Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт
Баткендеги жолугушуу. «Китеп билим булагы - китеп билим чырагы».
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепте Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо ата-энелер, окуучулар жана педагогикалык жамаат менен жолугушту. Кездешүү учурунда эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүүдө алардын эрте маалыматтык көндүмдөрүн жана билгичтиктерин калыптандырууда ата-энелердин ролу, көркөм китептердин артыкчылыктары жөнүндөгү маселени талкууга алышты. Р.Отунбаева китеп окуунун балдарды өнүктүрүүдөгү өзгөчө мааниси тууралуу токтолду. Эл аралык иликтөөлөрдүн натыйжасында ата энелер балдарына ар дайым убактысын бөлүү менен күнүнө жок дегенде 10 мүнөт китеп окуп берсе, балдардагы өнүгүү процесстери тез жүрөөрүн белгиледи. Ошондой билимдүү эненин баласына болгон таасири дагы жогору экендигин айтты. Акыркы эл аралык жана ата мекендик иликтөөлөрдө, тилекке каршы балдардын окуусу жана түшүнүгү аксап жаткандыгына токтолду.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева аталган Фонд тарабынан басылып чыккан балдарга арналган жаӊы заманбап форматтагы китептер менен келгендерди тааныштырды.
Жолугушуу соӊунда Р.И.Отунбаева жана Юкиэ Мокуо башталгыч класстын окуучуларына китептерди окуп жана кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
