Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият


Ар түрдүүлүк жана маданият дүйнөлүк дөөлөттөргө жеткиликтүүлүк катары:


Кыргызстанда көркөм өнөрдүн, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн жеткиликтүүлүк деңгээлин колдоо жана элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ынтымакты чыңдоого, чөйрөдөгү социалдык, улуттук, диний чыр-чатактарды четтетүүгө көмөктөшүү.




 

Балдар үчүн «Көркөм өнөрдүн сыйкыры же кош келипсиздер ата-энелер» мастер-класстары. 3000ден ашык жаш шаардыктар колдонмо көркөм өнөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча мастер-класстарга барды, ал жума сайын Г. Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өткөрүлүп турат. Уюштурулуп турган сабактардын максаты – баланын инсанын байытуу, анын жеке чыгармачыл дараметин көркөм сүрөт өнөрүнүн каражаттары менен өнүктүрүү. Чыгармачыл студиядагы иш музейдин экспозицияларын көрүү балдарда эмоциялык кабылдоону, ассоциативдик ой жүгүртүүсүн, көрүп жаттап калуусун, сүрөт тартуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Көп түрдүү көркөм материалдар жана техникалар менен таанышуу ар бир баланын потенциалын өнүктүрөт жана өзүнүн чыгармачыл максатын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Биргелешкен чыгармачыл жана таанып-билүү ишинде балдардын жана ата-энелердин өз ара аракеттенүүсү баланы эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат жана аны менен чоң кишинин ортосундагы шайкеш эмоциялык мамилелерди түзүүгө көмөктөшөт.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору чоң кишилер балдарга китеп окуп беришин жайылтуу, кенже куракта китеп окутуу жана китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын камтыйт, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

 

Бул иш-чараларды жүргүзүүгө кеңири коомчулук, атап айтканда, белгилүү мадиалык адамдар, саясатчылар, артисттер, балдар жазуучулары жана акындары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү жагындагы эксперттер, тарбиячылар, ошондой эле ата-энелердин жана балдардын өздөрү тартылат.

 

2013-жылда республика боюнча 1200дөн ашык бала үчүн китеп окуп берүү боюнча 40ка жакын ар кандай акциялар жана иш-чаралар өткөрүлдү.

 

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү. «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү – коомубуз жана мамлекетибиз үчүн актуалдуу жана өлкөнүн маданий турмушунда уникалдуу окуя болуп саналат. Көзгөзмөнүн ачылышы Мамлекеттик тарых музейинин базасында 2014-жылдын июнуна пландаштырылып жатат. Башкы максат – немецтерди Кыргызстандын аймагына көчүрүүнүн тарыхын; биздин өлкөнүн өнүгүшүнө немецтердин эмгектик, интеллектуалдык, руханий салымын көрсөтүү. Жаңы муунду Кыргызстанда жашаган бардык этносторду теңдеш, эркин өнүктүрүү духунда тарбиялоо жана сабырдуу, адилеттүү көп улуттуу коомду калыптандыруу үчүн Кыргызстан калкынын көп улуттуу мүнөзүнүн маанилүүлүгү.

 

Көргөзмөнүн алкагында жаштар жана балдар үчүн интерактивдүү акциялар өткөрүлөт жана мастер-класстар уюштурулат, мындан тышкары, илимпоздордун, маданият жана көркөм өнөр ишмерлеринин катышуусу менен эл аралык илимий конференцияны өткөрүү болжолдонууда. Конференциянын алкагында талкуулоо үчүн негизги темалар - Сабырдуу, адилеттүү көп улуттуу коомду калыптандыруу; Көп улуттуу Кыргызстан жана анын эл аралык кызматташтыктагы ролу; Маданияттар ортосундагы диалог – тынчтыкта жанаша жашоонун негизи катары.

 

«Бөбөк ыры» - авторлордун жана композиторлордун арасында кыргыз тилинде балдар үчүн ырлардын республикалык конкурсу. Конкурстун максаты – Кыргыз Республикасынын балдары руханий жактан өнүгүшүнө жана кыргыз тилин алда канча терең өздөштүрүүгө көмөктөшө турган кыргыз тилиндеги балдар ырларынын учурдагы репертуарын түзүү, ошондой эле ыр жана поэтикалык чыгармачылык жагындагы жаңы өнөрпоздорду ачууга көмөктөшүү; чыгармаларды жазуу; балдарды жана ата-энелерди ырлар менен камсыз кылуу; балдар ырларынын аудио-, видеодискалары жана жыйнактары аркылуу кеңири чагылдыруу менен балдар ырларын жайылтуу. 2013-жылы конкурска балдар ырларынын 100дөн ашык авторлору менен композиторлору жана 200дөн ашык аткаруучу катышты. Чыгармаларды ар кандай региондук, шаардык чыгармачыл бирикмелерден жана балдар бакчаларынан келген балдар аткарды.

 

Балдар үчүн музыка:


Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы балдар үчүн классикалык музыканын концерттери

2013-жылы фонд Кыргыз улуттук консерваториясы менен бирдикте Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы мектептерден келген балдар үчүн классикалык музыканын 9 концертинен турган серияны өткөрдү. Программага жаңы конуштардын 10 мектебинен 400дөн ашык бала катышты.

Программанын максаты – балдарды жана өспүрүмдөрдү, өзгөчө социалдык жактан чабал топтордогу балдарды классикалык музыкалык маданият аркылуу дүйнөлүк маданиятка аралаштыруу. Жаш угуучулар дүйнөлүк классик композиторлордун мыкты чыгармалары менен таанышты. Программанын өзгөчөлүгү аны өткөрүүнүн формасы – жөн гана концерттер эмес, анын маалыматтык бөлүгү болду, ал балдарга композиторлор жана алардын өмүр баяны, тигил же бул музыкалык чыгарманын тарыхы, музыкалык жанрлар, музыкалык аспаптардын түрлөрү жана топтору, алардын угулушу жөнүндө маалымат берди.

 

«Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасы

2014-жылы фонд «Музыка – элдин дили» программасын Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Консерватория менен бирдикте баштады, ал Кыргызстандагы диаспоралардын музыкалык маданиятына арналган. Концерт-презентация формасындагы 11 концерт пландаштырылган, алардын музыкалык жана маалыматтык бөлүктөрү бар. Программанын максаты – этностордун музыкалык маданияты – ырлары, бийлери, музыкасы аркылуу Кыргызстандын маданий ар түрдүүлүгүн ачып көрсөтүү.

 

«Балет чакырат» - балеттин башаттары, белгилүү оюндар, атактуу артисттер, дүйнөнүн эң кооз театрлары жана балет өнөрүнүн дүйнөсүндөгү көптөгөн башка нерселер жөнүндө лекциялардын сериясы. «Балет чакырат» долбоору калкты маданий агартууга, сахнанын балет сыяктуу түрүнө кызыгууну каныктырууга жана аны жайылтууга багытталган. Жаш бишкектиктер, алардын ата-энелери жана жөн гана бардык катышуучулар лекторийдин катышуучусу боло алат. Лекцияларды кыргыз балетинин атактуу аткаруучулары жана Кыргызстандын иштеп жаткан артисттери алып барат.

 

Фонд «Бардыгы үчүн адабият» деген жалпы аталыштагы бүтүндөй бир катар төмөнкүдөй иш-чараларды демилге кылат жана өткөрөт:

• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте кыргыз тилинде көркөм окуунун ар жылдагы Республикалык конкурсун, анын максаты китеп окууну, дүйнөлүк, ошондой эле ата-мекендик көркөм адабиятты жайылтуу, ошондой эле китепти көркөм окуу жана өлкөбүздүн жана дүйнөнүн көрүнүктүү калем чеберлеринин чыгармаларынан үзүндүлөрдү кайра айтып берүү аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат.

 

«Поэзия кечеси» - жыл сайын 8-Марттын алдында өткөрүлүүчү иш-чара жаш акындардын чыгармачылыгын колдоого, элдин маданий жана руханий дөөлөттөрүн алга илгерилетүүгө жана пропагандалоого, поэзия аркылуу биздин аялдардын масштабын жана тереңдигин, руханий эркиндигин жана күчүн баалай алышы үчүн чыныгы поэзияга кызыгууну ойготууга багытталган.

 

Кыргызстан балдарынын жана жаштарынын арасында жаш китеп окуучулардын «Маданият аркылуу тынчтык» жалпы шаардык конкурсу – кыргыз, россиялык жана чет өлкөлүк авторлордун поэтикалык жана прозалык чыгармаларынан үзүндүлөрдү үнүн чыгарып окуу (декламация) боюнча мелдеш иш-чарасы. Конкурстун алкагында катышуучуларга өздөрү тандаган чыгармалардан үзүндүлөрдү кыргыз, орус же дүйнөнүн башка тилдеринде окуп берүү сунуш кылынат.

 

«Айтматовду окуйбуз» жумалыгы – Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо жана жайылтуу боюнча акция, ал бүткүл республиканын масштабында өттү жана балдарга да, чоң кишилерге да Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы жаңы өңүттөрдү ачууга мүмкүндүк берди. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Айтматовду окуйбуз» акциясынын алкагында кенже, орто, жогорку класстардын окуучулары, колледждердин окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн СД-дискада «Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуйбуз» деген электрондук методикалык окуу куралын чыгарды.

 

Акыркы жаңылыктар

23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
22.04.2018

Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы

20-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр ...
19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык ...
19.04.2018

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып ...
18.04.2018

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.   Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР ...
18.04.2018

Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

Урматтуу мекендештер! «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, ...
17.04.2018

VI Билим фестивалында күтөбүз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясыжана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен алтынчы Билим фестивалын өткөрүп жатат. Быйылкы жылы Фестивалдын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» болуп калды.
16.04.2018

Кыргызстандын элдери: Немецтер

2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.   Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

ФЕСТИВАЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»