагы президент-директору Анри Луарет мырза, Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитаждан келген д-р Павел Лурье жана Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Бакыт Аманбаева айым өз тажрыйбасын жана билимдерин семинардын катышуучулары менен бөлүшөт.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча уюму, Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүк

Тыныстанов көчөсү 80, 720053 Бишкек, Кыргыз Республикасы

Тел.: +996 312 696 031

 

Эскертүү:

1992-жылы уюштурулган Тарыхый шаарлар үчүн программа парктарды жана бакчаларды түзүү, шаардын курулуштарын сактоо, жакшыртуу жана маданий мурасты калыбына келтирүү кантип социалдык өнүгүү үчүн негиз болуп кала алаарын көрсөттү. Программа азыркы учурда он өлкөдө 20 ири реставрациялык долбоорду, анын ичинде Индиянын Дели шаарында Хумаюн көрстөнүн; Афганистандын Кабул шаарында Бабурдун бакчасын жана Тимур Шахтын мавзолейин, Малиде Моптидеги, Дженнедеги жана Тимбуктудагы байыркы чопо мечиттерди реставрациялоону аяктады.

 

Акыркы жаңылыктар

25.02.2020

Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк

16-февралдан 18-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада, шилтеме боюнча: https://roza.kg/ 19-февралда делегация Кучукчекмедже Муниципалитетиндеги “Папатия” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе ...
21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»