Демилгелер Демократиялык башкаруу Коомдук байкоочу кеңештер

20.01.2014

Коомдук байкоочу кеңештин келечеги дагы алдыда

Түмөнбаев Жолдошбек Шарапович: Мамлекеттик каттоо кызматындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары  


Жолдош мырза айтсаңыз, Коомдук байкоочу кеңеш өзүнө тагылган милдетти толугу менен орундатып атабы?


Алгачкы жылдары бизди мекеминин жетекчилери биздин миссияны түшүнбөстөн айрым тоскоолдуктарды жараткан учурлар болгон. Бирок 2010-жылдан кийинки эң жакшы иштин бири деп айтаар элем. Бул башка демократия өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келет. Бул саамалык Роза Отунбаева тарабынан сунуш кылынып, ишке ашырылган маанилүү иштердин бири деп айтаар элем. Албетте эки жылдын ичинде байкоочу кеңештер өзүнүн функциясын толук кандуу актады деп айтуу кыйын бирок, бул абдан чоң иштердин башталышы болуп эсептелет. Бул багытта маанилүү иштер дагы да алдыда. Бул жерде коомдук байкоочу кеңештер да адамдар сымал кай бирлери жигердүү иштесе айрымдар күтүлгөн натыйжаны көрсөтө албай атат дегендей.


КБК кандай артыкчылыктарына токтолуп кетээр элеңиздер?


Биз байкоочу кеңеш катарында 2011 жылдын 15 майда ишибизди баштаганбыз. Ар нерсе салыштыруу менен болгон сымал, биздин каттоо кызматында башка тармактарга караганда мыкты жетишкендиктер бар. Биздин байкоочу кеңеш ортодон жогорку деңгээлде иштеп атат десем болот. Мисалы бизде 15 адам мүчө болсок, алардын 7-8 активдүү. Ал эми алардын ичинен 3-4 абдан активдүү деп айта аламын. Калгандардын колу тийбейт же маани бербейт деп айтсак болот. Негизги артыкчылыгыбыз Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги бизди туура түшүнүп кызматташууга дайыма даяр экендигинде. Бул биздин негизги артыкчылыгыбыз деп эсептейм.


Бул мезгилге чейин Сиздер тарабынан жасалган негизги иш деп эмнени эсептейсиздер?


Азыркы күндө биздин эң маанилүү ишибиз, эл тарабынан коомдук байкоочу кеңешти түшүнүп, анын таасирин сезип, бизге бизге кайрыла баштагандыгында. Азыркы күндө биз каттоо кызматы менен элди бири-бирине байланыштырып, зарыл маалыматтар менен камсыз кылууда маанилүү ордубуз бар. Калктын таламын талашабыз.


Азыркы күндө коомдук байкоочу кеңештин ишин алдыга жылдыруу үчүн кандай иш аракеттерди чечкиндүү көрүш керек деп ойойсуз?


Биздин коомдук байкоочу кеңештин ишин жакшыртуу үчүн, командировкалык ж. б чыгымдарды мамлекет тарабынан же коомчулук тарабынан колдоого алынса. Себеп дегенде биздин да мүмкүнчүлүктөр чектелген жалаң гана бул иш менен жүрө албайбыз, ошондуктан иштин дагы майнаптуу болушу үчүн айрым финансалык колдоолор болсо болоор эле деген ойдомун.


Андан тышкары мамлекеттик кызматкерлер биздин байкоочу кеңештер алар менен чогуу иштешип, эл менен алакасынын чыңдалышына, иштеринин майнаптуулугунун артышына кызыкдар мекеме экендиктерин түшүнүшү зарыл.


Эгерде Сиздерге акча төлөнө баштаса анда сиздер кайра эле мамлекетке көз каранды болуп мамлекеттик кызматкерлерге айланып калбайсыздарбы, анда коомдук деген статус жокко чыккан болот да?


Биз бул жерде мамлекеттик каттоо кызматынан акча бөлүп берсин деген жокпуз. Биз элдин салыгынан түшкөн акчасынан коомдук байкоочу кеңештердин ишин жакшыртуу максатында каражат каралса деген пикирдебиз. Деги эле каражат булагын ар кандай


Коомдук кеңештин келечегин кандай элестетип атасыз, анын коомдогу орду кандай болот деген ойдосуз?


Бул жерде биздин мамлекеттик башчылардын аракетине байланышкан. Алар коомдо чыныгы демократиялык процесстердин мындан дагы өнүгүүсүн кааласа анда барган сайын коомдук байкоочу кеңеш сыяктуу коомдүн өкүлдөрүнүн көзөмөлдүк функциясы дагы да артуусу зарыл. Ал эми алар муну каалашпаса, анда өлкөдө коррупциялык иштерди жоюу өтө татаал болуп саналат. Мисалы азыркы күндө алар министрликтердин алдындагы ишеним телефону сыяктуу нерселерге кайрылбастан, силер коомдук экенсиңер силерге келдик деп кайрылган учурлар бар. Бул да болсо коом тарабынан байкоочу кеңештерге болгон ишенимдин артып аткандыгын белгиси.


Мындан аркы иштериңиздерге албан ийгиликтерди каалайбыз

 


Акыркы жаңылыктар

24.06.2019

Жайлоо өнүгүү борборлорунун күндөлүгү: Кечээ кол өнөрчүлүк күнү болсо, бүгүн сүрөт сабагы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында быйыл 2019-жылы 100дөн ашык ЖӨБ ачылууда. Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу, Казыбек айылындагы Арпа жайлоосуна “Жеткинчек” ЖӨБ 1-июньда кар жаагандыгына карабастан, көчүп барышып, жайланышып, ишин башташты. Жетекчиси Гүлайым Молдакунова буларга токтолду: 25ден ашык бала тарбияланууда, кар жааганда балдар келбей калды, анткени боз ...
17.06.2019

Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук ...
13.06.2019

Роза Отунбаева: Мурдагы президенттер менен премьер-министрлер статуя болуп калууга тийиш эмес

Алматыда Казакстанда жана Борбордук Азияда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча кырдаалды талкуулашты   Шейшембиде, 11-июнда, Алматыда «Өнүгүү тарыхтары: ичтен көз караш» деген онунчу эл аралык конференция старт алды. Конференцияны уюштуруучу – жарандык коомду өнүктүрүүнүн «АРГО» ассоциациясы. Анын аткаруучу директору Джамиля Асанова конференциянын максаты – өткөндөгү жана келечектеги муундардын ортосундагы диалогду түзүү деп белгиледи. ...
13.06.2019

Мектеп-интернатка компьютерлер жана китеп баштыктар белекке берилди

Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белекке берилди. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу ...
12.06.2019

Г.Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан «Хуася» көргөзмөдөн сатылган сүрөттөрдөн түшкөн акча-каражаттары Жайлоо өнүгүү борборлоруна берилет

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Хуася салттуу искусствонун каллиграфия жана живописи” аттуу көргөзмө Чжунюань маданий баарлашуу борбору, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту, Кытай Каллиграфиясы Борборазиялык Ассоциациясы жана “Хенань Аяншоу” ЖЧК тарабынан уюштурулуп, расмий түрдө 11-июнда ачылды. Ачылыш аземине “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
11.06.2019

Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана методдору боюнча Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары үчүн семинар

Бишкекте 30-майда ЮНФПА/ЮНИСЕФ/БУУ УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилеринин катышуусу менен Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана ...
11.06.2019

Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт

USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт. Катышуучулар өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул иш-чарага мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон 40 коомдук-активдүү жарандар катышат.   Лагерлер Эл ...
10.06.2019

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»

Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» Бишкек, 8.06.2019 Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Мен, дейт Президент Си, айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат. ...
09.06.2019

«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү

2019-жылдын 8-юнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилинде жарык көргөн «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү. Кытай лидеринин китебине арналган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ККП ...
06.06.2019

«STEMдеги айымдар-Кыргызстандын келечеги» Форуму болурп өттү

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинде “STEMдеги аялдар –Кыргызстандын келечеги” аталышындагы Форум болуп өттү. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган “STEMде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигине караштуу Демократиялык комиссия тарабынан ...
05.06.2019

SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.   STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»