Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият «Музейдеги жолугушуулар»

26.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүнүн расмий жабылуу иш чарасы өттү

2019-жылдын 26-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде ушул жылдын 5-апрелинен бери жүрүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүү Көргөзмөсүнүн расмий жабылуусуна арналган иш чара болуп өттү.


Иш чара “Кыргызстандын музейлери мезгил менен кадамдаш баратабы?” аталышындагы диалог –баарлашуу менен башталды. Талкууга КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Маданият, Маалымат жана Туризм Министри А.К.Жаманкулов, КР Маданият, Маалымат жана Туризм Министринин орун басары, аталган министрликке караштуу туризм департаментинин директору Дамир уулу Максат, Улуттук тарых музейинин директору К.М.Алмакүчүков, Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинин директору Ю.А. Шыгаев жана окумуштуулар, искусство таануучулар, музей жетекчилери, кызматкерлери жана журналисттер катышты.


Диалог учурунда: “Музейлер – шаардын , өлкөнүн визиттк карточкасы катары”, “Музей –билим берүүнүн курамдык жана ажырагыс бөлүгү”, “Музейлер – коомдун мультимаданий материясынын күзгүсү, тарбиялоонун күчтүү куралы катары”, “Музей ишине чечкиндүү реформа талап кылынат: жаңы парадигмаларды жана ыкмаларды, интерактивдерди, заманбап техникалык каражаттарды колдонуу” ж.б. маселелер катышуучулар тарабынан өтө кызуу талкууга алынды.


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын музейлеринин балдарга билим берүү, тарбиялоо жана өлкөнү таанытуудагы пассивдүүлүгү белгиленип, алардын өз ишмердиктеринде заманбап техникалык каражаттарды, ыкмаларды жана интерактивдерди колдонбой жатканына байланышкан маселелер ортого салынды. Ошондой эле музейдин ишмердиктери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамын кайрадан кароо зарыл экендиги жана чет элдик алдыңкы тажырыйбаларды колдонуу боюнча бир канча сунуштар айтылды.


Р.И.Отунбаева өзүнүн корутунду сөзүндө музейлер тегерегиндеги маселени курч койду. Ал музейлер өлкөнүн, аймактын жүзү экенин белгилеп, Кыргызстандын музейлеринин көбү бүгүн толук кандуу иштебей жатканын, ал эми айрым областтык борборлордо музейлердин таптакыр жоктугуна токтолду. ““Жибек жолу” көргөзмөсүн уюштуруу менен мындай иш чаралар адамдардагы муктаждыкты, каалоону жаратсын деген максатты койдук. Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт музейинин тарыхында мынчалык көп көрүүчү келген эмес. Музей-бул тарых, маданият, бул жерде көп улуттуу элибиздие духу турат. Эгер маданиятыбыз болбосо биз жөн эле бир территория жана ошол территорияда жашаган эл гана болуп калабыз”- деди Р.И. Отунбаева. Мындай көйгөлүү маселелерди көтөрүү менен Р.Отунбаева музей жетекчилерин бул маселенин тегерегинде диалог-талкууларды дагы уюштурууга чакырды.


Белгилей кетсек, Көргөзмө иштеп турган 20 күндун ичинде 14000 көрүүчү келип катышып кеткен. Алар Бишкек шаарынын 100дөн ашуун мектептеринин окуучулары, жаштар, ата-энелер, мугалимдер, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан да атайын көргөнү келгендер болуп саналат. Көргөзмөдө 15 мамлекеттин тарыхы, маданияты, географиясы жана экономикасы тууралуу таанып билүүчүлүк маалыматтардан тышкары балдар үчүн 100дөн ашуун ар кандай тематикадагы мастер-класстар өткөрүлдү, интерактивдүү оюндар тартууланды.


Ю.А. Шыгаев “Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү көрүүчүлөрдү өзүнө тартуу боюнча музейдин тарыхында рекорд койгонун белгиледи.


Көргөзмөнүн расмий жабылуусуна арналган иш чара андан ары Кинозалда уюштурулган концерт жана өнөктөштөргө ыраазылык каттарды тапшыруу менен улантылды. Бул салтанатка КР вице-премьер Министри А.Өмүрбекова жана элчилер да келип катышышты.


Ал эми Көргөзмө күндөгүдөй эле өз ишин уланта берди. Фойеде балдар үчүн сүрөт тартуу, пазлдарды чогултуу, сүрөттөрдү боё ж.б. багыттарда мастер-класстар өткөрүлдү. 28-апрелде, жекшемби күнү Көргөзмө өз ишин аяктайт. 

Акыркы жаңылыктар

17.06.2019

Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук ...
13.06.2019

Мектеп-интернатка компьютерлер жана китеп баштыктар белекке берилди

Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белекке берилди. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу ...
12.06.2019

Г.Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Хуася» көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдөн түшкөн акча-каражаттары Жайлоо өнүгүү борборлоруна берилет

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Хуася салттуу искусствонун каллиграфия жана живописи” аттуу көргөзмө Чжунюань маданий баарлашуу борбору, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту, Кытай Каллиграфиясы Борборазиялык Ассоциациясы жана “Хенань Аяншоу” ЖЧК тарабынан уюштурулуп, расмий түрдө 11-июнда ачылды. Ачылыш аземине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
11.06.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт

USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт. Катышуучулар өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул иш-чарага мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон 40 коомдук-активдүү жарандар катышат.   Лагерлер Эл ...
10.06.2019

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» Бишкек, 8.06.2019 Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Мен, дейт Президент Си, айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат. ...
09.06.2019

«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү

2019-жылдын 8-юнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилинде жарык көргөн «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү. Кытай лидеринин китебине арналган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ККП ...
06.06.2019

«STEMдеги айымдар-Кыргызстандын келечеги» Форуму болурп өттү

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинде “STEMдеги аялдар –Кыргызстандын келечеги” аталышындагы Форум болуп өттү. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган “STEMде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигине караштуу Демократиялык комиссия тарабынан ...
05.06.2019

SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.   STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек ...
05.06.2019

Илимде да аял орду бийик

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдар калктын 52%ы түзөт, жана өтө чоң интеллектуалдык потенциалга ээ. Бирок, алардын эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланбайт. Аталган маселе боюнча, бүгүн республикалык деңгээлдеги аялдардын форуму өткөрүлдү.Бешинчи канал - Пятый канал
04.06.2019

Балдарды коргоо күнүндө борбордо «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» деген балдар фестивалы болуп өттү

2019-жылдын 1-июнунда КР Президентинин Аппараты, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ интернат үйлөрдөгү жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөгү 170 бала үчүн «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» деген балдар фестивалын өткөрдү.   Фестивалдын өзгөчөлүгү жаш меймандар үчүн алардай эле жаш мугалимдер мастер-класстарды өткөргөнүндө болду. Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар, бир нече ...
02.06.2019

Экс-президент Роза Отунбаева балдардын келечегине кам көрүүгө чакырды

Экс-президент Роза Отунбаева 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата атайын макала жазып, балдардын билим алуусу жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.   Макалада өлкөдөгү үч жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта, керектүү тамак-аш, витамин менен камсыз болбой жашап жатканы айтылат.   “Бүгүн 20 миңге жакын бала жакырчылыкта жашап жатат. Алар айына 1420 сомго бааланган тамактануу үчүн керектүү рационду алууга ...
01.06.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести       1-июнь - «Кыргызстанды өнүктүрүүгө балдардын салымы» балдар фестивалы Качан: 1-июнь Кайда: К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана 1-июнда – Балдарды эл аралык коргоо күнүндө чемпион балдар жана «жылдыз» балдар интернат үйлөрдөгү 170 бала үчүн мастер-класс өтөт жана көрсөтмөлүү оюндарды көрсөтөт. Жетим балдар, аз камсыз болгон ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»