Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт

12.12.2013

Асан Ахматов: Айтматовдук окуулар китеп окуу маданиятын калыптандырууга зор салым кошту жана балдарга да, чоң кишилерге да анын чыгармачылыгындагы жаңы горизонтторду ачууга мүмкүндүк берди

Урматтуу Роза Исаковна!

 

«Айтматовду окуйбуз» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн иш-чараларга чакырганыңыз үчүн Сизге ыракмат. Бул – анын чыгармачылыгын козгоо жана дүйнөлүк адабияттын улуу классиги, мекендешибиз жана замандашыбыз – Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгын биринчи жолу же кайрадан башынан окуп чыгуу жана ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн берүү эң мыкты саамалык.

 

Мени Арчалы айылындагы жөнөкөй айылдык мектептин балдары, Сократ оратордук мектебинин, «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун жаш өнөрпоздору таң калтырды, алар ар кандай аянтчаларда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуду, алар Чыңгыз Төрөкуловичтин ысымына, чыгармачылыгына канчалык ынтызарлык менен мамиле кылаары көрүнүп турду. Балдар Айтматовдун чыгармаларынан цитаталарды келтирип жана алардагы адабий каармандарды ойногонун карап олтуруп, алар китептердеги каармандардын татаал турмушун чындап эле алар менен бирге башынан өткөрүп жаткандай сезим пайда болду.

 

Сахнага Найман-эне менен кичинекей жомокчу Алмазкан уулу Нурболот чыгып, уулун маңкурт кылып салган байкуш эненин тарыхын жүрөктүн тереңинен чыккан сезим менен кайрадан кайталап айтып бергенде, зээндүү балдар Чыңгыз Төрөкуловичтин улуу чыгармаларын жан-дили менен сезип, ошонун өзү менен Айтматовдун урпактарга купуя осуяттарын аңдап-түшүнүп жатканын билдим. Кыязы, бардык мезгилдерде талап кылынып келген жазуучунун даанышмандыгы дал ушунда, өсүп келаткан муундар үчүн маяк болууда турат. Андыктан биздин милдетибиз – алар үчүн ушул татаал учурда аларга өз багыттарын жоготушуна жол бербей жана Айтматовдун каармандары көрсөткөн маякка – чыныгы сүйүүгө, жакшылык кылууга жана бийик адептик, жалпы адамзаттык касиеттерге багыт алуу менен алга карай илгерилешине жардам берүүдө турат.

 

Кала берсе жазуучу көптөгөн чыгармаларын дээрлик жарым кылым мурда жазганына ишенбей да кетесиң. Алар ушул күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жана маанисин, өз күчүн жана тереңдигин жогото элек. Балким, кала берсе Айтматов, мурдагы муундарга караганда, руханий жактан жапырт жакырдануунун жана адеп-ахлак төмөн түшүп кетишинин ушул татаал мезгилинде азыркы муун үчүн алда канча көбүрөөк талап кылынат. Ушундан улам биз балдарды, жаштарды Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүнө аралаштырып жатканыбыз ого бетер баалуу болуп калууда.

 

Ушул саамалыгы үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна чоң ыракмат айтуу керек, ал Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо жана жайылтуу боюнча бүткүл республиканын масштабында эбегейсиз зор иш жасады. Кыргызстандын облустарында жана райондорунда алар бүткүл элдик салтанаттын масштабдарына жана деңгээлине жетти, «Айтматовду окуйбуз» жумалыгы уланып жатат жана жер-жерлерде жазуучунун мааракесин майрамдоонун бир айлыгына айланууда жана аларга өсүп келаткан муун өтө жигердүү катышып жатат.

 

Айтматов окуулары китеп окуу маданиятын калыптандырууга зор салым кошту, балдарга да, чоң кишилерге да анын чыгармачылыгындагы жаңы горизонтторду ачууга мүмкүндүк берди, ошонун өзү менен аларга бийик адептик адамдык дөөлөттөрдү каныктырууга түрткү болду. Бул Кыргызстандын келечеги бар деген үмүттү жаратат.

 

Асан Ахматов – жазуучу, Ч.Т.Айтматовду тууганы

 

Акыркы жаңылыктар

13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...
22.11.2019

ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

Ак-Босого конушундагы "Санарип 50+" долбоорунун окуу борборуна бүгүн журналистер баш багышты. Тренер Курманбек Нураков конуштун кадырлуу жаш курагындагы тургундарына санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөттүдө.
21.11.2019

Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Биринчи радионун "Күндүн темасы" программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду.   Учурда дүйнөдө технологиялык прогресстер өтө тез өнүккөндүгүнө байланышуу жаңы чакырыктар менен бирге эле кооптонулар жаралды   Кыргызстандын санариптештирүүгө болгон аракети, жасалып жаткан иш тажрыйбасы жана сунуштар боюнча баарлашууга биз КР экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУ генералдык катчысынын Евразия аймагы боюнча ...
19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»