Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

10.11.2018

Зомбулук - коомдун вирусу

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.

 

"Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".

 

Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.

 

Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта иштеген адистер чогулуп, кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырды.

 

Изилдөөлөргө караганда, дүйнөдө ар үчүнчү аял өз жакындарынан запкы көрөт. Борбор Азия мамлекеттеринде зомбулукка каршы мыйзамдар кабыл алынганы менен маселе дагы эле актуалдуу бойдон калууда.

 

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнөн таяк жеп же зордук-зомбулуктун башка, экономикалык, психикалык түрлөрүнө кабыларын жарыялаган. Бирок укугу бузулган бардык эле кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла бербейт.

 

Мындай шартта коомдук пикирди түзүп, аны күчтөндүрүү, бириктирүү зарыл экенин экс-президент Роза Отунбаева белгилеп жатат.

 

Анын айтымында, бул багытта иш алып барган эксперттердин күчүн пайдалануу мезгил талабы. Мындан сырткары зомбулуктун себептери менен кесепетин терең изилдеп, анын натыйжасында чечүү жолдорун табуу зарыл.


​- Бул жалаң эле аялдардын иши эмес да. Коомдо болуп жаткан зомбулук - үйдөн башталат. Атасы энесин күн сайын уруп жатканын көрүп чоңойгон бала кийин өзү да ошону кайталап жатпайбы. Ушунун негизинде коомдо да зомбулук өсүп жатат. Башкача айтканда, бул вирус, жугуштуу оору сыяктуу. Биз ар бир үй-бүлөдөн башташыбыз керек деп жатам. Азыр Кыргызстандагы 50 окуу жайдын жок дегенде биринде гендердик кафедра болушу керек. Ал жакта изилдөөлөр жүргүзүлүп, санын көрсөтүп дегендей. Ушундай нерселерди жасабасак баары эле үстүртөн болуп калат. Ошондон анан мыйзам ченемдүүлүк келип чыгат.

 

Отунбаева үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепети оор болорун жана ири чыгымды алып келерин белгилеп жатат. Ошондой эле саясаттан ишке өтүп, бул көйгөйдү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алуу үчүн өкмөттө саясий эрк талап кылынат.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун төрт агенттиги уюштурган иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашына, жашаган жерине, билим деңгээлине, мүлкүнө же социалдык статусуна жана башка социалдык-демографиялык айырмачылыктарга карабастан адамдар зомбулукка кабылышы мүмкүн экенин белгиледи.

 

Анын айтымында, Жазык-процессуалдык мыйзамдарды реформалоонун натыйжасында 2019-жылдын 1-январынан тарта үй-бүлөлүк зомбулук административдик бузуудан кылмыштык укук бузууга которулат.

 

Ал эми Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит үй-бүлөдөгү зомбулук Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн, адам укуктары сакталган өлкөлөрдө да кездешет. Ошондуктан зомбулук менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек деп эсептейт:

 

​- Үй-бүлөлүк зомбулук бир гана Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө да орчундуу проблемалардын бири. Бул терроризм сыяктуу эле чоң көйгөй. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулукту кыскартуу үчүн ырааттуу, үзгүлтүксүз иш алып баруу зарыл. Мыйзамдарды кабыл алып коюу жетишсиз, аны ишке ашыруу керек. Британияда милициянын бергени отчетунда зомбулукка кабылган аялдар 10% түзөрү көрсөтүлгөн. Бул абдан көп көрсөткүч.

 

Эл аралык иш-чарада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясы да козголду. Бул окуяга бийлик башындагылар көңүл бурган менен ала качуу фактысы дале токтой элек. Ар кандай изилдөөлөрдө Кыргызстанда орто эсеп менен никенин 20% ала качуунун же кыздын каршылыгына карабастан куралары белгиленген.

 

Түркмөнстан Борбор Азияда жабык өлкөлөргө киргендиктен адам укуктарынын абалы көп айтыла бербейт. Бул өлкөдөн келген Аялдар бирикмесинин өкүлү Бахар Сардарова ала качуу бул өлкөдө кездешпей турганын айтып жатат. Анын белгилешинче, үй-бүлөдөгү чыр-чатакты сотко жеткирбей чечүүдө улуу муундун ролу чоң.

 

- Ала качуу бизде жок, андай болгон учурда абакка отурат. Кызды турмушка берүүдө ата-эне тарабынан эч кандай зордоо болбойт. Зомбулуктун башка түрлөрү да жок деп айтсак аша чапкандык болуп калат го. Бирок мыйзам жагынан биздин аялдар зомбулуктун бардык түрлөрүнөн корголгон. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле мындай учурлар көп коомчулукка чыга бербейт. Бирок бизде улуулардын таасири чоң. Ушундай учурларда сотко жеткирбей эле чечип коюшат.

 

Ал эми Тажикстанда ортомчулук кылуу, медиация практикасы жакшы колдонулуп келет. Тажикстандагы Юрист аялдардын коомдук бирикмеси лигасынын директору Хамида Каноабдын белгилешинче, өлкөдө кыздарды эрте турмушка берүү маселеси курч турат.

 

- 21-кылымда ала качып үйлөнүү бар экенин угуп биз аябай таң калып турабыз. Дагестан, Чеченстанда бар деп укканбыз, бирок азыркы заманда мындай көрүнүштүн болгону нонсенс. Кыздар да сүйүүгө, болочок жолдошун тандоого укугу бар адам. Биз буга жол бербешибиз керек. Бизде ушундай көрүнүш жок болгону менен эрте куракта турмушка берүү көрүнүшү бар. Ошол менен күрөшүп жатабыз. Бизде медиация жакшы иштейт. Ажырашуу, мүлкүн бөлүштүрүү жана башка көйгөйлөр менен 100 киши кайрылса кырк адамдын маселеси ушул жол менен чечилет. Мындан сырткары аялды, келген келинди күң катары караган, күйөөсүн эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөгө кызмат кылат деген көрүнүш дагы актуалдуу. Муну балдар кичине кезинде, үйдөн башташыбыз керек. Балдар апасын кандай жакшы көрөт. Кыздар да болочоктогу апалар экенин түшүндүрүшүбүз керек. Мен дагы үй-бүлөлүк зомбулук үчүн мыйзамды катаалдатууну колдойм, бизде да мыйзам бар, бирок ал алдын алуучу мүнөздө.

 

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт. Ар кандай сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айтышкан.

 

Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат дегенди билдирет. 7% аялдар кош бойлуу кезинде зомбулукка дуушар болушкан. Ал эми турмушка чыккандардын 12% 18 жашка чыга элек куракта никеге турган.

 

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Канымгүл Элкеева

"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.

Акыркы жаңылыктар

08.01.2019

«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» демилгесинин алкагында 12 машыктыруучу үчүн тренинг өттү

2018-жылдын декабрында 50+ курактагы адамдар үчүн санариптик технологияларды башкаруу жөндөмдөрүн калыптандыруу боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жаңы демилгеси старт алды.   Бул демилгенин максаты – «50+» категориясындагы адамдарды смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес операцияларды жүргүзүү жана ...
26.12.2018

КР ЖК депутаты К.Иманалиев балдарга китеп окуп берди

2018-жылдын 25-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Каныбек Иманалиев «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурган «Балдарга жаңы жылга белек- Акылдуу китеп» акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназия мектебинде балдарга китеп окуп берди. Эл өкүлү окуган «Ынтымак сыры» китебин аталган мектептин окуучулары өтө кунт ...
24.12.2018

ЖМК биз жөнүндө: Балдарды искусствого үндөгөн китептер

"Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун колдоосу менен балдарга арналган искусство жөнүндөгү китептердин сериясынын бет ачары өттү. Аларда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын даңазалуу өнөр адамдарынын өмүр баяны, ийгиликке карай жолу тууралуу баяндалат. Композитор Муратбек Бегалиевдин, казакстандык скрипка чебери Айман Мусаходжаеванын, опералык ырчы Исмаил Жалиловдун, сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин кантип өз максатына жеткени ...
19.12.2018

ЖМК биз жөнүндө: Искусство жөнүндө балдарга арналган китептер жарык көрдү

Искусство жөнүндөгү балдар китептеринин кезектеги сериясы жарык көрдү. Китептерди даярдап, чыгаруу идеясы Роза Отунбаеванын фондуна тиешелүү. Китептер “Заманбап искусство балдарга” долбоорунун алкагында басылып чыгарылды. Китептердин каармандары, авторлору Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда чогулуп, бет ачары өзгөчө форматта өттү.   Искусство жөнүндөгү балдарга арналган төрт китеп. Каармандары биздин белгилүү замандаштарыбыз, бири ...
18.12.2018

Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы болуп өттү

2018-жылдын 17-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын чоң залында искусство жөнүндөгү балдарга арналган «Муратбек жана анын музыкага чапкан жолу», «Биринчи скрипка», «Юристанбек неге юрист болбой калды эле…» жана «Исмаилдин керемет үнү» китептеринин бет ачаары чоң салтанат жана аншлаг менен өттү. Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук Фонду тарабынан уюштурулду. Бул төрт китептин каармандары ...
17.12.2018

Роза Отунбаева: Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө Кыргызстанды тааныйт

Дүйнө көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эскесалып жатат, ал 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Кыргыз Республикасынын Экс-президент Роза Отунбаева аны автор катары гана эмес, ошондой эле дипломат катары таанычу. «МИР» телеканалына эксклюзивдүү интервьюсунда ал Айтматов менен өзүнүн биринчи жолугушуусу жөнүндө жана жазуучу жеке ал үчүн жана бүткүл Кыргызстан үчүн ким болуп калгандыгы жөнүндө айтып берди.
17.12.2018

50 жаштан ашкан жарандарды санариптик мобилдүү технологияларды колдонуу жөндөмдөрүнө окутушат

Азыркы коомдун жашоосун технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес, бардык процесстер санариптик жана компьютердик технологиялардын коштоосунда өтөт. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын тез өнүгүшү маалыматтык глобалдаштыруу процессин тездетет жана убакыт менен үзөңгүлөш жүрүү үчүн адамдардан өзгөчө жөндөмдөрдү талап кылат. Интернет маалымат алуу үчүн гана эмес, ошондой эле ар түрдүү ишкер операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн шайманга айланды. ...
16.12.2018

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Гуанчжоуда Imperial Springs эл аралык форумунун ишине катышты

2018-жылдагы Imperial Springs эл аралык форуму 10-декабрдан 11-декабрга чейин Гуанчжоуда өттү.   Мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн мурдагы кырк башчысы, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 80ден ашык эксперттер жана бизнестин лидерлери ар түрдүү маселелерди талкуулоо үчүн Империал Спрингсге чогулду. Быйылкы жылы Кытайдын реформаларынын жана ачыктыгынын 40 жылдыгы белгиленип жаткандыктан, форумдун темасы «Реформа, ачыктык жана өз ара пайдалуу кызматташтык» ...
15.12.2018

Кыргызстандына Экс-президенти Роза Отунбаева Пекинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кечеге катышты

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Рашид Алимов кыргыз жана совет жазуучусу Чыңгыз Айтматовду кылымдын кубулушу, доордун күзгүсү, цивилизациялардын жана маданияттардын кеңири диалогунун жарчысы деп атады. Бул жөнүндө ал Пекинде прозаиктин туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кечеде айтты, деп билдирет ТАСС.   «Жаш советтик журналист жана жазуучу Чыңгыз Айтматов күтүүсүздөн кылымдын кубулушуна тез өсүп ...
15.12.2018

Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы

Пресс-релиз Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы Датасы: 17 декабрь, 2018 -жыл Убактысы: 12.00-13.30 Өтө турган жери: Улуттук Филармониянын Чоң залы 2018-жылдын 17-декабарында саат 12.00 Кыргыз Улуттук Филармониясынын Чоӊ залында Искусство жөнүндөгү балдар китептеринин сериясынын презентациясы болот. Бул төрт китептин каармандары биздин белгилүү замандаштарыбыз_КР Эл артисти, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ...
14.12.2018

Балдар үчүн композитордун, опералык аткаруучунун, сүрөтчүнүн жана скрипачканын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө китептер чыгарылды

Бишкекте балдар үчүн көркөм өнөр жөнүндө 4 китеп чыгарылды. Бул жөнүндө 13-декабрда АКИpress’теги пресс-конференцияда авторлор билдирди.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын китептерди басып чыгаруу боюнча координатору Кенжекан Усупованын айтымы боюнча, журнал тибиндеги китептер атайын балдар үчүн түзүлгөн.   «Муратбек жана анын музыкага карай жолу» деген биринчи китеп кыргыз композитору Муратбек Бегалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»