Демилгелер Демократиялык башкаруу Коомдук байкоочу кеңештер

19.01.2014

Р.Отунбаева: Ыктыярдуу коомдук кеңештердин тобу коррупцияга каршы күрөшүү үчүн маанилүү күчтөрдүн бири болуп калат

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын Коомдук байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн 2014-жылдын 23-24-январындагы «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясы үчүн доклады.


2013-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан «Транспаренси Интернейшнл» рейтингинде коррупцияны аңдап-түшүнүү Индекси боюнча өз позицияларын дүйнөнүн 177 өлкөсүнүн ичинде 154-орундан 150-орунга чейин жакшыртты. Эмне үчүн биз эң төмөндө, өлкөлөрдүн ушул кезегиндеги акыркы чейректе турабыз?


Кыргызстан, айтмакчы, Казакстан, Таджикистан сыяктуу эле, бардык соңку айларда, ал гана эмес жылдар бою дүйнөлүк жаңылыктардан кетпеген, ушул кезге чейин кан төгүлгөн согуштар жана жаңжалдар тыйылбай жаткан Борбордук Африка Республикасы жана Конго Демократиялык Республикасы сыяктуу өлкөлөр менен үзөңгүлөш болуп, алардын деңгээлинен көтөрүлө албай жатканы жанды кейитет. Борбордук Африка Республикасында эле соңку учурда миллиондон ашык тургундар орун которуп, өз турак-жайларын таштап кетти. Бул сайттагы иконографиканы жана анын кыскача сүрөттөлүшүн изилдөө Түркмөнстан менен Өзбекстаны кошпогондо, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү бир кластерде турганын, алардын бардыгында бюджетке карата коомдук жеткиликтүүлүк жок экенин көрсөтүп турат, деген менен Азербайжанда, Казакстанда жана Арменияда бюджеттин минималдуу же жарым-жартылай ачыктыгы бар.


Кыргыз Республикасында бюджеттин ачыктыгы графасынын тушунда маалыматтар «болор-болбос же таптакыр эле жок» деп белгиленген. Коомдук пикирдин атайын сурамжылоолоруна негизделген коррупцияны аңдап-түшүнүү индекси интегралдык мүнөзгө ээ. Адамды өнүктүрүү индекси боюнча биз эненин жана баланын өлүмгө учуроосу боюнча Миң жылдыктын максаттарын аткарууга жетише албай жатабыз. Кыргыз Республикасында – мурдагы советтик республикалардын ичинде сабаттуулуктун деңгээли алда канча төмөн экендиги таң калычтуу – 99,2%, калгандардын бардыгында ал жогору! Өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык көйгөйлөрүн талкуулоо учурунда биздин министрлерибиз же депутаттарыбыз качандыр-бир учурда Атаандаштык боюнча глобалдык индекстин цифралары жөнүндө кеп кылганын мен уга элекмин. Казакстанда же Россияда – булар экономиканын өсүшүнүн жана дүйнөдөгү өз ордун түшүнүүнүн маанилүү оперативдик сканерлери. Сотторду реформалоонун бардык жан үрөгөн аракеттерине карабастан, юридикалык көзкарандысыздык жана укуктун үстөмдүгү маселелеринде биз таптакыр артта калып жатканыбызды моюнга алууга тийишпиз. Маалымдуулук жана отчеттуулук, басма сөз эркиндиги маселелеринде бизде КМШ боюнча союздаштардын алдында көрүнүп турган артыкчылыктар бар, бирок көзгө көрүнбөгөн өлчөөчүлөр, мында да биздин каталарыбызды жана кемчиликтерибизди таап алып, биздин, бир караганда, коңшулардан ачык-айкын озуп кетүүбүздү жокко чыгарып жатат.


Ошентип, 2010-жылы коррупцияны аңдап-түшүнүү индекси боюнча биз 164 орундан 14 позицияга алга илгериледик жана 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээлеп турабыз. Иш жүзүнө келгенде биз чындыгында бир орунда турабыз, андыктан биз багыттарыбызды жоготуп алууга тийиш эмеспиз: коррупция элдин бейпилдигин качырган башкы көйгөй болуп келген жана ошол бойдон калууда, мамлекеттик институттарга карата ишенбестикти кетирбей кармап турууда жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна башкы коркунучтардын бири бойдон калууда. Өткөн күздө Коргоо Кеңешинде ар тараптан талкууланган кырдаалдын талдоосу жана диагнозу, коррупциялык топту тактикалык жана стратегиялык жактан бузуу механизмдери «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы Жарлыгында баяндалган.


Коррупция мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат системасына терең тамыр жайды, деп айтылган Жарлыкта. Ал системалуу, рационалдуу болуп калды. «Түзүлүп калган коррупциялык тартипти бузуу жолундагы эң башкы тоскоолдуктардын бири болуп саясий коррупция эсептелет, мындай коррупциянын бузуучу чөйрөсү болуп мамлекеттик кызыкчылыктар саналат». Алда канча көйгөйлүү коррупциялык схемалар, деп көрсөтүлгөн документте, сот, укук коргоо, финансылык, каттоо, энергетикалык жана билим берүү системаларында түзүлгөн. Айрым мөөнөттөрдө аткаруу үчүн чаралардын бүтүндөй комплекси белгиленген. Алар көлөмдүү, өтө оор, өтө татаал, министрликтин, ведомствонун, бүткүл өкмөттүк машинанын ишинин маңызын терең билүүнү талап кылат. Машакаттуу, терең эксперттик иш талап кылынат. Алдыга коюлган милдеттерге байланыштуу колдонуудагы мыйзамдарды кылдат изилдөө, аларга олуттуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.


Буларды ким аткарат? Өкмөттөн тартып Президенттин аппаратына чейинки, Коргоо кеңешинин катчылыгынан жана жумушчу тобунан тартып шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топко чейинки аткаруучулар аталган. Коррупцияга каршы күрөшүүгө жарандык коомчулуктун институттарын тартуу, деп баса белгиленген бул Жарлыкта, мамлекеттин биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кирет.


«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорунда аларды түзүүнүн максаттары жана алардын ишинин багыттары жана биринчи кезекте мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы аракеттенүү баяндалган.


Менин ишеничим боюнча, дал ыктыярдуу коомдук кеңештердин тобу Президенттин Жарлыгын турмушка ашыруу үчүн маанилүү күчтөрдүн бири болуп калат.


Соңку жыйырма жылдын ичинде коррупция коомду, мамлекетти кысымга алып, бүткүл өлкөнү уучунда кармап, аны кубаты жок, кудуретсиз түзүлүш катары көрсөтүп, дүйнө алдында баарыбызды басынтып жатат. Биз буга көнүп алып, ушундай ыңгайсыз чөйрөдө жашап жатабыз. Элге кызмат кыла турган адамдар бейпилдикти чектен чыккан бузуучулардын башында туруп, бийликтин массадан алысташына алып келүүдө: элдик депутаттардын ондогон жардамчылары коррупцияга каршы күрөшүү деген ызы-чуунун фонунда, өздөрүнүн башчыларынын жардамы менен Салык инспекциясына майлуу-сүттүү жерлерге ишке орношуп жатат. Албетте, бармак басты, көз кысты болуп жатат! Арааны ачылган колу туткак адамдар көз ачып-жумганча шаардын парк зоналарына уятсыздык беш колун салып, өздөрүнө эки кабат үйлөрдү тургузуп жатат. Экинчи даражадагы чиновниктер шаардын баалуу жерлерине тендер жарыялоо менен алектенип, дайыма алмашып турган мэрлерден артта калбай баратат, бирок алар өздөрү эч бир мүдүрүлгөн жок.


Бул ишмерлер театр болобу, же филармония болобу, сыртынан караганда кедей көрүнгөн маданий мекемелердин жетекчиси болуп он жыл толук иштебей жатып, бүткүл калкты көзүнө илбей, ири микрорайондогу бак-дарактарды кыйып жана анын санитардык зонасына кирип, өзүнө жөн гана үй эмес, көп кабаттуу үйлөрдү (!) курууга киришип жатат. Тамада болуу жана тойлорду тейлөө менен ушундай акчаны табуу мүмкүн эмес. Көрсө, социалдык муктаждыктарга биздин бюджетибиз анчалык деле жакыр эмес экен! Өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында аялдар, энелер, улуу балдар тишинин кирин соруп, капилет, кээде муундан-муунга өткөн масштабдагы байып кетүүлөргө моюн сунуп калууда, ал байлыктарды мамлекеттик кызматчылар – салык, бажы кызматчысы, МАИ кызматкери, паспорт толтуруучу, финансист уурдап, чычканча үйүнө ташып жатат. Ушундай кызматтык позициялар коомдук пикирде ийгиликтин идеалы, жаштар үчүн суктанткан кесип болуп калды, аларды ушул ишке шектүү жогорку окуу жайлары жүз миңдеп окутуп жатат. Кышкы экзамен сессиясы кызып турган кези, билим бааланбай калды, акча гана керек, буларда акча Дордойдогудай эле жүгүрүп турат. Рэкетирлер менен бандиттер бийликке жулунуп же борбордо, ошондой эле жер-жерлерде анын ондогон креслолорун ээлеп олтурат.


Иштин мындай жагдайынан жалаң эле камакка алуу жана абактар менен арылуу мүмкүн эместиги айдан ачык. Жалаң эле буйруктарды чыгаруу менен аны жеңе албайсың. Прокуратура менен коркутуп-үркүтө албайсың. Эл ичинде экономикалык жактан баюуга ыктагандыгы аркылуу белгилүү болгон коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы менен бурчка такай албайсың! Биз ушул балээге каршы тайманбастан, түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз. Биз өз үйүбүз үчүн, анын тазалыгы үчүн чечкиндүү түрдө тикебизден тик турууга тийишпиз. Бизде кыйла резервдер, коомдо интеллектуалдык потенциал бар. Көбүнесе үйүндө ар кандай машыгуудан, чет өлкөлөрдө стажировкадан өткөн, жогорку окуу жайларда, жеке компанияларда, мамлекеттик кызматта иштеген жүздөгөн жана миңдеген жаш адистерибиз бар. Булар дүйнөдөгү маалыматтарга көз салып турган, эл аралык долбоорлорго катышкан, бизнести жүргүзүүнүн мыкты үлгүлөрүн билген акылдуу, сабаттуу адамдар.


www.ons.kg сайтын ачып, талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун коомдук кеңештердин укуктары жана иши жөнүндө 6- жана 7-беренелерин окугула. Аларда коомдо жана мамлекетте болуп жаткан процесстерди түшүнүү үчүн, адистик боюнча ушунчалык керектүү болгон иш тажрыйбасын алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн эбегейсиз зор мейкиндиги ачылат!


Совет мезгилинде жаш адистер, коомчулук сотторго элдик заседателдер катары, контролдоочу органдарга элдик контролер катары, түшүндүрүү иштери үчүн пропагандист жана агитатор катары ишке тартылчу. Азыр активдүүлүктүн формалары башка – алар НПОлор, саясий партиялар. Бирок коомдук байкоочу кеңеш – бул эксперттик чөйрө үчүн, адистер жарандык мектептен өтүшү, тармактын ардагерлери өзүнүн бай тажрыйбасын азыркы коомго бериши үчүн бекем негиз экени айкын. Коомдук байкоочу кеңеш – бул өлкөнүн кадр потенциалын толуктоо жана жаңылоо үчүн мыкты ресурс.


Ушундай институт Россия Федерациясында Президенттин жарлыктарын, өкмөттүн токтомдорун контролдоо үчүн иш билгилик менен пайдаланылууда. Коомдук кеңештер федералдык, ошондой эле региондук аткаруу бийлик органдарынын алдында түзүлгөн, Россиянын Президенти жана Премьер-министри алар менен дайыма жолугушуп турат. 2013-жылдын 12-декабрында Федералдык жыйында кезектеги Кайрылуу менен сөз сүйлөп, Президент Путин мындай деп айтты: «(Коомдук кеңештер) формалдуу түрдөгү көмөкчү жана кооздук түзүмү болууга тийиш эмес, алар эксперттердин, ал эми кээде ведомстволордун иштиктүү оппоненттеринин ролун аткарууга, коррупцияга каршы аракеттенүү системасынын жигердүү катышуучулары болууга чакырылган». Президенттин тапшырмасы боюнча ал жакта жарандардын катышуусу үчүн укуктук базаны – «Коомдук контролдук жөнүндө» мыйзамды даярдоого киришти.


Жогорку Кеңеш кабыл алган «Коомдук кеңештер жөнүндө» мыйзамга улай эле коомдук кеңештердин ишине катышууга конкурс жарыяланат, ага компьютерди тиктеп олтуруудан, эки жүздүүлүктөн жана сындап гана олтуруудан тажаган, өз билимин өлкөнүн өнүгүшү үчүн, анын кадыр-баркын өзгөртүү үчүн акысыз жумшоого даяр турган жаштар умтулууга тийиш. Коомго талылуу жерлерди, татаал түйүндөрдү, туюктан чыгуу жолдорун көрө билген эксперттик өбөлгө ушунчалык жетишпей жатат. Мыйзам чыгаруу ишинде өкмөткө да, Жогорку Кеңешке да мыкты экспертиза, төмөнтөн, жер-жерлерден чыккан маалымат жетишпей тургандыгы эчактан эле белгилүү; парламенттин комитеттеринин тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун коомдук байкоочу кеңештери менен карым-катышы өтө натыйжалуу болор эле, ал жакта көптөгөн волонтер-адистер топтолгон жана иштөөгө даяр!


Өткөн мезгилдин ичинде бир катар министрликтердин байкоочу кеңештери тармактарды өнүктүрүүгө талдоону жүргүздү, ондогон дымактуу сунуштарды даярдап берди, ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өнөкөт болуп калган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун ачты. Финансы министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин иштелип чыккан жана ишке киргизилген, бюджет, чет өлкөлүк жардам жана сатып алуулар боюнча кеңири маалыматты берген вебсайтын жабуу үчүн ар кандай кесиптеги жана ар кандай ведомстволордогу чиновниктер ушул күнгө чейин кандай гана аракет кылбай жатат. Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү – коомдук кыймылдардын лидерлери, тармактардын ардагерлери, эмгек сиңирген башкаруучулар, журналисттер, укук коргоочулар, илимпоздор, бизнестин өкүлдөрү – өткөн мезгилдин ичинде бул ишке өздөрүнүн убактысын бөлдү, даттануулары жана сунуштары бар жарандарды кабыл алды. Ачык эле моюнга алуу керек: коомдук байкоочу кеңештин ишинин жана деминин аркасында бүгүнкү күндө биздин бюрократиянын ишинде жаңы доор ачылды, коллегиялардын, кеңешмелердин, элге берилген ар кандай маалыматтардын ачыктыгынын даражасы биз күткөндөн ашып түштү. Бирок комплекстүү, натыйжалуу, бардыгына жеткиликтүү болгон программа жана электрондук өкмөттүн иши алиге чейин жок. Бул милдетти биздин бир да өкмөтүбүз аркалай алган жок.


Эң татаал мезгилдерде коомдук байкоочу кеңештер Улуттук коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине, Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматына, Коргоо министрлигине, Энергетика министрлигине калк арасында ишеничти кайрадан калыбына келтирүүгө жардам берди. КТРКнын Байкоочу кеңешинин күрөшү жана калыптанышы чыныгы эпопея болуп калды. Азыр коомдук байкоочу кеңештин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу эң жакшы, ал эми Бакиев учурунда бул маселени талкуулоо жана турмушка ашыруу аракеттери журналисттер менен активисттерди куугунтуктоого, жаманатты кылууга алып келчү. Скандинавия өлкөлөрүнүн стратегиялык запастары кандай сактала тургандыгын Евроньюс бүткүл дүйнөгө көрсөтүп жатка учурда, биздин Мамлекеттик резерв фондубуз жашыруун деген шылтоону айтып, ушул мезгилдер бою ар кандай суратылган маалыматты коомдук байкоочу кеңешке берүүдөн таптакыр баш тартып келет.


Шашылыш кырдаалда калк үчүн өтө маанилүү продукцияны сатып алууга тендерлер кандай өткөрүлүп жатканын, буудай, элдин акчасына сатып алынган башка зарыл товарлар кантип сакталып жатканын билүүгө коомдун укугу жок бекен? Бүгүнкү күндө биз тергөө органдары Фонддун соңку жылдардагы мыйзамга жат көмүскө иштерин тергеп жатканын билебиз жана алар сотко чейин жеткирилет деп үмүттөнөбүз. Жогорку Кеңештин жакында өткөн жыйналышында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитеттин төрагасы А.Б.Калматов коомдук байкоочу кеңештер азырынча бир да коррупциялык иштин бетин ача элек деп эсептеп, алардын керектүү экенине шек келтирди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин коомдук байкоочу кеңештеринин мүчөлөрүнүн курамындагы коомдук байкоочу кеңештер аралык комиссия «Кыргыз Агрардык азык-түлүк Корпорациясы» ААКдагы кеңири коррупциялык түйүндү тапты жана бюджеттик курч тартыштык учурунда мамлекеттик акчаны кайра кайтаруу маселесин алдыга койду. Сөз бөлүп берилген 250 млн сом жөнүндө жүрүп жатат, кредиттер боюнча дебитордук карыз 236 млн сомго жетет! Көйгөйлүү дебиторлор бардык берилген суммалардын 80%дан ашыгын түзөт, мында товарлар жана акча каражаттары тиешелүү түрдө тариздебестен, айрым жактардын сунуштары жана кепилдиктери боюнча берилген. Бул жерде кызмат адамдарынын – ААКнын Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн баюу максаты көрүнүп турат. Агрардык азык-түлүк Корпорациясы боюнча тергөөнүн жүрүшүн текшерүү, аны аягына чейин чыгаруу жана мамлекеттик каражаттарды уурдоону ойдогудай аягына чыгаруу катары, «Агрардык азык-түлүк Корпорациясы» ААКнын биротоло банкроттугуна жол бербөө үчүн Жогорку Кеңештин профилдик комитеттери кийлигишүүсүнө убакыт жетти.


Көзкарандысыздык жолубуздун жыйырма жылдан ашык мезгилинин ичинде биз турбуленттик өнүгүү фазасында калууну улантып жатабыз. Азырынча өркүндөө жолуна чыга албай жатабыз. Экономиканын рыноктук негиздерге өтүшү создуккан мүнөзгө ээ болуп, калктын социалдык турмушуна, анын ал-акыбалына жана маанайына терс таасир этүүдө. Кедейлик чабал экономиканын натыйжасы катары калктын үчтөн бир бөлүгүн муунтуп жатат. Бюджеттин өнөкөткө айланган тартыштыгы кыйынчылык келтирүүдө.


Адамды өнүктүрүү индекси боюнча биз кедей өлкөлөргө жакын турабыз. Өлкөнү дале коррупция бийлеп жатат. Соңку учурда бийлик өзүнүн кескин аракеттери менен бардык амалкөй казына уурдоочуларды эсине келтирип, катуу чочутту. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей болууга тийиш, деп баса белгилейт Президент Атамбаев. Бир да мамлекеттик офисте эч бир ишти акча менен бүтүрүүгө болбогудай кылуу керек. Глобалдык дискурста өлкөнүн өнүгүшүн жана бакубаттуулугун улуттук дүң продукту жана калктын киши башына анын саны менен гана өлчөөгө болбостугу жөнүндө идея улам көбүрөөк угулууда. Консюмеризмге жетишкен өлкөлөрдүн артынан кубалап жетүүнүн кажети жок. Улам алда канча чабал жаратылыш чөйрөсүндө жашаган адамга көп нерсенин деле кереги жок. Коңшу өлкөлөр сыяктуу, планетадагы алдыда турган эң бай элүү өлкөнүн катарына кирүүнү азырынча эңсей да албайбыз.


Айкындык, ачыктык жана ак ниеттүү башкаруу рейтингинде дүйнөнүн алгачкы 50 өлкөсүнүн катарына кирүү үчүн биз үмүттөнүп гана тим болбостон, ошондой эле мүмкүн болгондун бардыгын жасай алабыз. Ошондо бизде коомдун жана турмуштун сапаты башка, эркин жашоого, толук күч жумшап иштөөгө боло турган коопсуз өлкө болот. Ошондо биз өзүн-өзү камсыз кылган экономикасы бар өлкө, укуктук мамлекет болобуз.

Акыркы жаңылыктар

22.03.2019

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева Чыгаан айымдар үчүн Кувейт сыйлыгына ээ болду

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Кувейт мамлекетиндеги "Дүйнөдөгү чыгаан аялдар үчүн Кувейт Премиясы" сыйлыгына татыктуу болду. Чыгаан Айымдар үчүн Кувейт Сыйлыгы (ЧАКС) Кувейт мамлекеттик жана жеке сектордук, жарандык коом жашоосунун сапатынын өнүгүүсүнө чыгаан айымдардын кошкон салымын баса белгилейт. ЧАКС чыгаан айымдарды гана сыйлоо менен ...
22.03.2019

Ак-Талаа районундагы «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» алты боз үй берилет

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлоруна” райондук жайыт департаменти алты боз үй, күн-шам чырактары менен берет. Бул тууралуу 2019-жылдын 15-мартында Ак-Талаа районунда “Жайыттарды башкаруу жана колдонуу, инвестиция тартуу, келечек план-2019” темасындагы тегерек столдо айтылды. Тегерек столду райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп, ...
21.03.2019

Чыгыш мейманы - жаркын Нооруз майрамы!

Күн менен түн теңелген жаз күнүндө, узакка созулган кыштан кийин күн узактыгы боюнча түндү кубалап жеткенде, дүйнөдөгү бардык мусулмандар эң сүйүктүү майрамдардын бирин – жазгы Нооруз майрамын тосуп алат.   Күн менен түн теңелген жаз күнү, жаз майрамы жашоонун жаңыланышын билдирет! Нооруз Сиздин турмушуңузга кандайдыр-бир жаңы жана жакшы нерселерди алып келип, жаңы жетишкендиктер жана максаттар пайда болушунун башталышы жана символу болуп ...
20.03.2019

Талас шаарында көркөм сүрөт студияларынын иши улантылууда

Талас шаарынын № 6 мектебинин алдындагы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорунун алкагында көркөм сүрөт студиясы иштеп жатат, ага Талас шаарынын үч мектебинен ар кандай курактагы 20 бала барат. Бардык сабактар акысыз. Балдар үчүн бул сүрөт тартуу жагынан өзүнүн талантын ачуу же, тескерисинче, сүрөт тартууда өзүнүн күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү. Өткөн 2018-жылы, Герцен атындагы музейдин алдындагы студиядагы сабактарга катышып жаткан үч бала ...
20.03.2019

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы университеттин табигый илимдер факультетинин ...
18.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
07.03.2019

«КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулады

6-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун максаты тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулоо ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»