Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Бардыгына арналган адабият

18.12.2018

Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы болуп өттү

2018-жылдын 17-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын чоң залында искусство жөнүндөгү балдарга арналган «Муратбек жана анын музыкага чапкан жолу», «Биринчи скрипка», «Юристанбек неге юрист болбой калды эле…» жана «Исмаилдин керемет үнү» китептеринин бет ачаары чоң салтанат жана аншлаг менен өттү. Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук Фонду тарабынан уюштурулду. Бул төрт китептин каармандары биздин белгилүү замандаштарыбыз: КР Эл артисти, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев, Казакстандын Эл артисткасы, Казакстандын Эмгек Баатыры, Казакстандын Улуттук искусство университетинин ректору, скрипкачы Айман Мусаходжаева, СССРдин Эл артисти, Ташкент Консерваториясынын опералык вокал кафедрасынын жетекчиси, опералык ырчы Исмаил Жалилов жана Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Юристанбек Шыгаев.


Балдарга арналган китептердин бет ачаарына КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кенешинин депутаттары К.Иманалиев, Садык Шер, Жанар Акаев, КР вице-премьер Министри А. Өмүрбекова, маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары А.Султанбекова ,Бишкек шаарынын вице-мэри А.Куламбаева, белгилүү коомдук ишмер А.Салымбеков, бир канча эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, элчиликтерден өкүлдөр, китептин каармандары, китепти жараткан авторлор, Бишкек шаарынын мектеп окуучулары, агартуу тармагынын жетекчилери, кызматкерлери, ата-энелер катышышты.


Белгилей кетсек, бул балдарга арналган искусствонун мыктылары жөнүндөгү китептерди даярдап, чыгаруу идеясы КР экс-Президенти Р.Отунбаевага таандык. Китептер ал негиздеген Фонд тарабынан чыгарылды.


Иш-чара учурунда катышуучуларга жогоруда айтылган китептердин каармандары жөнүндөгү видео жана фото слайддар көрсөтүлдү. Китептердин каармандары суроолорго жооп беришти. Ал эми «Биринчи скрипка» китебинин каарманы Айман Мусаходжаева көрүучүлөргө байыркы, баалуу инструмент болгон страдивари скрипкасы менен эки чыгарманы аткарып берди. Анын сахнага чыгышы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.


КР экс-Президенти Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө балдарга искусствону таанытуунун маанисине токтолуп, азыркы техниканын дүркүрөп өсүп жаткан заманы адамдын ордун, ишмердигин алмаштырган роботтордун түрүн ойлоп таап жатат. Бирок искусство ушундай бир башкача тармак, эч бир робот таланттуу, өнөрлүү адамды алмаштыра албайт деп белгиледи. Ал эми КР вице-премьер министри А.Өмүрбекова «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданиятты өнүктүрүу жаатындагы саясатын жүзөгө ашырууга бараандуу салым кошуп келе жаткандыгын баса белгиледи жана аталган Фонддун ишмердигине ийгиликтерди каалады.


Иш-чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага Казак Улуттук Искусство университетинин Ардактуу профессору деген наамды ыйгарган дипломду аталган окуу жайдын ректору Айман Мусаходжаева тапшырды. Тапшырып жатып ал Р.И.Отунбаеванын искусствону өнүктүрүудөгү баа жеткис ролун белгилеп өттү.


Аталган иш чара бир канча музыкалык номерлер менен коштолду. Кыргыз Улуттук Консерваториясынын студенттери, Мукаш Абдыраев атындагы Музыкалык мектептин симфониялык оркестри, Бишкек хореографиялык окуу жайынын, №4 Балдардын искусство мектебинин окуучулары, Астанадан келишкен балдардын «Айголек» скрипкачылар ансамбли ж.б. өз өнөрлөрүн тартуулашты.


Презентацияга келишкендердин жаңы китептер менен таанышууга жана сатып алууга мүмкүнчүлүктөру болду.


Китептердин бет ачаарына арналган бул иш чара чоң таанып билүүчүлүк мазмуунда болуп, балдарды дагы бир ирет искусство дүйнөсүнө жетелеп, кыялын ойготуп, кызыктуу өттү.


Иш чараны музыка таануучу Алтынай Абетекова жогорку деңгээлде алып барды.

Акыркы жаңылыктар

19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...
19.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучулар үчүн биринчи жолу түзүлүп жаткан альтернативалык онлайн-олимпиада жөнүндө маек курдук. Окуучулар онлайн-олимпиадага ушул жылдын декабрь айынан тарта классына, мектебине карабастан катышып өз күчүн, билимин сыноого болот. Альтернативалык онлайн-олимпиаданын максаты жана ага катышуу жолдору ...
14.11.2019

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү ...
13.11.2019

«Үчтөн кийин кеч»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелерге арналган наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтык салым кошууга арналган социалдык тармактарда «Үчтөн кийин кеч» баракчалары ачылды. Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта өстүрүү, ата-эненин коомдогу орду жана озуйпасы, ...
06.11.2019

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү

Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук ...
04.11.2019

«МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» педагогикалык өнөрканасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөрүлгөн 7-Билим фестивалынын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат, фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 25 миңден ашык адам барган. 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын ...
03.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло ...
02.11.2019

Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.   Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ...
02.11.2019

Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди   Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын ...
31.10.2019

КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.   Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен ...
22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»