Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият «Музыка - элдин дили»

02.07.2015

Ош жана Өзгөн шаарларында «Музыка – элдин дили» долбоорунун алкагында концерттер өттү

Үстүбүздөгү жылдын 24- жана 25-июнунда Ош жана Өзгөн шаарларында «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын эки көчмө концерти өткөрүлдү.   Концерт Ошто – Ош мамлекеттик Университетинин базасында, Өзгөндө жергиликтүү маданият үйүндө өттү.   Ачылышында КР экс-Президент Р. И. Отунбаева сөз сүйлөдү, ал көп маданияттуу, көп этностуу коомдогу жашоо башка этностун салттарын, маданиятын урматтоону талап кылат деп белгиледи. Тарыхты, ...
16.04.2015

«Музыка – элдин дили: Кыргызстан түрктөрүнүн музыкалык маданияты»

15-апрелде борбор шаардын тургундары жана меймандары үчүн «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында кезектеги концерт-презентация толук аншлаг менен өттү.
30.03.2015

«Музыка-элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын кезектеги жолугушуусуна чакырабыз

15-апрелде 17-00дө борбор шаардын тургундарын жана меймандарын «Музыка-элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында кезектеги концерт-презентацияга чакырабыз. Жаңы жолугушуу Кыргызстан түрктөрүнүн музыкалык маданиятына арналган. Концерт Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында Жантөшев көчөсү 115. (Совет көчөсү менен кесилиште) дареги боюнча 17-00дө башталат. Кирүү эркин.
19.03.2015

Азербайжан музыкалык маданиятына арналган «Музыка – элдин дили» концерт-лекциясы толук аншлаг менен өттү

2015-жылдын 17-мартында Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында «Музыка – элдин дили» долбоорунун алкагында азербайжан музыкалык маданиятына арналган концерт-лекция өттү. Концертти «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул долбоорго көмөк көрсөткөн ЮНЕСКОнун финансылык колдоосу аркасында Азербайжан Республикасынын Элчилиги менен бирдикте уюштурду.   Аншлаг менен өткөн концертте: Ноорузду майрамдоонун музыкалык салты, бийлер, ...
14.03.2015

Өткөрүп жибербегиле! «Музыка – элдин дили: Азербайжан музыкалык маданияты»

Кымбаттуу достор!     Силерди, Силердин досторуңарды жана жакындарыңарды 17-мартта (шейшемби) азербайжан музыкалык маданиятынын концертине чакырабыз.   Ашуг көркөм өнөрү, музыкалык аспапты жасоо өнөрү – ТАРА, азербайжан мугамдары, келагаи жоолугун жасоо салттары ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурасынын тизмесине киргизилген.   ЮНЕСКОнун Тизмесине киргизилген Нооруздун алдында өтө турган концерттин программасына Бакудан атайын келген меймандар ...
02.03.2015

Улуттук консерваторияда уйгур музыкасынын концерти өттү

Жаз алдында 28-февралда шаардыктар «Музыка – элдин дили» деген аталыштагы уйгур музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентацияга бара алды, деп билдиришти концертти уюштуруучулар.   «Концерттик программада уйгур музыкалык аспаптары жаңырды, 12 мукам – ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурас объекти, Аманисахан – падыша кызы жана музыка таануучу, чыны кармап бийлөө жана Кыргызстан уйгурларынын музыкасы, бийлери жана салттары жөнүндө көптөгөн башкалар», - деп ...
02.03.2015

«Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты»

Кыргызстан – көп улуттуу өлкө. Анда 80ден ашык улут жашайт. Ал уйгурлар үчүн мекен болуп калды. XIX кылымдын 20-жылдары уйгурлардын бир бөлүгү Кыргызстанга Кытайдын Синьцзян провинциясынан келген, ал эми ХХ кылымдын 50-жылдарынан тартып эмиграциянын экинчи толкуну болгон.   Уйгурлар түрк этносторуна кирет, Кытайдагы адамдардын негизги массасынан дини менен гана эмес, ошондой эле маданий жана тилдик салттары менен айырмаланат (уйгур тили – бул алтай тил ...
11.02.2015

Бишкекте «Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты» концерт-презентация өтөт

«Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты»   2015-жылдын 28-февралы, 17-00   Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залы Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилиште)  Кирүү акысыз   Кымбаттуу бишкектиктер, чоң кишилер жана балдар, урматтуу Кыргызстандын меймандары, 28-февралда (ишемби) Сиздерди биздин «Музыка – элдин дили: Уйгур музыкалык маданияты» деген концерт-презентациябызга чакырабыз.   Салттуу музыкалык аспаптардын үнү, кооз ...
22.12.2014

«Музыка – элдин дили: Кыргызстан түрктөрүнүн маданияты» концерти болбойт

21-декабрда 82 жаштагы мамлекеттик ишмер, «Манас» КТУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун кеңешчиси профессор Карыбек Молдобаев дүйнөдөн кайтты.Буга байланыштуу эртеңки күнгө пландаштырылган «Музыка – элдин дили: Кыргызстан түрктөрүнүн маданияты» концерти болбойт.Көрөрмандардан кечирим сурайбыз.
09.12.2014

Бишкекте «Музыка – элдин дили: Түрк музыкалык маданияты» концерт-презентациясы өтөт

«Музыка – элдин дили: Түрк музыкалык маданияты»   2014-жылдын 23-декабры, 15.00   Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залы Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилиште) Декабрда көп адамдарга жагып калган «Музыка – элдин дили» концерттеринин сериясы өтөт, анда көрүүчүлөргө түрк музыкалык маданияты сунуш кылынат. Түрк маданияты өзүнө бири-бирине ушунчалык окшош эмес чыгыш жана европа маданияттарынын элементтерин шайкеш айкалыштырат. Салттуу музыкалык ...
13.05.2014

«Музыка – элдин дили: Өзбекстан». Видео.

"Музыка – элдин дили: Өзбекстан" – 10-майда Бишкекте "Музыка – элдин дили" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында ушундай аталыштагы концерт өттү, ал өзбек музыкалык маданиятына арналды. Аны уюштуруучу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду болду.

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»