Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт
Экс-президент Роза Отунбаева «Jashtyk: Жаңы идеялардын аймагы» эл аралык лагерь форумунун катышуучулары менен жолугушту
Экс-президент Роза Отунбаева «Jashtyk: Жаңы идеялардын аймагы» эл аралык лагерь форумунун катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын бардык региондорунан, ошондой эле Казакстандан жана Өзбекстандан келген 200 улан-кыз катышты.
Дискуссиялык аянтчада экс-президент жаштар менен гендердик теңчилик маселелерин талкуулады, ошондой эле азыркы дүйнөдөгү жаштар үчүн зарыл жөндөмдөр жөнүндө айтып берди.
Улан-кыздар диалогго жигердүү катышты жана өз суроолорун берди.
Мадина Магомедова, 15 жашта, Беловодск айылындагы №1 Ак-Суу орто мектеби: «Роза Исаковна жаштар менен биздин тилде сүйлөшүүгө умтулгандыгы менен таңдандырды. Мен гендердик теңчилик жагынан анын көз караштарына кошулам, аны менен маектешкенден кийин, мен жыныстардын теңчилиги коом үчүн өтө маанилүү экенине дагы бир жолу ынандым.
Биздин динибиз менен менталитетибиз мындай калыптанган: эркектер аялдарга басымдуулук кылат, бирок ал бизге бардыгын айкын жана түшүнүктүү кылып айтып берди, менчимче, жаштар мындан сабак алат жана турмушка башкача көз караш менен карап калат. Бизде гендердик теңсиздик андан ары өөрчүбөйт деп үмүттөнөм.
Ушундай маселелер жагынан иш жүргүзүп жана жаштар менен иштеп жаткан лидерлер болгону эң сонун».
Мындан тышкары, региондордон келген форумдун катышуучулары борбордо гана эмес, ошондой эле шаарларда гендердик теңчиликти алга илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ош шаарынан келген катышуучу Роза Исаковнадан айылдарда бейпил жагдайга кантип жетишүүгө боло тургандыгы жөнүндө кеңеш сурады.
Жаштыкчылар экс-президент мейманда болгонуна өтө ыраазы болушту жана аны менен маектешкенден кийин шыктанып калышты. Форумдун салты боюнча, ар бир спикердин сессиясы жалпы сүрөткө түшүү жана катышуучулардын меймандар менен селфиси менен аяктайт.
«Jashtyk: Жаңы идеялардын аймагы» – бул жаңы аянтча, ал жаштардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган. Форумда улан-кыздар өлкөнүн өнүгүшүнө өз көз карашын айтып берет.
Палатка тибиндеги лагерь форум минималдуу комфорт шартында өткөрүлөт. Мындай шарттар катышуучуларды өзүң жана өз чөйрөң үчүн жоопкерчилик сезимин өөрчүтүүгө мүмкүндүк берет, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө улан-кыздарды тартууга жардам берет.
Форум Чүй областынын Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында өтүп жатат.
Акыркы жаңылыктар
Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Прямая ссылка:
- Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү
STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү
«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү
Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Прямая ссылка:
- КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости