Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Бардыгына арналган адабият

27.06.2017

Борбордо Кыргызстандын кинематографист айымдарына арналган «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы» киноальбомун презентация лашты

23-июнда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстандын кинематографист айымдарына арналган «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы» киноальбомунун презентациясы өттү.

 

Китепти Швейцариянын элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду басып чыгарды.

 

Китепти кино сынчы Гульбара Төлөмүшева окурмандарды кыргыз киносундагы айымдардын таланттуу плеядасыменен тааныштыруу, кинематографта иштөөнү эңсеген кыз-келиндерди кубаттоо жана аларга жол ачуу үчүн жазган.

 

«Аялдар тарткан фильмдер болмоюнча, чындыкка чын дилден, терең көз караш болмоюнча «кыргыз керемети» деп аталган биздин кинобуз толук эмес, окуяларга бай эмес болмок», -деп билдирди Кинематография департаментинин директорунун орун басары Гульмира Керимова.

 

Ошондой эле иш-чарага КР экс-президенти Роза Отунбаева катышты. Китептитүзүүчүлөрдүн алдында ар кандай кесиптер аялдардын колунан келээрин бардыгына көрсөтүү милдети турду, деп белгиледи ал.

 

«Айымдарда өз максатын ишке ашырууга тоскоолдуктар болууга тийиш эмес. Биз аялдар иштей ала турган өтө көп кесиптерди жоготуп жатабыз. Бизде геологиялык кесиптер болгон, анда бир кыйла аял кадрлар иштеген. Бүгүнкү күндө, мисалы, энергетик аялдарды көрө албайсың. Айымдар ашып кетсе бухгалтерияда, кыязы, чай ташыйт, ал эми түзүп жана жаратып жаткан кыз-келиндер аз. Совет мезгилинен бери эле кинону эркектер тарткан», - деп билдирди Р.Отунбаева.

 

Ал ошондой эле кереметтин эки түрү бар деп белгиледи.

 

«Биринчи керемет: кыргыз фильмдери. Акыры ушул кыргыз киносу Феникс кушу сыяктуу кайра жаралап жатат. Биз өзүбүздү эч качан үчүнчү дүйнөдөгү өлкө деп сезген эмеспиз, анткени бизде кинематографсыяктуу таза руханий өндүрүш бар. Экинчи керемет – кыргыз кинематографындагы айымдар. Бул феномен. Бизде аялдар эң күчтүү көркөм өнөрдө иштеп келген жана иштеп жатат», - деп билдирди Р.Отунбаева.

 

Китеп 20 кинематографист жөнүндө айтып берет жана төмөнкүдөй 3 бөлүмдөн турат: акыл-эс, эки доордун мууну, жаңы ысымдар.

 

«Акыл-эс» бөлүмүндө автор кинематографтын Динара Асанова, Лира Турусбекова, Клара Юсупжанова сыяктуу айрым чеберлери жөнүндө жазган.

 

«Эки доордун мууну» бөлүмүндө белгилүү режиссерлор Ракыя Шершенованын, Венера Жаманкулованын, Гульмира Керимованын, Флора Газиеванын, Жаңыл Жусупжандын, ДальмираТилепбергенованын, ГульбараТөлөмүшеванын интервьюлары берилген.

 

Кыз-келиндер, кинематографтын ишмерлери Асель Жураева, Чолпонай Бөрүбаева, Эльнура Осмоналиева, Алтынай Койчуманова жана башкалар «Жаңы ысымдар» деген үчүнчү бөлүмдүн каармандары болуп калды.

 

Китептин презентациясына кинорежиссерлор, актрисаларжана башка маданият ишмерлери келди.

 

Геннадий Базаров өз кезегинде Кыргызстандагы алгачкы кинорежиссер аял Фатима Мамыралиеваны эстеди, ал Кыргызстанда ВГИКтин биринчи бүтүрүүчүсү болгон. Ошондой элеөз сөзүндө ал «Кыргыз кереметин» жаратууга түрткү болгон гримерлордун, костюмерлердин, сүрөтчүлөрдүн, монтаждын режиссерлорунун баа жеткис салымын жана кинематографтын башка ишмерлеринин ысымдарын белгиледи.

 

Акыркы жаңылыктар

13.12.2017

Уинстон Черчиллдин китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Ушул күндөрү Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.   Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы болуп саналат. Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы ...
13.12.2017

«Бешик ырлары» сынагынын жыйынтыгы чыкты

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фонду жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы, Кыргыз радиосу "Бешик ырлары" сынагын жарыялаган. Жай айларында жарыяланган сынактын жыйынтыгы жакында чыкты. "Түз эфирде жолугушуу" программасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун өкүлү, "Бешик ырлары" сынагынын координатору Топчугүл Шайдуллаева мейманда болду. Уктурууну түз ...
05.12.2017

Жакын адамдарга кубаныч тартуулагыла жана жакшы иштерди жасагыла

Кымбаттуу достор жана өнөктөр! Жыл сайын Жаңы жылдын алдында биз силерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду сүрөтчү Х.Ф.Шимова менен бирге чыгарган открыткаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Открыткаларды сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар балдар билим берүүдолбоорлорун колдоого жумшалат. Бул открыткаларды өзүңөржана өз жакындарыңар үчүн сатып алуу менен силер Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын ...
04.12.2017

Кайталангыс басылмалар кайталангыс бааларда!

Эң ажарлуу майрам – Жаңы Жыл жакындап келатат! Эгерде силер өз туугандарыңаргажана жакындарыңаргабелектержөнүндө али ойлоно элек болсоңор, бизде силер үчүн мыкты сунуш бар! Силер ушул жылдын 25-декабрына чейин гана биздин кызыктуу китептерибизди 10%дан 30%га чейинки жеңилдетүү менен сатып ала аласыңар. «Манас сүрөттөрдө» - орус тилиндеги сүрөттүү китеп, аны окуу учурунда сизде жана сиздин балаңызда баатырларда мейманда болуу, салгылашуулардын ...
03.12.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын декабрында иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2017-жылдын декабрына   иш-чараларынын дайджести Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: шейшемби жана бейшемби Кайда:Бишкек шаарынын мектептери 6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар ...
02.12.2017

КР Экс-президенти Р.Отунбаева «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү

1-декабрда Р.Отунбаева өзү кеңешчиси болуп саналган Кытайдын «Кытай жана глобалдаштыруу» эң белгилүү талдоо борборлорунун биринде «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү. Журналисттер жана илим изилдөөчүлөр, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адистер мейманга берилген көп сандаган суроолорго жоопторду алды. Алар келечекте ушундай маалыматтык жолугушууларды уюштуруу жөнүндө өтө каалоолорун ...
02.12.2017

Радиомектеп: «Наристелердин өнүгүүсүндөгү нормалар»

Тема: "Наристелердин өнүгүүсүндөгү нормалар"   Катышуучлар: Токон Орусбаева – И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Арстанбек Сагынтай уулу - «Жайлоо өнүгүу борборлору» долбоорунун координаторунун жардамчысы  
01.12.2017

«Поэтерапия» поэзия кечеси

Урматтуу поэзия күйөрмандары!Сиздерди Кыргыз элине белгилүү   акындар Жылдызбек Турсунбаев менен Калича Жакыпованын "ПОЭТЕРАПИЯ" аттуу поэзия кечесине чакырабыз.Кече 15-декабрь, саат 17.00-до Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.Кирүү акысыз.Келип көңүлүңүздү ачып кетиңиз!Пресс-релиз «Поэтерапия» поэзия кечеси  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен ...
30.11.2017

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 30-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту, ага 2011-жылдан тартып Кыргызстандын экс-Президенти Р.И.Отунбаева мүчө болуп саналат. Жолугушуунун учурунда Си Цзиньпин Кытай өзүнүн жеке жолун тандоого элдердин укугун дайыма жактап келген, анткени дүйнөдө өнүгүүнүн универсалдуу жолу жок деп баса белгиледи. Эгерде бардыгы бирдей болсо, анда дүйнөдө заттардын өнүгүшү, прогресс токтойт. Кытай ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»