Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

11.02.2014

Роза Отунбаева Жалал-Абад университетине, ошондой эле Сузак районундагы балдар бакчаларына барды

10-февралдан тартып, Кыргызстандын экс-президенти Жалал-Абад облусунда визит менен жүрөт. Сапардын учурунда ал жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү менен бирге балдар жана студенттер үчүн бир катар окуу жайларына барды, - деп билдирди бул жөнүндө Tushtuk маалымат агенттигинин региондук кабарчысы.   Сапарга Отунбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу катары катышып жатат, аны билим берүү жана илим министринин орун басары ...
10.02.2014

Экс-президент Р.Отунбаева Жалал-Абаддагы жана Сузактагы жамааттык балдар бакчалары менен таанышты

Экс-президент Роза Отунбаева 10-февралда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы жамааттык балдар бакчаларынын иши менен таанышты.   Р.Отунбаева менен бирге балдар бакчаларына эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү барды. Экс-президентти Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматов, Сузак районунун акими Н.Мирзахмедов жана Жалал-Абаддын мэри М.Арапбаев коштоп жүрдү.   Р.Отунбаева башында турган ...
10.02.2014

Роза Отунбаева ЖАМУнун студенттеринин алдында сөз сүйлөдү

Бүгүн, 10-февралда, Кыргызстандын экс-президенти Жалал-Абад мамлекеттик университетине барды жана Кыргызстандын өнүгүшүнүн экономикалык өңүттөрү боюнча лекция окуду, бул жөнүндө Tushtuk маалымат агенттигинин региондук кабарчысы билдирет.   Экономикалык кырдаал жана өнүгүү жолдору жөнүндө айтуу менен, Роза Отунбаева Япония жана Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирди. Кыргызстандыктардын турмуш деңгээлинин төмөн экенин түшүндүрүп, калктын киши ...
07.02.2014

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарына иш сапары

Бул иш сапардын алкагында Мектепте тамактанууну жакшыртуу жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын санын арттыруу максатында жайлоо бала-бакчалары тууралуу жолугушуулар Жалал-Абад, Баткен жана Ош областарында ишке ашат. Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон районундорундагы бир катар бала бакчалардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып, тарбиячылар ата-энелер менен жолугушуп, алардын маселелери талкууга алынат. Ошондой эле жолугушуулар Баткен ...
04.02.2014

Диний уюмдар оорулуу адамдарга ооруну көтөрө билүүгө жардам бере алаар эле, деп эсептейт Р.Отунбаева

Дин жана диний уюмдар оорулуу адамдарга ооруну көтөрө билүүгө жардам бере алаар эле. Бул жөнүндө бүгүнкү Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган форумда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди.   Анын айтымына караганда, Кыргызстанда, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, паллиативдик жардамды өнүктүрүү зарыл. «Албетте, саламаттыкты сактоо системасынын зор күч-аракеттери талап кылынат жана өнүккөн өлкөлөр гана паллиативдик дарылоого ...
03.02.2014

Ракка каршы күрөшүүгө бүткүл коом түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз, – Р.Отунбаева

Биз рактан өкмөттүн, врачтардын, тууган-туушкандардын күчү менен арыла албайбыз, бул илдетке каршы бүткүл коом түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз, – деп билдирди Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 4-февралда Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган форумда.   «Эң башкысы – бул агартуу, билим берүү иши. Биз адам өзүнүн ден соолугун өзү сактоого тийиш, ал превентивдүү чараларды көрүүгө тийиш деп айтуу менен көп нерселерди жасай алабыз. ...
02.02.2014

Экс-президент Р.Отунбаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору болуп калды

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (ЫМУ) Ардактуу профессору болуп калды. «ЫМУнун Ардактуу профессору» наамын Р.Отунбаевага Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарышты.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, «ЫМУнун Ардактуу ...
01.02.2014

Р.Отунбаева: Сапаттуу билим берүү аркылуу өнүгүүгө карай жолду табуу зарыл

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (ЫМУ) Ардактуу профессору болуп калды.   Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө билдиргендей, ардактуу профессордун наамы Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн тапшырылды.   «Биз бардыгыбыз биргелешип балдарыбыздын келечеги жөнүндө ойлонушубуз керек, сапаттуу билим берүү аркылуу өнүгүүгө карай жолду ...
23.01.2014

Р.Отунбаева: Бизге маанилүү темаларды «чукуп» жана көтөрө турган коомдук байкоочу кеңештер керек

Кыргызстанга жагынганды жакшы көргөн коомдук байкоочу кеңештердин кереги жок, ага маанилүү темаларды «чукуп» жана көтөрө турган кеңештер керек, деп билдирди Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 23-январда «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясында.   «Биздин жолугушуубуздун темасы – коомдук байкоочу кеңештердин 3 жылдагы ишинин жыйынтыктарын чыгаруу. Бул анча чоң эмес мөөнөт жана ...
23.01.2014

«Кыргызтелеком» ААКда Эсептөө палатасы терс нерселер топтолгонунун бетип ачты, башка ири ААКларда да ошондой эле көрүнүш, - экс-президент Р.Отунбаева

«Кыргызтелеком» ААКда Эсептөө палатасы анда болгондун бардыгын казып чыкты, ал жерде жалаң ыплас нерселер толтура болуп чыкты, ал эми башка ири ААКларды текшерсек, ал жактан да ушундай эле көрүнүштү көрөбүз», - деп билдирди КР экс-президенти Роза Отунбаева 23-январда «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясында.   «Бизде жаш мамлекетибизде көптөгөн кемчиликтер бар, андыктан коомдук байкоочу ...
19.01.2014

Р.Отунбаева: Ыктыярдуу коомдук кеңештердин тобу коррупцияга каршы күрөшүү үчүн маанилүү күчтөрдүн бири болуп калат

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын Коомдук байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн 2014-жылдын 23-24-январындагы «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясы үчүн доклады. 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан «Транспаренси Интернейшнл» рейтингинде коррупцияны аңдап-түшүнүү Индекси боюнча өз позицияларын дүйнөнүн 177 өлкөсүнүн ичинде 154-орундан 150-орунга чейин жакшыртты. Эмне үчүн ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»