Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт

28.06.2017

20-24-июнда Бишкек шаарында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы болуп өттү

20-24-июнда Бишкек шаарында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – мектептердин алдындагы жайкы лагерлер боюнча кербен» акциясы болуп өттү.   Акциялар Бишкек шаарынын төмөнкүдөй бир нече мектептеринде өттү:№№11,89, 66, 32, 28, 9, 72, 84, 58, 88 орто мектептери.   Белгилүү болгондой, бул долбоорго өлкөбүздүн белгилүү адамдары катышат. Акциянын алкагында балдарга төмөнкүлөр китеп окуп берди: ЮристанбекШыгаев - Г.АйтиеватындагыКыргыз ...
20.06.2017

Бишкектин мектептеринин алдындагы лагерлерде«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени өтөт

20-июндан 30-июнга чейин Бишкек шаарынын жайкы мектеп лагерлеринде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени өтөт. Иш-чараны«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган.   «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун максаты – китеп окууга коомдук кызыгууну арттыруу жана китеп окуу процессине балдарды максималдуу тартуу. Бул демилге инновациялык ишти өнүктүрүү аркылуу китеп окуу маданиятын жогорулатууга, китепканалардын ...
30.05.2017

Бүгүн кезекетеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү

Бүгүн, 30-майда, "Ололохаузда" кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү, ага Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунан келген балдар катышты. Алар үчүн «Чычкандын коркунчтары» («Страхи мышонка») китебин USAID’дин «Бирге окуйбуз» долбоорунун координатору Хамзина Сауле окуп берди.   Балдар өздөрүнө окулган окуяны кунт коюп угуп, өздөрү да аларды коштогон коркунучтар жөнүндө айтып беришти. Эгерде көпчүлүк балдар үчүн ...
25.04.2017

Тосуп алгыла - «Балерина»!

Кымбаттуу достор!   «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 3-майда саат 13-00дө Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайында «Балерина» аттуу жаңы балдар китебинин презентациясы өтө тургандыгын кубануу менен билдирет.   «Балерина» - бийди сүйгөн, балет жана сахна жөнүндө эңсеген балдар менен кыздар үчүн гана эмес, ошондой эле өз мекени, анын мыкты жана талантуу адамдары жөнүндө, эмгек жана өжөрлүк жөнүндө, даңктын туу чокусуна карай ...
24.04.2017

Баткендеги жолугушуу. «Китеп билим булагы - китеп билим чырагы».

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепте Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо ата-энелер, окуучулар жана педагогикалык жамаат менен жолугушту. Кездешүү учурунда эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүүдө алардын эрте маалыматтык көндүмдөрүн жана билгичтиктерин калыптандырууда ата-энелердин ролу, көркөм ...
05.04.2017

Кыргызстандын теле- жана радиоэфиринин жылдызы Салтанат Саматова «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы долбооруна келет

Салтанат Саматованын ичке уккулуктуу үнү өзүнө тартып турат, адам анын мээримине бөлөнүп, угуп эле олтура бергиси келет. Миңдеген кыргызстандыктар «Европа плюс» радиосундагы анын жагымдуу үнү астында өсүп, шыктанып, саякаттап келүүдө. Миңдеген кыргызстандыктар аны тамада катарында өзүнүн иш-чарасына чакырууга ниеттенет, анткени ал ар кандай салтанатка көрк жана шаттык кошот, анан дагы Салтанат концертти да, теле-шоуну да таланттуу ...
31.03.2017

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: Юлия Руцкая кайрадан балдарда мейманда

Азыркы балдарды тарбиялоо өзүнө бир нече аспекттерди, жаңы методдорду жана методологияны киргизүүнү камтыйт. Бирок балдарды тарбиялоонун жана айлана-чөйрөдөгү дүйнөгө тартуунун өзгөрүлбөс, эң актуалдуу ыкмасы болуп китеп окуу саналат.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду "ололохауз" менен бирдикте «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясын өткөрүп турат, аларга жаш угармандарды кызыктуу китептерди окуп ...
16.03.2017

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» эми «Оlolohaus’та»

Бүгүн «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында биринчи акция «Оlolohaus» менен өнөктөштүктө өттү. Жапжаш, бирок Кыргызстанда белгилүү болуп калган, «Апамды издеп» ("В поисках мамы") укмуштуу окуялуу комедиясында башкы ролду аткаруучу актёр Азамат Уланов бүгүн акцияга келген бардык балдар үчүн үн чыгарып китеп окуп берди. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар жылдызды кунт коюп угуп гана тим болбостон, ошондой эле уккандарын ...
23.11.2016

Жылдыздар балдарга китеп окуйт акциясынын коногу Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Турусбек Жумалиев болду

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кезектеги “Жылдыздар балдарга китеп окуйт акциясын” Дордой жаны конушундагы № 94-мектепте өткөрдү. Бул жолу акциянын коногу болуп Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Турусбек Жумалиев келди. Т.Жумалиев башталгыч класстын балдарына “ Карышкыр жана жети улак” аттуу эл жомогун окуп берди. Акциянын аягында балдарга ырдап,бийлеп жана тарбялык ...
15.11.2016

«Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясынын коногу Кыргыз Республикасынын Эл артисти Каныкей Эралиева болду

Ушул жылдын 12-ноябрында «Жылдыздар балдарга китеп окуйт» долбоорунун алкагында КР Эл артисти Каныкей Эралиева Бишкек шаарындагы Ак-Ɵргѳ кичи районундагы №84 – орто мектебинде болду. Ал башталгыч класстын балдары үчүн «Роза Отунбаеванын Демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркулдун «Ынтымак сыры» аттуу китебин балдарга окуп берди. Жолугуушунун аягында КР Эл ...
01.11.2016

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарында болду

2016-жылдын 20-октябрынан 27-октябрына чейин «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарында болду.   Кербендин меймандары КР ЖК депутаты Карамат Орозова, акын, алып баруучу, «Бактынур» продюсердик борборунун жетекчиси Нуркан Койчуманова жана КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Ош шаарындагы №1 музыкалык мектептин директору Инабат Эшбаева болду, алар балдарга С.Жусуевдин «Тоо жанырткан ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»