Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт

09.01.2014

Балдарыңарга китеп окуп бергиле, аталар!

Аталар үй шартында китеп окууну жандандыруу үчүн өтө маанилүү роль ойношот. Аталардын балдарга үн чыгарып китеп окуп берүүсү канчалык маанилүү экендиги адистер тарабынан айтылып келет. Балдардын китепке болгон сүйүүсүнүн ойгонушунда аталардын китепке болгон мамилеси чечүүчү мүнөзгө ээ.


Атасына жанаша отуруп үн чыгарып китеп окуп жатканын угуп жаткан үй-бүлө мүчөлөрүн бир элестетип көрүңүздөрчү. Дүйнөдө үй шартында балдарына китеп окуп берген аталардын саны барган сайын артып баратат. Балдар ата-энесинин экөөнүн тең китеп окуп жатканын жана андан канааттануу алганын көрүшү керек.


Аталар эмне себептен үн чыгарып китеп окуп бериши керек?


• Чогуу китеп окуу бала менен атанын ортосунда эмоционалдык жана физикалык жакындыкты камсыз кылат. Балдарына китеп окуп бербеген аталарга караганда китеп окуп берген аталар балдары менен жакыныраак жана тыгыз мамиледе болушат.


• Китеп бала менен атанын ортосунда байланыш каражаты катары кызмат кылат, бул – өзгөчө кечке дейре жумушта болгон ата-энелерге мүнөздүү нерсе. Балдар китеп окуу процессинде атанын ар кыл тамашасы, үндөрдү колдонуусу аркылуу тарбияланат. Аталар балдарга китеп окуп берген кезде алар балдардын өнүгүшүнө көңүл бурушат – өзү үй-бүлөлүк аңгемелешүү процессинин ичинде экендигин сезет.


• Аталар китеп окуу маалында ар кандай жагдайларды туурап, мимикаларды жана атайын үндөрдү колдонушат. Бул өз мезгилинде окууну көңүлдүү иш-чарага айландырат. Балдардын ар кыл үндөрдү угуусу алардын китепке болгон кызыгуусун жана түшүнүүсүн арттыруу үчүн өтө зарыл болуп саналат.


• Аталар ар кыл нерселерге кызыгуу менен мамиле кылышат. Алар жаңы китептерди тандап алууга жөндөмдүү. Ал балдардын жаңы тармактар менен тааныш болуусун камсыз кылышат. Андан тышкары балдарга китеп окуп берүү аркылуу ата менен баланын ортосунда жалпы кызыкчылыктар пайда болот (мисалы, спорт же машиналар).


• Балдарына китеп окуган аталар балдар үчүн идеалдуу өрнөк болуп саналат. Аталары китеп окуган балдар көп убактыларын китеп менен өткөргүлөрү келишет. Аталары китеп окуган балдар башкаларга караганда окууда чоң ийгиликтерге жетишери изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган.


• Китеп окуу көп каражатты талап кылбайт, көп убакытты да албайт. Өмүр бою кала турган жагымдуу эстутумдарды пайда кылат. Балдарга жагымдуу маанай тартуулайт. Андыктан балдарыңыздарга үн чыгарып китеп окуп бериңиздер.


Аталарга кеп-кеңеш


Жашоодо күнүмдүк иштер абдан көп, бардык эле убакта тынч отуруп балдарыңызга китеп окуп бергенге убакыт табыла бербейт. Же болбосо балдар атасы менен ойноп көнүп калган болсо, алар китеп окугандан көрө ойногонго артыкчылык бериши мүмкүн. Төмөнкү кеңештер сизге жардамчы боло алат:


• Китепканага же китеп дүкөнүнө мезгил-мезгили менен барып туруңуз. Балдар мындай мүмкүнчүлүктү чыдамсыздык менен күтүшөт жана пайдаланышат.


• Китеп окуу ишмердүүлүгүн көңүлдүү иш-чарага айландырыңыз. Балдар менен китеп окуган мүнөттөрүңүздү, чогуу сатып алган китептериңиздин санын чыгарыңыз. Алар тууралуу балаңыз менен баарлашыңыз.


• Бала менен китеп окууну көндүмгө айландырыңыз. Белгилүү “Ата” китеби болсун. Ар күнү уктаардын алдында окулсун.


• Өзүңүздүн экран алдында өткөргөн убактыңызды эсептеңиз. Эгерде балдарыңыз сизди дайыма телевизордун же компьютердин алдында көрсө, же болбосо кечинде телефон чукулоо менен алек болсоңуз, алар да ушундай убакыт өткөрүш керек экен деген белги алышат. Ошол нерселерди алар да кайталашат.


• Үйүңүздүн бир бурчунан окуу үчүн дайымкы орун табыңыз. Ал орун сиз жана балаңыз үчүн да ыңгайлуу болсун.


• Китеп окуу адамдарды жандандыра тургандыгына ынаныңыз. Окуп жаткан китебиңиздеги ар кыл көрүнүштөрдү же ишмердүүлүктөрдү ойноого болот (спорт, кулинария, прикладдык өнөр). Аталар ойногонду жакшы көрүшөт.


• Китеп окуудан канааттануу алыңыз. Эгерде сиз китеп окууну көндүмгө айландырган болсоңуз, аны балдар да өздөштүрүшөт. Бул асыресе көрүнүшкө айланат. Ал өз кезегинде баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайт.


 Асылбек Жоодонбеков

Акыркы жаңылыктар

05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...
22.11.2019

ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

Ак-Босого конушундагы "Санарип 50+" долбоорунун окуу борборуна бүгүн журналистер баш багышты. Тренер Курманбек Нураков конуштун кадырлуу жаш курагындагы тургундарына санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөттүдө.
21.11.2019

Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Биринчи радионун "Күндүн темасы" программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду.   Учурда дүйнөдө технологиялык прогресстер өтө тез өнүккөндүгүнө байланышуу жаңы чакырыктар менен бирге эле кооптонулар жаралды   Кыргызстандын санариптештирүүгө болгон аракети, жасалып жаткан иш тажрыйбасы жана сунуштар боюнча баарлашууга биз КР экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУ генералдык катчысынын Евразия аймагы боюнча ...
19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...
19.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучулар үчүн биринчи жолу түзүлүп жаткан альтернативалык онлайн-олимпиада жөнүндө маек курдук. Окуучулар онлайн-олимпиадага ушул жылдын декабрь айынан тарта классына, мектебине карабастан катышып өз күчүн, билимин сыноого болот. Альтернативалык онлайн-олимпиаданын максаты жана ага катышуу жолдору ...
14.11.2019

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»