Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

06.02.2017

Роза Отунбаева БУУ жыйынына катышууда

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун социалдык өнүгүү боюнча талкуусуна катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан кабарлашты.   1-10-февралда Нью-Йорк шаарында БУУнун Социалдык өнүгүү комиссиясынын 55-сессиясы өтүп жатат. Анда жакырчылыкты жоюуда тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу маселелери талкууланууда.   БУУнун дүйнөдө туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча 2013-жылга чейинки ...
19.12.2016

Р.И.Отунбаева Саньеде (Хайнань, Кытай) ар жылдагы Форумда сөз сүйлөдү

2016-жылдын 9-11-декабрында Кыргызстандын экс-Президенти Р.И. Отунбаева Саньеде (Хайнань, Кытай) «Азыркы учурдагы экономикалык кырдаалдын өңүтүндөгү инклюзивдик өсүш» деген аталыштагы ар жылдагы Форумдун ишине катышты жана аялдардын алдында турган дүйнөлүк көйгөйлөрдүн темасы боюнча сөз сүйлөдү.   Форум демейде дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан алда канча белгилүү экономисттерди, финансисттерди, политологдорду жана саясатчыларды чогултат. ...
08.12.2016

ЮНИСЕФтин 70 жылдыгы БУУнун Үйүндө

6-декабрда БУУнун Үйүндө (Бишкек) дүйнөлүк уюмду түзүүнүн 70 жылдык мааракесине байланышкан иш-чаралардын сериясы старт алды. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ишине, балдардын көйгөйлөрүнө жана көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна арналган жолугушууга КРде аккредитацияланган элчилер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду.   Экс-Президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ПРООНдун офисинин башчысы А.Аванесов ...
06.12.2016

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атндагы тынчтык жана туруктуу билим үчүн билим берүү боюнча институтунун Жетектөөчү Кеңешинин жылдык чогулушунун ишине катышты

2016-жылдын 2-3-декабрында Дели шаарында (Индия) КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атндагы тынчтык жана туруктуу билим үчүн билим берүү боюнча институтунун Жетектөөчү Кеңешинин жылдык чогулушунун ишине катышты.   Институт туруктуу өнүгүүнүн, атап айтканда, сапаттуу билим алуу үчүн жаңы педагогикалык өбөлгөлөрдү жана методологияларды түзүүдө туруктуу өнүгүүнүн 17 глобалдык максаттардын ичинен бирине жетишүүдө БУУга мүчө ...
15.11.2016

Талас: Отунбаева студенттерди англис тилин билүүгө чакырды

Мурдагы президент Роза Отунбаева Талас облусунда студенттер менен англис тилинде жолугушуу өткөрүүдө. Иш-чара Талас мамлекеттик университетинде уюштурулуп, ага биринчи жана экинчи курстун студенттери катышууда.   Экс-президент балдарды чет тилдерде билим алууга, Ата Мекенди сүйүүгө чакырды. Отунбаева аймактарга англис тилин жайылтпаса, анын кедергиси туризмди өнүктүрүүгө тиерин белгиледи.Азаттык
14.11.2016

КР Экс-президенти Р.Отунбаева Талас облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Экс-президенти жана Эл аралык “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева 2016-жылдын 14-15 - ноябрында Талас облусунда болуп, бир канча иш чараларга катышууда. Бүгүн, 14-ноябрь күнү Р.Отунбаева Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору катары аталган университеттин жамааты жана студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө 25 жыл. Эгемендүүлүктүн тарыхы жана келечеги”темасында өзүнүн ...
01.11.2016

Кыргыз Республикасынын Экс-президентинин Нарын облусундагы иш сапары

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева 2016-жылдын 30-31-октябрында Нарын облусунда иш сапар менен болду. Анын жүршүндө Р.Отунбаева Нарын шаарындагы Ага хан фонду тарабынан курулуп, жаӊы ачылып иштеп жаткан Борбор Азиядагы университетке келип,окуу жайдын имараты менен таанышты. Андан соӊ аталган окуу жайдын студенттери жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арнап ...
19.10.2016

Бишкекте живопистин жана графиканын «ТАНДАЛМАЛАР...» көргөзмөсү ачылды

Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде автор Наталья Копеловичтин живопистин жана графиканын «ТАНДАЛМАЛАР...» көргөзмөсү ачылды. Иш-чарага КР экс-Президенти Роза Отунбаева барды, ал сүрөтчүнүн чыгармачылыгын аздектээрин жана аны мансабынын эң башталышынан тартып колдоорун айтты.   «Мен Наталья Копеловичти абдан жактырам, биздин көркөм өнөрүбүздө бул өтө байкаларлык кубулуш, бирок анын карапайымдыгы анын көркөм өнөрүн дайыма кеңири ...
15.10.2016

Кыргызстандын Экс-Президент Р.И.Отунбаева Эл аралык кризистик топтун жылдык чогулушунун ишине катышып жатат

Кыргызстандын Экс-Президенти Р.И.Отунбаева өзү көзөмөлчү Кеңешинин мүчөсү болуп саналган Эл аралык кризистик топтун* жылдык чогулушунун ишине катышып жатат. Ушул дем алыш күндөрү Лондондо өтүп жаткан жыйналыштарда азыркы дүйнөнүн эң курч көйгөйлөрү жана кризистери талкууланууда.   Штаб-квартирасы Брюсселде болгон *Эл аралык кризистик топ (ЭКТ) – бул беш континентеги 80ге жакын кызматкерлерди бириктирген көзкарандысыз, коммерциялык эмес, көп улуттуу ...
11.10.2016

КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Эмен паркындагы иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Р.И.Отунбаева 2016-жылдын 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын Эмен паркында жайгашкан Ачык асман алдындагы музейде болуп өткөн жаӊы скульптуралардын ачылуу иш-чарасына катышты. Бул жаӊы 14 скульптура Маданият, тарых жана тил жылына карата Улуттук Сүрөт Академиясы уюштурган эки айга созулган республикалык симпозиумдун алкагында аталган окуу жайдын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган. Алар кыргыз ...
11.10.2016

Кыргызстан кыздарын куттуктаймын!

Р.И.Отунбаева Кыргыз Республикасынын Экс-президенти:   Кыргызстандын кыздарын бүгүнкү Эл аралык кыздар күнү майрамы менен куттуктайм. Кыздар – коомдун күзгүсү. Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз. Бүгүнкү учур кыздар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»