Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

24.05.2016

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду балдар үчүн 3 китеп басып чыгарды

Бул тууралуу бүгүн экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева журналисттерге өткөн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында өлкөбүздө балдарга арналган китептер жетишсиз. Ошондуктан фонд балдарга арнап 3 китеп чыгарып жатат.


“Балдар үчүн арналган китептердин алгачкысы КР Эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Тоо жаңырткан чагылган” китеби экинчи ирет басылып отурат. Китеп 1985-жылы чыгыптыр. Анда кыргыз жеринин кооздугу, жаратылышы жана балалыктын кызыкка толгон учуру жөнүндө жазылган балдар ырлары жана жомоктордон турган жыйнак. Китепте балдар үчүн арналган эң сонун ырлар камтылган экен. Аталган китеп эң эле оңой жана жеңил, жалпак тил менен жазылган. Бул кичинекей китеп болгону менен эч жерде жок, табылгыс китептердин бири. С.Жусуев залкар акындарыбыздын бири. Жакын арада бул китепти мектептерде дагы бет ачарын жасайбыз”,-деди Р.Отунбаева.


“Экинчи китеп болсо “Досторума конокто” деген аталыш менен чыгардык. Бул китеп фонддун 2014-2015-жылдары ишке ашырган “Музыка элдин жаны” музыкалык билим берүү долбоорунун уландысы болуп саналат. Долбоор көрүүчүлөргө кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын чагылдырган 12 концерттен турган серияны тартуулаган. Китептин өзгөчөлүгү Кыргызстанда жашаган 12 этносторду чагылдырып берип жатабыз. Анда алардын жүрүш турушу, кийим кечелери, балдар оюндары, ар бир улутка таандык өзгөчөлүктөр камтылган. Мындай китеп Кыргызстанда алгачкы жолу чыгып жатат. Бул дүйнө жүзүндөгү жаңы бир форма деп айтсам жаңылышпайм”,-деди ал.


Ал эми үчүнчү китеп жакында басылып чыкканы турат. Ал “Манас сүрөттөрдө” деп аталды. Аталган китеп өзүнүн мазмуну жана жасалгалышы боюнча уникалдуу мүнөзгө ээ. Китеп орус тилинде болгондуктан, ал ар түрдүү курактагы окурмандардын кеңири катмарынын таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.


“Манастын” сүрөттөр түрүндө басылып чыгышы – бул дүйнөлүк тренд. Анткени, анда тексти аз болуп, көбүнчө сүрөттөр менен коштолуп жеткиликтүү форматта экендиги менен баалуу”,-деп кошумчалады Р.Отунбаева.

Бишкек, 24-май /Минара Ибраева-Кабар/. 

Акыркы жаңылыктар

13.11.2019

«Үчтөн кийин кеч»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелерге арналган наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтык салым кошууга арналган социалдык тармактарда «Үчтөн кийин кеч» баракчалары ачылды. Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта өстүрүү, ата-эненин коомдогу орду жана озуйпасы, ...
06.11.2019

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү

Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук ...
04.11.2019

«МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» педагогикалык өнөрканасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөрүлгөн 7-Билим фестивалынын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат, фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 25 миңден ашык адам барган. 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын ...
03.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло ...
02.11.2019

Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.   Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ...
02.11.2019

Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди   Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын ...
31.10.2019

КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.   Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен ...
22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»