Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият «Музейдеги жолугушуулар»

10.11.2015

Детмольд шаарында россиялык немецтердин маданиятынын жана тарыхынын музейинде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачуу жөнүндө КРнын ФРГдагы Элчилигинин пресс-релизи

2015-жылдын 8-ноябрында Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык жеринин Детмольд шаарында (ФРГ) КРнын ФРГдагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачуу аземи болуп өттү. Көргөзмө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, ФРГнын КРдагы Элчилиги, Кыргызстан немецтеринин кеңеши 2014-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында ийгиликтүү уюштурган «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» ...
29.10.2015

Талас областынын Т. Герцен атындагы музейде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» деген көргөзмөнүн ачылышы өткөрүлөт

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 6-ноябрында Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Теодор Герцен атындагы музейде “Немецтер Кыргызстандын тарыхында” деген көргөзмөнү ачат.   Көргөзмөнүн башкы максаты –  Кыргызстандын кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк коомдоштукка Кыргызстандагы немецтердин тарыхын жана алардын өлкөнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымын көрсөтүү, ошондой ...
07.04.2015

Демилге улантылууда: «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсү Берлинде

Берлиндин ортосунда Бранденбург дарбазасынан алыс эмес жерде «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Көргөзмө 2015-жылдын 1-апрелинде ачылган жана 22-апрелге чейин уланат. Ачылыш аземине көптөгөн саясатчылар, элчилер жана коомдук ишмерлер катышты. Бундестагдын вице-президенти Й.Зингхаммердин сүйлөгөн сөзүн белгилеп кетүү керек.   Көргөзмөнүн меймандарына Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль да ...
29.03.2015

Ошто «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн ачылышы болду

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 27-мартында Ош шаарындагы Улуттук корук музейде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачты. Белгилеп кетели, ал 2015-жылдын 30-апрелине чейин уланат.   Ачылыш күнү мейман катары музейдин директору А. Тургунбаев, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Германиянын ...
21.12.2014

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн Немец рождествосу

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн Немец рождествосу2014-жылдын 22-декабры (дүйшөмбү) саат 13.00 -14.00 Мамлекеттик тарых музейи «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында Мамлекеттик тарых музейинде балдар үчүн рождестволук концерт өтөт. Программада: • «Белоснежка» жана «Адвенттин төрт шамы» жомокторунун сахналаштырылган оюну • «Цирк келди» ырларын аткаруу • Немец бийи • «Ich baue ein Stadt ...
11.12.2014

Бишкектик балдарга Германиянын КРдагы элчисинин орун басары Андерс Лундгрен жомок окуп берди жана бир катар мастер-класстар көрсөтүлдү

10-декабрда КР Мамлекеттик тарых музейинде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Германиянын КРдагы элчисинин орун басары Андерс Лундгрен балдарга «Кызыл топу» жомогун окуп берди.   Бул иш-чара кенже мектеп курагындагы балдар үчүн өткөрүлдү.   Программанын алкагында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери оюн-зоок көрсөттү. Ошондой эле немецтердин «Май салынган чөйчөк» деген башка жомогун окуп ...
08.12.2014

10-декабрда «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында балдар үчүн иш-чаралар өтөт

2014-жылдын 10-декабры (шаршемби), саат 14.00дөн -15.30га чейин     Мамлекеттик тарых музейи     «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн алкагында Мамлекеттик тарых музейинде кенже мектеп курагындагы балдар үчүн иш-чаралар өтөт.       Программада:   • «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү боюнча балдар үчүн көрүү экскурсиясы • «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – ФРГнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым ...
25.11.2014

Немистер Кыргызстандын тарыхында

Айткан убакытта так келип, өзүнүн ишине өтө эле тың адамды «Немис экен» деп коймоюбуз бар. Мыкты сапаттагы үй сатып алсак дагы «Мурда немистин үйү болчу экен» дейбиз. Көп сүт берген ала уйларды «Немис пародасындагы уй» деп мактап калабыз. Мунун баары эмнеден? Кыргызстанда жашаган немис улутундагылардын бизге өзүнүн тактыгы, эмгекке берилген, маданиятты сүйгөн сапаттары менен көп тарабынан үлгү болуп ...
17.09.2014

Бишкекте «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн ачылышы болот

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2014-жылдын 3 октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмөсүн ачат.   Кыргызстан – тарыхый жактан калыптанган көп улуттуу өлкө, анын туруктуу өнүгүшү үчүн кабылдоо, урматтоо жана сабырдуулук мамилелерине негизделген маданий жана этностук байланыштар өтө маанилүү.   Көргөзмөнүн башкы максаты – Кыргызстандагы немецтердин ...
01.03.2014

Экс-президент Р.Отунбаева: Оюнчук – жөн гана азем буюм эмес, ал балдарда адамдык сапаттарды өнүктүрөт

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева эмне үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсүн ачканын айтып берди.   «Биз өтө катаал реалдуулук учурунда жашап жана иштеп жатабыз, ал тургай кээде балдарга көңүл бурганга да убактыбыз жок. Деген менен алар бейпилдикте, мээримдүү жагдайда жашагысы келет жана өздөрүнө тиешелүү мамилени талап кылат. Кыргызстан – өтө жаш өлкө, 8 жашка чейинки 800 миң бала бар. Алар ...
28.02.2014

Фоторепортаж. Бишкекте «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсү ачылды

27-февралда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсү ачылды.   «Бул көргөзмө Эл аралык аялдар күнүнө туш келтирилди. Мында кыздар куурчак сатып алсын деген тымызын маани бар. Анткени бул алардын аң-сезимин жана жөндөмүн өөрчүтөт. Көргөзмөдө беш жеке коллекционердин: Татьяна Воротникованын, Зоя Мамбеталиеванын, Мадина Тапаеванын, Эрке Джумагулованын, Людмила Мартыненконун ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»