Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Китебине адистин пикири

19.10.2016

Балдарга гана эмес, баарыбызга багышталган басылма

Окугандан кийинки ой

 

Балдарга гана эмес, баарыбызга багышталган басылма

 

Менин колумда республиканын “Роза Отунбаеванын демилгеси” атындагы эл аралык фонду (кору) тарабынан даярдалып, үстүбүздөгү жылдын август айында окурмандардын колуна тийген орус тилиндеги “Манас” – героический эпос кыргызов в рисунках” (“Кыргыздардын баатырдык эпосу “Манас” сүрөттөрдө”) деген көлөмдүү китеп турат. Аны- Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар драматург жана белгилүү манастаануучу, профессор Бексултан Жакиев түзүп чыккан. Басылманын негизинде -бул агайдын жети жыл бою изденип иштеп, 2007-жылы жарык көргөн даңазалуу “Манас” эпосунун кысынды вариантынын тексти жатат. Китеп жарыяланаары менен окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, учурда ал өлкөбүздүн окуу жайларынын бардык баскычтарында илимий-практикалык окуу куралы катары кеңири пайдаланып келүүдө. Эми болсо, минтип, анын экинчи өмүрү жаралып, ал кесипкөйлүк бийик деңгээлде, образдуу жана ынанымдуу тартылган сүрөттөрдүн коштоосунда, орус тилдүү окурмандардын кеңири чөйрөсүнө багытталган көркөм чыгарма катары жарык көрүп олтурат.


Озунуп айта турган сөз-китеп биздин атамекендик адабиятыбызда азырынча сейрек кезиге турган, бирок дүйнө жүзүндө эбактан бери эле өтө кеңири тараган комикс (англ. сomics- кызыктыруучу, комедиялуу) жанрында, тактап айтканда, түшүндүрүүчү, көңүл ачтыруучу мүнөздөгү, ички окуялар менен байланыштарды так баяндап, чечмелеп, коштоп жүрүүчү кыскача тексттери бар, элестүү сүрөттөрдүн сериясы калыбында жазылган. Мындай ыкма – аны жеңил, элпек окууга, андагы сүрөттөрдүн жардамы анын идеясын, мазмунун жана маани-маңызын терең түшүнүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Басылма, эң алды, ар кандай кырдаалдарга жараша, эне тилинде жеткиликтүү сүйлөй албай жүрүшкөн балдар, өспүрүмдөр менен менен жаштар үчүн өзгөчө маанилүү жана пайдалуу чыгарма болуп саналат дээр элем.


Ушул кыйырдан алып караганда, китептин баштан аяк кылдаттык менен жасалгалап чыккан таланттуу сүрөтчү-Замир Илиповдун эмгеги бийик баага татыктуу.Китептеги башкы каармандардын аты-жөнү, кийим-кечеги, буюм-тайымдары, географиялык аталыштар, жан-жаныбарлар, курал-жарак ж.б. көөнө сөздөрдүн глоссарийин (түшүндүрмө сөздүгүн) белгилүү манастаануучулар:КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филолологиялык илимдердин доктору, профессор Раиса Кыдырбаева жана Академиянын кол жазмалар фондунун бөлүм башчысы, филологиялык илимдердин кандидаты –Асель Исаева түзүп чыгышкан. Анын көркөм жасалгалоочусу –КР дин сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү- Урмат Осмоев.


Жалпы көлөмү - 13 басма табакты түзүп, 200 миң даана нуска менен, жогорку полиграфиялык сапатта жарык көргөн бул китептин мазмуну: – «Алтайдагы өмүр», « Мекенге кайтып келүү». «Улуу жүрүш» деген үч ири бөлүмдөн жана аларга байланган 23 баптан турат.


Биринчи бөлүм: «Алооке хандын кыргыздарга кол салышы», «Кыргыздар Алтайда», «Жакып, Чыйырды жана Бакдөөлөттөн көргөн түштөрү», «Манастын төрөлүшү», «Манастын балалык чагы», «Манастын Эсенкандын тыңчылдарынын үстүнөн жеңиши», «Орозду менен Байдын тагдырлары», «Манасты каган кылып шайлоо», «Манастын Кошой-балбанга барышы». Аталаш бир тууганы Бакай менен кезигишүүсү деген 9 баптан турат.


Экинчи бөлүм: «Ата-бабалардын жерлерин басып алуучулардан бошотуу”. “ Кыз-Сайкалдын Манас менен жекеме - жеке чыгышы”, «Алтайдан Ала-Тоого көчүп келиши», «Алакөөнүн качышы», «Аккула –буудан жөнүндөгү дастан», «Алмамбеттин Манаска келиши», «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» деген жети бапты өзүнө камтыйт.


Үчүнчү бөлүм: “Чыккынчылык”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Хандардын Манаска каршы чыгышы9заговору)”, “Улуу жүрүш”, “Баатырдын курман болушу”, “Манастын дүйнөдөн өтүшү” деген жети баптан куралган.


Менин булардын баарын баштан-аяк бирден санап отурганымдын себеби - океанга тең келе турган, жарым миллиондон арбын саптан турган теңдешсиз улуу эпосту ушундай кыска-нуска, алаканга салган сымал, кабыл алганга жеңил, түшүнүктүү кылып иштеп чыккан Бексултан-агайдын жана сүрөтчү З.Илиповдун бийик таланты менен устаттыгына таң берип, таазим кылганымдын белгиси болуп саналат. Кайсы жагынан алып карабайлы, бул-өтө чоң, маанилүү, бышып жетилген, абдан пайдалуу жана кайтарымдуу эмгек экендигинде эч кандай күмөн жок. Менимче, китеп менен таанышып чыккан ар бир окурман да дал ушундай бүтүмгө келет деп ишенем.


Тилекке каршы, балдарды ары коелу, басса-турса «Манасты» оозунан түшүрбөй, өзүн аны жакшы билгендей түр көрсөткөн бирок, кала берсе, анын башкы каармандарын да санап бере албаган чоң эле адамдар бизде аз эмес. Демек, китеп ошондой жарандарыбыз үчүн да өтө пайдалуу демекчимин. Ырас, кийинки чактарда биздин коомубузда бул эпоско болгон кызыгуулардын улам арбын баратканы даана сезилет. Совет заманында атактуу котормочу Семен Липкиндин орус тилинде кара сөз менен жазылган «Манас великодушный» (“Айкөл Манас” жана эпостун айрым бөлүктөрүнүн орусча котормолорунан сырткары, алгылыктуу чыгармалар жок эле. Өлкөбүз эгемендүүлүккө эгедер болгондон кийин бизде “Манас” эпосу боюнча бир нече кандидаттык жана докторлук диссертациялар жакталып, мезгилдүү басма сөздө ондогон макалаллар, прозалык, поэтикалык чыгрмалар жарык көрдү жана жарык көрүп жатат. Алардын ичинен манилүү жана ирдүүлөрү болуп, Ашым Жакыпбековдун “Теңирим Манас” (Токтогул сыйлыгына татыган), Мар Байжиевдин орус тилинде жарык көргөн “Сказание о Манасе” ( “Манас жөнүндө дастан”) үч томдугу ,акын Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн кармашы” поэмасы саналат .Биз кеп кылып жаткан бул китепти өйдөдө саналып өткөн чыгарамалардын катарын кыйла деңгээлде кеңейтип, манастаануу илимине кошкон ири салым катары кабыл алганыбыз оң .


Басылма жарык көрөөрү менен, “Манастын” сүйүүчүлөрү жана күйөрмандарынын табыгый кызыгуусун жаратканына көпчүлүгүбүз күбөбүз. Алсак, анын алгачкы бет ачаары биздин БГУда уюштурулуп, чоң ийгилик менен өткөн эле. Баса, фонддун демилгеси менен мурда жарык көргөн “Менин атам- Дэн Сяопин” деген капиталдык чыгарма да биздин окуу жайыбызда, ошондой эле бийик деңгээлде ишке ашырылган болчу.


Бул баалуу чыгарма-аны окуп чыккан ар бир адамды, бөтөнчө, жетилип келе жаткан жаш муундарды мекенчилидикке, эли менен жерин бекем сүйүүгө, алардын тарыхын, маданиятын, ата-салтын, руханий дөөлөттөрүн терең үйрөнүүгө, бабалардын басып өткөн барктуу да, даңктуу да жолуна таазим кылууга үндөгөн, аларга нукура тарбия-таалим берүүчү кубаттуу курал болуп саналат деп айта алам. Китептин үстүндө чыныгы чыгармачылык дем менен иштешкен жазуучу Б.Жакиев менен сүрөтчү З.Илиповдун чыныгы чыгрмачылык дем менен жараткан бул барандуу эмгеги окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, аларга нукура эстетикалык кумар тартуулайт деген ишеничим күч. Анын быйылкы - “Тарых жана маданият жылында” жарык көрүшү- ага кошумча жаңы маани, жаңы салмак кошоорунда шек жок.


Сөз соңунда, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун калкыбыздын бардык катмарларында ыраттуулук менен жүргүзүп келе жаткан көп багыттуу, көп максаттуу ишмердигин кубаттоо менен, ага мындан аркы да күрдөөлдүү ийгиликтерди каалап кеткибиз келет. 

 

Т.Ишемкулов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
К. Карасаев атындагы БГУнун профессору 

Акыркы жаңылыктар

22.04.2019

Бишкектеги конуштардын арасында Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиада өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын салтанаттуу ачылышы “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн!” деген ураан менен ачылды. Спартакиаданын ачылышында ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку ...
21.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 21-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара индия бийлерин бийлөө менен башталды. Расмий ачылышында Эл аралык Медицина Жогорку Мектебинин ректору С.М. Ахунбаев, «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту , “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова сөз сүйлөштү. Р.Кайыкова ...
20.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 20-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара кыргыз, урду, англис, орус тилдериндеги саламдашуулар жана улуттук ырлар, бийлер менен башталды. Пакистан элинин улуттук кийимдери көрсөтүлдү. Расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев, Пакистан өлкөсүнүн Кыргыз ...
19.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Афганистан Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүнүн 19-апрелдеги күнү Афганистанга арналды.   Иш чаранын расмий бөлүгү «Афганистан» деген даректүү фильм менен башталды. Андан соң ушул күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Афганистан Ыслам Республикасынын Тышкы Иштер министри Салахуддин Раббани Көргөзмөгө да өзүнүн делегациясы менен келип катышып, куттуктоо сөзүн ...
18.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 18-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде жүрүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан өлкөсүнүн күн болуп өттү.   Иш чара керней, сурнайлардын шаңдуу үнү менен коштолгон концерттик программа менен башталды. Расмий ачылыш салтанатында КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым ...
17.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү

Бүгүн, 17-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдик Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү.   Иш чара түркмөн элинин ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева Түркмөнстандын башкы бренди акалтекин тукумундагы жылкылар, экинчиси көз жоосун ...
16.04.2019

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү

Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү
16.04.2019

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө «Экологиялык билимдер күнү» болуп өттү

Бүгүн, 16-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде өтүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүу Көргөзмөсүнүн алкагында Экологиялык билимдер күнү болуп өттү. Иш чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлук уюму (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, “Германиянын жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин (NABU) Кыргызстандагы филиалы, “Үч чака”, “Кыргызстандын агрардык платформасы”, ...
16.04.2019

Көргөзмөдөн калбайын деп Таластан келген Айдиншер Жибек жолу көргөзмөсүндө

14-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөнүн алкагында Ак илбирс күнү болду. Талас облусунун Талас шаарынан бери Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсү тууралуу сыналгыдан көрүп, чоң энеси менен келген Айдиншер, көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө пластилинден ак илбирсти жасоо боюнча мастер класс өткөрдү. Айдиншердин чоң энеси Жылдыз Акманалиеванын айтымында, небереси төрт жашынан ...
14.04.2019

Жибек Жолу көргөзмөсүндө Ак илбирс күнү болуп өттү

14-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Ак илбирс күнү болуп өттү.   Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө ак илбирс тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, балдар арасында ак илбирсти билүү боюнча викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө чакан белектер берилди. Фото капкан тууралуу кенен маалымат берилип, ал залда отургандарды сүрөткө тартып алгандарын кайра балдарга ...
13.04.2019

Билим фестивалы башталды

Жетинчи Билим фестивалы «Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү» деген ураандын алдында өтүүдө. Анын алкагында информатика мугалимдерине сабактар өткөрүлүп, катышуучулар Борбор Азиядагы Америка университети менен таанышып, жаңы заманбап технологияларды билим берүүдө колдонуу, инновация боюнча мастер-класстарга катышат.https://www.azattyk.org

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»