Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

06.04.2015

Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусуна иш сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер

Жалал-Абад шаарынын Т.Тыныбеков атындагы филармониясында 3-апрелде экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен аялдардын региондук форуму өттү.   Жолугушуунун негизги тематикасы – Кыргызстандын өнүгүшүнө айымдардын салымы жана алардын азыркы коомдогу ролу. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын билимге жеткиликтүүлүгү, алардын жарандык коомдогу ролу, экономиканы өнүктүрүүгө салымы менен байланышкан маселелерди, ошондой эле балдар менен ...
05.04.2015

Экс-президент Р.Отунбаева: Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде жана табигый кен чыккан жерлерде иштей албайт?

Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде, Иштамберды жана Бозымчак кендеринде иштей албайт? Бул жөнүндө 3-апрелде Жалал-Абадда аялдардын региондук форумунда экс-президент Роза Отунбаева форумдун катышуучуларына кайрылуу менен айтты.   Роза Отунбаеванын айтымы боюнча, Жалал-Абад облусу – жаратылыш ресурстарына бай регион. «Бул өнөр жайлуу регион, ал жаратылыш ресурстарына жана энергия булактарына бай. Биздин айымдарды геологиялык чалгындоо, нефть-газ өнөр жайы менен ...
18.03.2015

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева Глобалдык Билим берүү форумуна катышты

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева Дубайда 15-16 мартта өткөн Глобалдык Билим берүү форумуна катышты. Бул эсеби боюнча үчүнчү Форум, ал 50 өлкөдөн 1000ден ашык делегатты: өкмөттүн, бизнестин өкүлдөрүн, илимпоздорду, мугалимдерди, социалдык ишкерлерди чогултту, алардын көңүлүнүн борборунда сапаттуу билим берүүнү жана бардыгынын иш менен камсыз болушун камсыздаган изилдөөлөр, моделдер жана өбөлгөлөр болду.   2015-жылдагы Форумдун өзгөчөлүгү планетанын мыкты ...
18.03.2015

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева ЮНИСЕФтин жана Мадрид клубунун биргелешкен конференциясында негизги доклад менен сөз сүйлөдү

16-17-мартта Р.И. Отунбаева Брюсселде ЮНИСЕФтин жана Мадрид клубунун биргелешкен конференциясында «Тынчтыкты орнотуудагы жаңы парадигмалар: балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу жана коомду бардыгы үчүн бирдиктүү, жалпы катары түшүнүү аркылуу туруктуу тынчтыкка жетишүү» деген негизги доклад менен сөз сүйлөдү. Жаңжалдар болуп өткөн коомдоштуктарда балдарды тынчтыкты сүйүү, зомбулук кылбоо, дүйнөгө ачыктык духунда тарбиялоо зарылчылыгы курч турат. ...
03.03.2015

Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунда Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү

   Кымбаттуу аялдар, курбулар! Урматтуу Аялдардын Улуттук Форумунун делегаттары жана меймандары! Урматтуу республикабыздын премьер-министри!         1925-жылдын 5-мартында Пишпекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун дыйкан, батрак аялдарынын Биринчи съезди чогулган. Ага 105 делегат аял, анын ичинде 85 кыргыз кыз-келиндери катышкан. 90 жыл мурда аялдарды абалы начар болгон. Адамдар көп учурда көчмөн жашоо ыңгайын өткөргөн. Кыздар эрте турмушка чыккан, аларды жөн ...
04.02.2015

Р. И. Отунбаеванын Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына сапары болуп өттү

КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И.Отунбаева менен ишсапарга азык-түлүк программасы боюнча БУУнун программасынын Өлкөлүк директору Рам Сараванамутту мырза, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түндүк жана түштүк региондору боюнча өкүлдөрү У. Раимкулов, Н. Абабакиров, Ш.Ходжаев, С.Айдаров, А. Арзанова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Т.Т. Мамырбаева, КР Социалдык өнүгүү ...
27.01.2015

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын Ош шаарына визити болду

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Ош шаарына жумушчу визити болуп өттү.   Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуулар өттү, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - балдардын денебой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мектеп окуучуларынын таза жана сарамжалдуу тамак-ашынын идеяларын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын тармагын өнүктүрүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү;   - 2015-жылдын ...
22.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады

Бүгүн КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады.   Иш сапардын жүрүшүндө көптөгөн жолугушуулар болду, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:   - сапаттуу мектеп тамак-ашын алга илгерилетүү;   - жамааттык балдар бакчаларынын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камтууну арттыруу;   - Кыргызстан ...
21.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Талас облусунун региондоруна жумушчу визити болуп өттү

Бул иш-чаранын максаты мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча долбоорду турмушка ашыруу менен таанышуу, Мектеп тамак-ашы улуттук программасынын концепциясы жөнүндө маалымдар болууну жакшыртуу болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле ата-энелер, мугалимдер, окуучулар менен жолугушуулар болуп өттү.   Иш сапар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана ...
15.01.2015

КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын региондорго – Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарына иш сапары болот

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте турмушка ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында 2015-жылдын 18-январынан тартып 5-февралына чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын региондорго – Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен ...
11.12.2014

КР Экс-Президенти Роза Отунбаева Борбордук Азиянын Аскага чыгуу боюнча чемпионатынын жабылышына барды

КР Экс-Президенти Роза Отунбаева Борбордук Азиянын Аскага чыгуу боюнча чемпионатынын жабылышына барды, ал 7-декабрда К2 спортклубунда болду. Бишкекте Борбордук Азиянын Аскага спорттук чыгуу боюнча чемпионаты аяктады. Биринчи жолу ага төрт өлкөнүн – Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын аскага чыгуучулары катышты. Чемпионаттын алкагында 120 спортсмен төмөнкүдөй үч курактык категорияда медаль үчүн күч сынашты: «улуулар» – булар 1998-жылга ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»